А. Атамбаевге.
(Табаа эмес тобоо...)
Элден уурдап өзуңө,
Төр салбагын дечу эле,
Терең кылып бирөөгө,
Көр казбагын дечу эле...
Жаш балдарын сабаган,
Жок кылмышты жамаган,
Куноосу жок адамды,
Кандай экен камаган?
Аэропортту башкарган,
Кампачы да сиздики.
Милийсаны башкарган,
Жансакчы да сиздики.
Акча менен чогулган,
Топтор дагы сиздики.
Сапарларды камаган,
Соттор дагы сиздики.
Бардык жокту сасыткан,
Боктор дагы сиздики.
«Матрёшка», «апостиль»,
«Гейттер» дагы сиздики.
Элдин башын айланткан,
«Фейктер» дагы сиздики.
Журналистти сыздаткан,
Арыз дагы сиздики.
Кыргыздарга илинген,
Карыз дагы сиздики.
Шоопуларды бийлеткен,
«Итчилик»да сиздики.
Жакшыбы же жаманбы,
«Чимкирик»да сиздики...
Байкуш болуп турсузбу?
Сиз кыргызга «туусузбу»?
Баары жаман сиз жакшы,
Ушунчалык куусузбу?
Маматкадыр.
23 июнь,2019ж.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 1