Предыдущая публикация
Эки дүйнө өзүңсүң теңим деген
Бир жан менен махабат көчөсүндө,
Кезигиштим коңур күз кезинде мен
-
Түшүргөн соң торунан кетирбеген,
Бир ооруга кабылдым сезим деген.
Белгисиз бир ааламда учуп жүрөм,
Он сегизге толбогон кезимде мен
-
Кызыл килем төшөлүп көрүнбөгөн,
Сүйүү таптым сезими бөлүнбөгөн.
Акылымды жоготуп ашыктыктан,
Сүзүп жүрөм сүйүүнүн көлүндө мен.
-
Кирип алса акылга жеңилбеген
Жарым карыш жанынан кетирбеген
Ак сүйүүнүн оролуп кучагына,
Шарап ичпей мас жүрөм сезимге мен.
Ызакова...13.02
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 15