Кыргыздар бир атадан таркаганбы? Кыргыз санжырасы
Этнографияда бир улут эки жол менен пайда болот. Конструктивизм жана примордиализм. Конструктивизм ар түрдүү уурулардан, элдерден, расалардан конструкцияланып куралат. Примордиализм байыркы элдин түздөн-түз тукуму, бир атанын балдары, өңү, түсү, маданияты, тили өзгөргөнүнө карабай.
Биздин тарыхчылар “придордиализмди” карманышат. Ала-тоолук кыргыздар, эне-сайлык кыргыздардын түздөн түз тукуму дешип. Анан эле байыркы кыргызды Долон бийден таркатып салган. Долон аксакал 14-15 кылымдарга жашаган. Суроо жаралат. Калган эне-сайлык кыргыздар кайда калды? Барсбек кагандын, Иренек хандын тукумдары кайда жоголуп кеттиби? Же Долон аксакал ошо Алтайдан, Эне-Сайдан келип, ошол Барс бектин тукумубу? Же жанагы душмандын колунан бардык кыргыз, тукум курут болуп, Бугу-Эне багып алган бала ушул Долон бийби? Бул, бул болду. Илимдер академиясында тарыхтын нанын жеп отургандар жооп берер.
Эми атабыз деп жүргөн Долон аксакалга келсек. Анын үч уулу болуптур. Ак уул, Куу уул анан Кызыл уул. Ак уулу Оң канат, Куу уулу Сол канат, Кызыл уулу ичкиликтер. Долон бийден баш аягы болуп, Кыргызстандын ичинде, анан сыртында алты миллиондой кыргыз таркаптырбыз. Матиматикага таяна турган болсок, ата менен баланын ортосун отуз жылдан эсептегенде, Долон бий кыргыздардын Уландысы: http://fatiha.press/%d0%ba%d1%8b%d1%80%d0%b3%d1%8b%d0%b7%d0%b4%d0%b0%d1%80-%d0%b4%d0%be%d0%bb%d0%be%d0%bd-%d0%b1%d0%b8%d0%b9%d0%b4%d0%b5%d0%bd-%d1%82%d0%b0%d1%80%d0%ba%d0%b0%d0%b3%d0%b0%d0%bd%d0%b1%d1%8b-%d0%ba%d1%8b/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев