Кызык, 10 күндө канча коштум экен, билейинчи деп, "Точныйбы же алдайбы?" десем, "Тате,(эже дегени) тошный, граммына дейин тошна көрсөтөт" деди тынбай сүйлөп. "Давай, анда көрөлү" деп чыкканча 68,5кг ды көрсөттү. "Ооуу, 10 күндө +2кг, ужас го" деп кабагымы бүркөгөнчөле сүйлөнүп, тиги кызга маани деле бербей колуна 50теңге карматып жүрө бердим. Маанайым чөгө түшкөнүн байкадыбы же балалык баёо көңүлү түтпөдүбү, артыман бир аз жүргөндөн кийин "тате, тате токтосоңуз" деген үндү угуп бурулсам, жанагы кыз жүгүрүп келатыптыр.
- "Тате, чынымды айтсам, биздин тараза 1 же 2 кг кошуп коёт дайым, мен муну кантип оңдошту деле билбейм, анан, үйдө жөндөп берээр да адам жок, ошого тошный деп коё берем.. сизди да ошентип кошуп койду окшойт, муңая түштүңүз, биздин тараза бир аз кошот, кечириңизчи, чын айтам" деди безилдеп.
Ооо, жүрөгү таза периште! Тирилигиңди урайын дүнүйө ай! Ыйлагым келип, эзилип ийдим. Жүрөгүнүн аруулугунан айланып кетсем...
"Вести койчу, кошмоктон ашып кетсин, сенин жүрөгүң булганбасынчы, ушул бойдон сактачы"дегенди айталбай кучактап эки бетинен өөп, көзүмө жаш толо жүрө бердим...
Автор Баян Акпаралиевна
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев