Келиним сырдаш болсо,
Кейисем муңдаш болсо.
Алсырап турган кезде,
Алымды сурап койсо.
Көңүлдүн тырыктарын,
Кирпичтей кынап койсо.
Үмүтүм жанбайт беле,
Үзүктү улап койсо.
Айттырбай билип койсо,
Апа деп күлүп койсо.
Кайгымды тең бөлүшүп,
Кучактап сүйүп койсо.
Көп сүйлөп акыл айтсам,
Көңүлгө түйүп койсо.
Көбүрөөк ката болсо,
Көңүлдөн чийип койсо.
Кең пейил сылык болсо,
Кебимди угуп койсо.
Уулумдан ката кетсе,
Көкүтпөй тыйып койсо.
Жылуулап көңүлүмдү,
Жыртыгым тигип койсо.
Эненин эңсегенин,
Экөө тең билип койсо.
Балпайып жакшы карып,
Балдарга баркым болсо.
Оо кудай алып салчы,
Онтоткон дартым болсо.
Интернет булактарынан.
Пенденин оозундагы,Кудайдын кулагында...
Энелердин көз жашы эч качан төгулбөсун !!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев