Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Өгөй энем да каза болду, атамдын жапжалгыз калган караанына кейип боздоп бараттым
Өзүм кырк экиге чыгып эне болсом да, үйүмдү атамды сагынып келип кетем. Короодон кирсем атам таягы менен жер чийип отуруптур. Жаш балача сүйүнүп бизди көздөй сылтып жөнөсө көзүмө жаш тегеренет. Үйгө кирип чай койгону жүрөт. Отуруңуз деп өзүм тейлеп, чай ичип отурдук. Алып келгендеримди берсем көп деле көңүл бөлгөн жок, азыр атама биз керек элек. Улам бир небересин эркелетип отурат. Эмне берерин билбей, «алма бар алып чык» деп сүйүнөт.Биз үч кызбыз эркек бала жок, мен турмушка чыгып кеткени атам жалгыз. Апам төшөктө көпкө жатып каза болгон. Ал кезде мен болгону төрт жашта экенмин, көп эсимде калбаптыр. Үйдү бир