“БАК деген адегенде адамдын аягына илинет. Аны көтөрө албаган кыйшык кетип, жүрүшүнөн жаңылат. Эгер көтөрө алса, БАК өрдөп белге келет.
Белге жеткен БАКТы көтөрө албаган баласыз калат же өзүнөн тараган тукумуна кесири тиет. Көтөрө алса БАК өрдөп көөдөнгө келет.
Көөдөнгө келген БАКты көтөрө албагандын көөдөнүндө нан бышат. Өзгөдөн өзүн артык санап, “мен, мен” деп калат. Мындай адамдан БАК кетип калат.
Эгер көөдөнгө келген БАКты көтөрө алса, анда ал оозго келет. Андайда анын айтканын эл угат.
Оозундагыны уштагандын БАГы эми көзгө келет. Аны көтөрө албаса, көзүн чел басып, бар менен жокту, жакшы менен жаманды айрый албай турган жагдайга жетет.
Көздөгү БАКты көтөрө алса, БАК өрдөп башка орнойт. Бул – кетпес БАК. Башына БАК орногон адам – даана адам. Анткени аякка илинген БАКты жоготпой, башына жеткирүү – тек акылдуунун иши...” деген экен бир олуя Динмухаммед Ахметуулуна (Кунаевге).
(Казакчадан которулду).
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев