Кичинемден бир үй-бүлөнүн тун уулу, чоң ата-апамдын эрке, кенже небереси, таята-таенемдин мээримине бөлөнүп чоңойдум..
Жараткан балага берген бакыттын бардыгына балкып чоңойдум..
Мектепте, жогорку окуу жайда эч нерседен кем болбой окудум, билим алдым..
Окууну аяктаган соң мамлекеттин бардык тармактарында (Акыйкатчы, УКМК, Өкмөттүн Аппараты, ТИМ, Жапонияда элчиликте, Айыл өкмөт башчысы, Президенттин Аппараты) тажырыйба топтодум..
Саясаттын эң чордонунда жүргөн атанын уулумун.. Саясий окуяларда жакындан аралашып, саясий күрөштөргө катыштым...
40 жыл мындай жашоону насип эткен Аллахка шүгүр.
Опол тоодой эмгеги үчүн атама, апама өмүр бою кызмат кылсам дагы актабасмын. Кайратыма кайрат, демиме дем, күчүмө күч кошкон ата, апа, үй-бүлөм бар болсун. Силерден алган демден, мээримден жагымдуу жагдай жок.
Өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк, ак батасын тынбай арнаган тууган-уругум менен ар-качан сыймыктанып келем. Силер бар бийикмин.
Кеңешин, кол кабышын аябаган, жыргалды, кыйынчылыкты бөлүшкөн досторум аман болгула.
Мамлекеттик кызматтардагы жол көрсөтүшкөн, билгенин аянышпай үйрөтүшкөн жетекчилерим, коллегаларыма урматым чексиз.
Жашоодо түрлүү жагдайлардан улам жакын адамдарга айланышкан ага-эжелерим, ини-карындаштарым бар болгула.
Сүйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад салалЛаху алейхи уа саламга 40 жашында Пайгамбардык милдет жүктөлгөн...
Мындан ары Жараткандын алдындагы милдеттериме, ата-эненин үмүтүнө, жакындарымдын ишенимине татыктуу жооп берүү милдеттенмени койдум..
Дагы канча өмүр калды Аллах билет... Өмүрүмдүн берекелүү жана пайдалуу болуусун тиледим..
Каалоо, тилектериңиздер сиздерге эселеп кайтсын...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 5