Бүгүн, 27-сентябрда, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту.
1996-жылы төрөлгөн Кубанычбек кызы Кымбат жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чонойгон. Бала кезинде апасы экоо Бишкекте жана Казахстанда жашашкан. 7 жашында апасы Сокулук айылындагы баласы жок уй-булоого асырап алганга таштап кеткен жана ал жерде 2011- жылга чейин тарбияланган. 2011-2023ж.ж. Казахстанда ар турдуу жумуштарда иштеп, чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Жолдошунун туберкулёз оорусунун жугуштуу туру менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен, августтун башында жолдошу каза болгон. Азыркы маалда Киев жана Уметалиев кочолорунун кесилишинде убактылуу жашап, каржылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө.
Өз кезегинде Камчыбек Ташиев маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылды, ошондой эле материалдык жардам көрсөттү.
Акыркы жаңылыктар, кызыктуу видеолор
Телеграм каналыбызда
Катталыңыз 👇 Бөлүшүңүз https://t.me/azamatlive
https://youtu.be/SXFv1tTKukw?si=Pj8I88XK79kJ5i9- Президент элди маркумдарга эстелик орнотууну токтотууга чакырды
...Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев