Эң белгилүүлөрү - аба, суу, күн. Бирок биогаз, жылуулук насостору дагы бар, алар бизге көнүмүш болгон ГЭСтердин альтернативдүү варианттары. Биз гидроэнергетикада потенциалыбыз көп деп эсептегенибиз менен, ал башка булактарда дагы бар.
⠀
☀️Алсак, күн. Бизде бийик тоолуу аймактарда күн радиациясынын деңгээли жогору – жылына 300 күн бою күн ачык болот. Азырынча, күн батареяларын орнотуу кымбат болгону менен, жыл сайын арзандап келе жатат. Мисалы, бир үйгө канча күн батареясы керек болот?
⠀
⚡Эсептөөлөр болжолдуу түрдө алынган, бирок Бишкекте 200 ВТга эсептелген күн батареясынын баасы болжол менен 17-17,5 миң сомдун тегерегинде экенинен кабар берет. Демек, баасы 425-437 миң сомдук 25 панель керектелет. Кошумча дагы аккумулятор (20 миң сомдун тегереги) керек, инвертор (10 миң сомдун тегереги) жана башка жабдуулар зарыл. Бардыгы биригип жарым миллион сомго жетет.
Албетте, бул баа жеке тараптар үчүн, эгер долбоорду бүтүндөй өлкөнүн деңгээлинде карай турган болсок, жабдуулардын баасы башкача болот, бирок кымбат болгону анык.
⠀
🌬Шамал түзүмдөрү менен дагы иштөө жөнөкөй эмес. Биринчиден, алар өтө катуу иштейт. Сиздин кошуналар каршы болоору белгилүү. Экинчиден, алар үчүн атайын желдеп турган аймактар керек, биздин өлкөдө алар анча көп эмес.
⠀
💲Анда эмне себептен батыш өлкөлөрү жалпылап шамал менен күнгө өтүүдө? Эң башкысы – электр энергиясына болгон баалар. Пайдасыз жана кирешесиз болсо, эчким күн батареяларын орнотмок эмес. Экинчи маанилүү учур – бул негизги булактын альтернативдүү жолу. Биз сиздер менен экинчиси тууралуу ойлонсок болот.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев