Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Акмат таң эрте туруп бүгүнкү жортулу ийшиликтүү чыгыш үчүн тиленип бата кылып койду.Адилеттүү ишке бараткансып жолу оңунан чыгышын тиленип кара кайра кудайына жалынып оозун күбүрөтүп жатты.Сатып алган кийимдерин кийип күзгүгө каранды эле сакалын көп күндөн бери албаганга сербейип кебетеси өзүнө да жакпай ичкиликтен бошобой ичип кеткен адамга окшоштурду өзүн.Койнуна баягы миздүү бычагын катып,Анвар айткан базардын түштүк тарабына жөнөдү.Бирок,эрте келип алганын билип чайканага барып чай ичип алууну туура көрдү.
Чайканага жакындаганда эле чайканачы кет деп кууду.Анткени,мындай бомждар менен арак ичкен ичкичтер келип ,,бир нан берип кой,бир чайнек чай берип кой",--деп жүд