Турнир маркум коомдук саясий ишмер, Жогорку Кенештин 5-6 чакырылышынын депутаты Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналган. Мелдеште Казахстан, Озбекстандын жана Кыргызстандын баардык аймактарынан ар-кандай жаштагы шахматисттер ойношту.
«Беш күнгө уланган мелдеште 100дөн ашык шахматтистер катышып. Оюнда күчтүү ойунчулар медал, диплом жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты. Биздин уюштуруп жаткан эл аралык шахмат боюнча мелдештин башкы максаты, жаштарды шахмат өнөрүнө тартып, үндөп келечекте азиянын, дүйнөнүн чемпиондорун тарбиялап чыгуу. Аталган мелдеш Ысык-Көл облусунун шахмат федерациясынын мурунку президенти, маркум Улан Чолпонбаевдин элесине арналды», деп билдирди уюштуруучулардын бири, жана Каракол шаарындагы Чолпонбаев атындагы шахмат мектебинин жетекчиси Эрлан Сейталиев.
Кошумчалай кетсек мелдештин эн маанилүү бөлүгүнүн бири болуп Озбекстан мамлекетинен келген 3.4 ФИДЕ, "таза оюн" ФИДЕнин кенешчиси, эл аралык шахмат боюнча арбитр Турдалиев Хусан Турдалиевичтин катышуусу, жана калыстык милдеттин аткарганы болду.
Уюштуруучулардын айтуусунда, Улан Чолпонбаевдин жаркын элесине арналган мелдешти жыл сайын өткөрүү демилгеленүүдө.
Эсиниздерге салсак, мелдеш Улан Чолпонбаев атындагы коомдук фондунун, Табылга саясий партиясынын, жана Улан Чолпонбаев атындагы шахмат мектебинин демөөрчүлүгүнүн астында өттү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев