УРМАТТУУ КАМЧЫБЕК КЫДЫРШАЕВИЧКЕ ЖАНА КООМЧУЛУККА КАЙРЫЛУУ!
Биз, КРнын Президентине караштуу Антикоррупциялык Кеңештин мүчөлөрү (АДС) жана жарандык коомдук уюмдардын мүчөлөрү Сиздерге кайрылуу жасап жаткан себебибиз төмөнкүдөй:
1) 2024-жылдын 6-июнунда «Вечерный Бишкек» газетасынын редакциясында АДСтин мүчөлөрү жана жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен “АДСтин ишине коомдук уюмдардын катышуусун кеңейтуу” темасында тегерек стол өткөрүлгөн;
2) тегерек столдун өткөрүүлүшү боюнча Пресс релиз берилген жана протоколу жазылган.
3) бирок, ошол тегерек столдун өткөрүүлүшү боюнча “Вечерний Бишкек” газетасынын сайтында жазылган маалыматтар туура эмес жана жалган маалыматтар берилип кеткендиги жөнүндө маалымат берип, кайрылып жатабыз.
Бул маалыматтарды берүү менен “Тилекмат Ата” фондунун төрагасы Тилек Усупов өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөп, Сиздерди жана коомчулукту адаштырып жатат. “Вечерний Бишкек” газетасынын сайтында көрсөтүлгөн резолюция (пунктары менен) кабыл алынган эмес! Биз, алар берген маалыматты фактыларды фальсификациялоо деп эсептейбиз жана тегерек столго башка катышкандар андай резолюция кабыл алынбаганын тастыктап бере алабыз.
Тегерек столго АДС мүчөлөрү жана АДС менен меморандум түзүп иштеп келе жаткан 32 (отуз эки) коомдук уюмдардын өкүлдөрү катышып, эки жарым жылдын аралыгындагы аткарылган иштердин жыйынтыгы боюнча маалымат берилип, пикир алмашуулар болуп, “Тилекмат Ата Фондунун” жана “АКОСтун” суроо, талаптарына жооп берилген.
Тегерек столдо катышуучулар көтөргөн көйгөйлөр, сунуштар Президенттин Жарлыгы менен бекитилген 2025-2030 жылдарга коррупцияга каршы Мамлекеттик стратегияда камтылганын түшүндүрүп, алдыда өлкөнүн эртеңкисине кайдыгер карабаган жарандык коомдук уюмдардын өкүлдөрүн мындан ары чогуу, бирге иш алып баруу боюнча сунушун киргизилип, көпчүлүк сунушту колдоду. АДС эшиги ар дайым өлкөгө салымын кошобуз деген жарандык уюмдар үчүн, Президенттин коррупцияга каршы саясатын кош колдоп кубаттайбыз деген жана өз ишин таза алып барган коомдук уюмдар үчүн ар дайым ачык жана чогуу биргеликте иш алып барууга ар дайым даяр экенин билдирилген.
Өлкөдө 23 минден ашык жарандык коом катталган, анын ичинен 35-40 жарандык коом коррупцияга каршы күрөшүүнүн чөйрөсүндө иш алып барат. Албетте, 35-40 жарандык уюмдардын бардыгын АДСтин курамына киргизгенге мүмкүнчүлүк болбогондуктан, АДСтин мүчөлөрү АДС менен меморандум түзүп иш алып барганга шарт түзүлгөндүгүн билдирилген.
Тегерек столдун катышуучулары берген сунуш кабыл алынып, сентябрь айында АДС кеңири аянтчада жарандык уюмдары менен кезигип, 2025-2030 жылдарга бекитилген коррупцияга каршы Мамлекеттик стратегияны аткаруу боюнча жарандык уюмдардын катышуусун камсыз кылуу боюнча чоң тегерек столду өткөрүүсүн маалымдалган жана протокол менен чечим кабыл алынган (протокол тиркелет).
Усупов Т. бул жалган аракеттери менен Тилекмат Акенин ыйык атын булгап жатат деп эсептейбиз. Бирок, бизге жеткен маалыматтар боюнча Т. Усупов жетектеген фонддун болгону эки эле мүчөсү бар экен.
Ошондой эле, Т.Усупов жаңы эле Ажобуз тарабынан кабыл алынган коррупцияга каршы Стратегияга “чиновниктер тарабынан ишке ашырылбайт, Стратегия ишке ашпайт” деп анын ишке ашырылуусуна шек келтирип жатат.
Белгилеп кетчү нерсе, Усупов Т. бүгүнкү күнгө чейин мамлекетке же коомчулукка кошкон оң салымын уккан да, көргөн да эмесбиз.
Урматтуу Садыр Нуркожоевич!
Урматтуу Камчыбек Кыдыршаевич!
Жогорудагы Усупов Т. тарабынан таркатылган жалган резоюция боюнча тийиштүү чара көрүлөт деп ишенебиз.
Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Антикоррупциялык Кеңештин мүчөлөрү жана жарандык коомдун лидерлери:
Шабданов Радик (“Народный надзор” коомунун төрагасы
Исаева Рапия (КНУнун доценти)
Даутов Ялкун (БГУнун проректору)
Койчуманова Чолпон (КМУнун профессору)
Ибрагимов Самат (“Мыйзам-тартип, талап” коомунун төрагасы
Сейталиев Айдар (“Башкы элдик көзөмөл” коомунун төрагасы)
Тойчубаев Самаган (Жемкорлукка каршы көмөк” коомунун төрагасы)
Мамбетов Мукаш “Түптүн айкөл инсандары” коомунун төрагасы
Иманалиев Сагынбек “Жети -Өгүз ынтымагы” коомунун төрагасы.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев