Айылдын беделдүү кишилеринин бири илгери Осмон бий деген жашаптыр.Көп сүйлөбөгөн, бирок кылган иши,жасаган мамилеси менен элдин арасында кадыр күткөн экен.Ар айылдын элге сөзү өткөн,акылы жеткиликтүү, сүйлөгөн сөзү орундуу,ою бийик адамдарын касиеттүү кыргыз эли угуп келишкен эмеспи.Осмон бий да ошондой кадырлуу айылдагы төбөсү көрүнгөн инсаны экен. Кыргыз илгертеден бери эле аш-тойлордо баштары биригип,туугандыгы билинип ,санжыра айтышып, сөз казынасын ачып,кулак куржунун толтурушкан, ал эми белдүү күчтүүлөрү ат оюндарында маңдай-терин жазышып, шамал менен жарышып,зуулдашып -чуулдашып ,сүрөөн кыйкырык менен ат чабыштырып,улак тартышкан.Күлүктүн күлүктөрү ээлеринин атын чыгарып, мартабасын жогорулаткан. Ар аш-тойдо баш байгени эч кимге бербеген,Осмон бийдин карагер күлүгү элдин оозунда,калктын кулагында айтылып калды. Ар замандын уурусу болот эмеспи,ошол күлүктүн күлүгүнө карабай айылдын уурулары Осмон бийдин карагер күлүгүн уурдап ,Алтын-Казык тоосунун этегинде тегиз жерине алып барып союшуп,этке тоюшат.Ууруга баары бир эмеспи,кара курсак тойсо болду,калганы менен башын оорутуп отурбайт. Үчөө биригип уурулар бөлүп алышат да,тарап кетишет. Осмон бий күлүгүн жоготуп издеп,түрө кыдырат. Жигиттери акыры күлүктүн башын табышат. Жанынан артык көргөн күлүктү ичи ачышып,ооруп жатып калат.Буркурап ыйлап жатып каргайт экен:----Ичиң жарылып өлгүлө,ажалыңдан беш күн мурун мурун өл,ичиңди кара зил бассын, болгон күйүтү менен айтат . Кандай колуң барды аа,ушундай күлүккө кантип ушул ишти жасадыңар!"---деген экен.Көп өтпөй каргыш тийип үчөө тең каза тааптыр. Бири өрүктү көп жеп алып ичи жарылган,бири ичи өтүп,сары зил кусуп өлсө,үчүнчүсү жаткан боюнча ойгонбоптур.Мына сөздүн күчү адамды мүрт кетирип, тамырына доо кеткен. Мына ушундай окуялар айылда айтылып келген.
Назгуль Темирова
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3