Тынчы жок сүйүнү тыңшап,
Кыйналдым жан дүйнөм ыйлап.
Ыйга дагы бир гүлүм болбосо
Жыгыламын ичтен сыздап .
Ай менин гүлүм болбой сен кеттиң,
Жалгыз калтырып бактыңа жеттиң.
Ыраазы болсоң сен ошого
Кайрылып мага келбегиң.
Жаным деген сөздөрүң,
Бактылуу жанган көздөрүң.
Экөөбүздү алдады бир сүйүү,
Алыс кеткен сага койдум күнөөнү.
Сөздөн талашып сүйчү элең,
Көздөн карашып күтчу элең.
Жүрөгүм жармашып сага кетти,
А менин жүрөгүм сага белек ,
Ал жүрөктү абайлоо керек .
Билинбей убакыт өтүп баратты,
Унуттум көз карашынды.
Жалгыздыкка эми көнгөндө ,
Алдымдан чыктың оюп жараны .
Жаным деген сөздөрүң,
Бактылуу жанган көздөрүң.
Экөөбүздү алдады бир сүйүү,
Алыс кеткен сага койдум күнөөнү.
Дагы деле табышмактын жобу жок,
Ойлонбой кеткен сенде күнөө жок .
Ойго батсам да күнүгө ,
Элесиңди көрөмүн көзүмдөн.
Асмандагы ай жоголсо ,
Борумда сүйүү болбосо .
Тарынбаймын мен тагдырга,
Сүйгөнүм бир жолу мени ойлосо .
Жаным деген сөздөрүң,
Бактылуу жанган көздөрүң.
Экөөбүздү алдады бир сүйүү,
Алыс кеткен сага койдум күнөөнү.
Жолу жоктой менин абалым,
Эми ал көчөлөр караңгы.
Жолукпаймын деп бергиң убада ,
Жоготтуп оюмдагы сананы.
Таарынбачы сен ал күндөргө,
Ал суйуунун жазасы .
Караңгы болуп көздөрүм,
Жарык берген шамды кармадым.
Ойлогондой болбоду күндөрүм,
Ойсуз ооруду жүрөгүм.
Жаным деген сөздөрүң,
Бактылуу жанган көздөрүң.
Экөөбүздү алдады бир сүйүү,
Алыс кеткен сага койдум күнөөнү.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев