(Болгон окуя)
Бир бизнесмен алтымыш жашка чыгып,борбордогу чоң тойканалардын бирине той берип,бирок кыргызчылык кылып,адаттагыдай эле тойду убактысында баштабай,элдин баарын сыртта күттүрүп,өзү да сыртта эл менен учурашып,ал жай сурашып турат. Улам бир кудасы жол тандабас джип менен келе баштады. Алар менен деле сыпаа учурашып, бирөөнү күткөндөй. Бир топтон кийин шалдыраган "Москвич" менен жашы өтүп калган чал менен кемпир келип токтогондо баягы бизнесмен жүгүрүп барып,москвичтин эшигин ачып,ханды тозгондой тозуп-Болду эми тойду баштай берели,мен күткөн кудам келди-деп элди тойканага баштап кирди. Берки меймандар күжүндөшуп бул кайсы кудасы деп калышты. Жакын тааныштарынын бири-Бул кайсы кудан,эмне мынча күттүң бул куданды-деп суроо салганда,бизнесмен-Бул жалгыз кызымдын кайын атасы. Уулдарымдын кайындарынан да мен кызымдын кайын журтун ашыгыраак сыйлайм. Анткени берки кудаларымдын кыздары менин колумда,ал эми менин кызым бул кишинин колунда. Мен бул кишини күтпөй,тойду эрте баштап салсам эртең кызым үйүнө барганда кызыма сөз тийип калабы деп корком-деп жооп берди.
Кыз үйдүн коногу эмеспи. Колдон келсе кыз баланы сыйлап,кызга катуу айтпай,кызды үйгө келген сый конок сыяктуу мамиле кылсак.
#Канат Шабдалиев
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев