Аземди №3 батальондун командири, милициянын полковниги Талантбек Кыдыралиев куттуктоо сөзү менен ачып, Кыргыз Республикасынын Гимндин коштоосунда Мамлекеттик Туу көтөрүлдү. Ошндой эле Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун тарыхы жөнүндө баяндама окулду.
2023-жылдын сентябрь айында Жогорку Кеңештин депутатттары Нурланбек Шакиев жана Улан Примов Кыргыз Республикасынын желегин өзгөртүү боюнча сунуш киргизип, мыйзам проектисин коомдук талкууга коюшкан.
2023-жылдын 28-ноябрында мыйзам проектисин колдоп, 29-ноябрда Жогорку Кеңеш биринчи окууда желектин нурларын учтуу жана түз кылып, түндүктөгү чамгарактардын санын үчтөн төрткө көбөйтүп (ар бир капталында) өзгөртүү идеясын колдогон.
2023-жылдын 22-декабрында президент Садыр Жапаров желекти өзгөртүү боюнча Жогорку Кеңеш тарабынан 20-декабрдагы «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик символдору жөнүндөгү» мыйзам өзгөртүүлөрүнө кол койгон.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев