Тамагыңыз бышкан соң жалбыракты алып салганыңыз дурус. Себеби ашыкча кычкылдыкты бөлүп чыгарат. Жагымсыз жыттарды кетирет 🍂 Эгерде сизди оозуңуздан чыккан жагымсыз жыт же болбосо бүйлөлөрдүн сезгенүүсү ойлондуруп жатса, бир күндө бир канча жолу жалбыракты чайнаңыз. Эскерте кетчү нерсе, лавр жалбырагын чайнагандан кийинки бир саат аралыгында эч нерсе жегенге болбойт. 🍂 Бутуңуз бат тердеп, жагымсыз жыт чыгып турса, анда жарым литр сууга 20 даана жалбырак салып беш мүнөт кайнатасыз. Андан кийин дагарага куюп, жылуу температурага келгенде бутуңузду салып бир нече мүнөт отуруңуз. Бул ыкманы күнүгө бир жума кайталасаңыз, сизди кубантарлык натыйжа берет. Үйдү тазалайт 🍂 Эгерде үйүңүздө оорулуу адам жатса же жөн гана үйүңүздөгү вирустарды кетирип ашыкча бактериялардан арылгыңыз келсе, бир канча лавр жалбырагын жаңы кайнаган сууга 15 мүнөткө демдеп коюңуз. Даяр болгон сууну идиштерге куюп, үйүңүздүн ар кайсы бөлмөсүнө коюп чыгыңыз. Же болбосо бир даана лавр жалбырагын күйгүзүп коюп үйүңүздү тазалай аласыз. Балаңыздын тынч уктоосун камсыз кылат 🍂 Чүрпөңүз кечинде уктабай же эртең менен турууда кыйналып сиздин тынчыңызды алып жатабы? Анда лавр жалбырагынан балаңыз жатчу жаздыктын алдына коюп коюңуз. Бул балаңызды тынчтандырып, таттуу уктоосуна шарт түзөт. Тери ооруларын айыктырат 🍂 Эгерде сиз аллергия же анын өрчүп кеткен формалары дерматит же псориаз сыяктуу оорулар менен жабыр тартсаңыз, бул ыкмаларды сунуш кылабыз: 🍂 Аллергия учурунда беш даана лавр жалбырагын кайнап жаткан 250 грамм сууга салып 15 мүнөт кайнатасыз. Маңыз жылуу абалга келгенде кебездин жардамы менен кызарган жерлериңизди сүртүп, анын өз алдынча кургоосун күтүп туруңуз. . . .
#Лавровый_лист
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев