Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Башынын дүңгүрөп ооруганы басылбаганы менен бир уктап ойгонгонго Канымжан кыйла соолуга түшкөн эле. Маңдайындагы сөлөкөттүн ким экенин ажырата албаганы менен жүрөгү жамандыкты сезип, дивандын бурчуна тыгылды.
- Суранам, мага тийбеңиз. Урбаңыз мени. Мен силерден корком, эркектердин баарынан корком.
- Коркпо, мен эч нерсе кылбайм,- алдындагы алсыз келиндин бүжүрөп коркуп, урбаңыз деп ыйлап жибергенин көрүп алдастап кетти. Азыр эле эркектик жапайылыгы азгырып, арам ой менен кирген неме өз оюнан өзү жийиркенип турду. Кызындай болгон немеге көз артканы аз келгенсип, бүгүн дачада атайылап мас кылып алып калганын ойлоп, ушул дарамети, ушул акылы менен ушунчалык пастыкка барганын