Предыдущая публикация
Кучу кетет бир кун келип ал дагы.
Коркому кооз ошол тоонун гулдору.
Гуулуп тушот коро албайсын аны даагы.
Мейли жаздым карабагын, окубагын.
Канткен менен мен озуно конуп калдым.
Убакыттын отушундо унутаармын.
Эстен кеткиз кундорумду эске салдым.
Сага жазган эки сап ыр саптарым.
Окуп калсан,, суйоорумду,, эстеп алгын.
Сенден тапкан махабатты мен озум.
Журогумдун тупкуруно сактап калдым.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 103
Бир башкача бул кандай.
Тагасына жээн эмес
Класташы тургандай......
Кеткен өңдүү жүрөгүңдү жаралап.
Ал сүйүүнү убагында басып кал
Кетелекте акылыңды аралап.
Ашыктыктын баркын билбес бирөө болсо.
Жүрбөсүн дейм , бир өзүңдү табалап.
Конулумдун кирдегени кетсинчи.
Коонумдогу турган созду жазалбай
Коздорумдун карегине доо кетти.
Оорутпагын каректеги көзүңдү
Махабатты билбегенди сүйбөгүн
Андайларга кор кылбагын өзүңдү.
Бошосом келем тездикте.
Саламдашып келип турам үйүнө
Сайма менен кооздоп кетсек болобу
Үйүңүздү жибек жиптин туруно
Үйүңүздү толтуралы
Жайдын түркүн гүлүнө
Саламдашып отойунчу эжемсин.
Ал эле эмес кереметтин ээсисин.
Кереметке айландырам дегенин
Суйундургон болду мага белегин
Эптеп жазып туралы
Жакшы айтыш кураарбыз
Бир келгенде убагы
Калем алып ыр жазган
Жараткан бир келген
Белек болот бул дагы
Ашык мактап эженди
Кереметке тенедин
Ушул айткан сөздөрүн
Болду мага белегиң.
Анда өзүң улагын
Кезекти сага берейин.
Айтканыныз кеп эле.
Кооздукту бергенге.
Жете бербейт дух деле.
Эптебей эле жаздыныз.
Эсебимди таптыныз.
Эсендешип алдык биз
Эмне кептен баштайбыз.
Айдын нуру көрүнбөйт
Менден деле байкасам
Ардактуу ыр тогулбойт
Андыктан өзүң баштагын
Жакшы таңда теманы
Алдастба шашпагын
Ансыз да турат түнөрүп
Бүгүн менин асманым
Жакшы тема баштасаң
Нур чачып атаар ак таңым.
Озум аран ыр жазсам.
Онуго албай жатканда.
Оркундоп жаткан озунуз.
Озоктуу создон баштаныз.
Алдыга кадам таштаныз.
Насаат ырдан баштаныз.
Ойдого кадам таштаныз..
Орноктуу саптан баштаныз.
Озу аран жургон немен.
Очуруп эле таштаныз.
Жорголоп сөздү бурасың
Жомокту айтпа кайдагы
Жакшеле кепти курасың
Баштаса баштап берейин
Мага чылбыр бергениң
Бакытым деп сезейин
Кулунусун кай жердин
Куп төгүлүп. Айтып бер
Жакшы сөздүн каймагын.
Сүт үстүнөн калпып бер
Уктаганча ыр жазып
Түндө ай болуп жаркып бер.
Бүркүт болуп зоодогу
Койуу түндө шаңшып бер
Араң жүргөн бирөө болсо
Өчүрбөйүн өчпөсүн
Байкамаксан болуп койом
Алдыга өссүн көктөсүн
Мындан ары кайрып кийээр
Өтүгүнүн өкчөсүн
Деги койчу адам заттын
Нур жылдызы өчпөсүн....
Озгочо жер деп мактанам.
Жашаган жерим Казарман.
Уксаныз керек ал жактан.
Алтын казат тоо суунан.
Суулар агат зоосунан.
Суурлар чуркай тоосунан.
Коз уялат кооздуктан.
Болгону ошол эжеке.
Болбой калды кеп бизде.
Билгеним ошол эжеке
Тилим буулду бир кезде
Таппай калды эчтеке.
Таарынбаныз эжеке.
Тааныштырам бир кезде.
Тилин неге байланат
Байланбасын тилдерин
Иничегим жай канат
Мыкты акын экенин
Ырларынан байкалат
Же тоготпой жатасыңбы
Эжекеңди кайкалап....
Тигил жакта сүйүүнү айтып
Тилдеринен бал тамат
Жүрөгүңдө сүйүүң барбы
Жүз көрүшкөн ак тамак.....
Арсыз инин аран журсо.
Акын кантип боло алат.
Айла жоктон арданып.
Эки созду кошо алат.
Эрки болбой калганла.
Аны даагы кошо албай.
Артты коздой жол алат.
Тоготпой сизди калгыдай.
Торгой болуп алгыдай.
Тоодон тушту дейсизби.
Сезбей сизди калгыдай.
Сизге жооп жазгыдай.
Алы барбы дейсизби.
Суйуу ырын ырдадым.
Ал бир аазгана сырларым
Ал жактан деле кыйналып
Арандан зорго ырдадым