Ал 1993-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында төрөлгөн.
Аны жакындан таанып, спорт менен чогуу машыгып жүргөн Жаныбек уулу Руслан Turmush басылмасынын кабарчысына Нурсултан тууралуу айтып берди.
«Нурсултан 7 жашынан, тактап айтканда 1-классынан тарта спорт менен машыга баштаган. Биздин Байтик айылыбызда Талант агайыбыз ачкан дзюдо залы бар. Экөөбүз ал жакка дайыма чогуу барып машыкчубуз. Нурсултан жаштар арасында Кыргызстандын чемпиону болуп, Казакстан, Россиядан байге алып келген. Венгрияда өткөн Дүйнө чемпиондугуна да катышкан. Азия чемпиондугуна 2 жолу барып, 5-орунду алып келген эле. Джиу-джитсу менен да машыкчу. Азия чемпионатынын призёру, спорттун чебери болгон. Дагы көптөгөн ийгиликтерге жетишкен эле.
Нурсултан Байтик айылындагы Акматбек Сүйүнбаев атындагы Орто-Алыш орто мектебинде билим алды. Кийин Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясын бүтүргөн. Жаракатына байланыштуу спорттон бир аз алыстап, милиция кызматкери болуп иштеп жүргөн эле. Акыркы маалда Сокулук райондук ички иштер бөлүмүндө ага милиционер болуп иштеп жүргөн, жумушун жакшы көрчү. Быйыл үйлөнөм деп айткан эле.
Адамдык сапаты да жакшы болчу. Ысык-Көлгө эс алууга 2 күн мурун кеткен. Акыркы жолу айылдан жолукканда Ысык-Көлгө кетип жатабыз деп көӊүлү куунак болчу. http://www.turmush.kg/news:349670
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1