БОЛГУН.....
Жылдыз бол асманда жаркыраган,
Булак бол аскадан шаркыраган,
Роза бол гүлдөрдүн ханышасы.
Кетирбей буркурап жыты аңкыган.
******
Күн болгун бүт ааламды ыссыттырган,
Ай болгун караңгыны бузуп турган,
Булбул бол сайрап тургун кубулжутуп,
Ыр жандууну өзүнө кызыктырган.
*******
Жакшы бол жамандыкты айдап турган,
Жагымдуу сөздөрүңдү арнап турган,
Эң соонун жакшылыкты сенден тапсын
Жандүйнөгө жылуу,сезим байлап турган
********
Жамгыр бол жербетини көрккө бөлөп,
Жамгырдан пенде жеген буудай өнөт
Сиз дагы...,келечекте өнүп өсүп
Чоңойтуң уул кызды сиз бөпөлөп.
*******
Аска бол акмөңгүдөн калпак кийген,
Дарак бол ийилип мөмөсү жерге тийген,
Бай болгун.... байлыгыңдын чекесинен:
Мусаапыр кембагалга пайдасы тийген.
*********
Анарбек ..
18-март 2020.ж
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 37
Тан эрте булбул сымал сайрап турган!
Жагымдуу сөздөр менен арнап турган.
Эң керемет жакшылыкты сенден тапсын,
Жан дүйнөгө жылуу сезим байлап турган.
Чыгармачылыгыңызга береке агай. Эң сонун ыр саптар.
Жамгырдан пенде жеген буудай өнөт,
Сиз дагы келечекте өнүп өсүп,
Уул кызды өстүрүңүз сиз бөпөлөп..........
..Рахмаат Рахат бактылуу өмүр сүрүңүз...