Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Айылда таң агарып атып баштаганда эле адамзат уйкудан ойгонуп,кыбырай баштайт эмеспи.Мен дагы эрте ойгонуп,уктап жаткан Айбекти ойготуп албайын деп аста секин сыртка чыктым.Чыгыш тарап кыпкызыл болуп мейкиндиги чексиз асманга нурларын чачып,аалам башкача түскө боёлуп турду .Эшиктин астындагы аккан узун сызык арыка бети колумду жууп алдым.Уйкум ачылып,таңкы таза абага көңүлүм эргип турду. Эми эле кар ээрип,жаз келе баштагандыктан, жердин бети ным эле.Суу себелебестен шыпырып кирдим.Эшиктин астын иретке келтирип коюп үйгө кирсем Айбек үшүгөндөй жуурканга оронуп,бүрүшүп жатыптыр.Беш алты күндөй от жагыш керек ,дубалдагы нымдар кургаса үйдүн ичи жыл