Эргүү менен ырга кошуп жазамын
Аткарылар менин үмүт талабым
Кичинемден окуп жүргөм китебин
Ар бир сөзүн маани берип карадым
Саманчынын жолун алып карасак
Мактоо айтсак бул энеге жарашат
Жер энеге айтат эне арманын
Төрт адамдан бирдей айрылып
Бул дүйнөдө жалгыз калып калганын
Ак кемеде баланын арманы
Атасынан мээрим көрбөй калганы
Момун чалдай ак көнүл адамдар
Баланы жомок менен алдады
Асел менен Даниярдын сүйүүсү
Жалындап бири бирин сүйүшү
Көпкө чейин созулбады бул сүйүү
Арман коштоп ичке толду күйүтү
Бетме бете Ысмайылдын турмушу.
Аянычтуу тоо бетеп жүрүшү
Өлгөн кезде энесине бара албай
Жер кучактап ыйлап анын турушу
Чыгармасы орун алып жүрөктөн
Бүт өмүрү жазуу менен күн өткөн
Дүйнөгө атагы таралды
Кандай сонун чыгармалар жаралды
Эстен кетпей түбөлүккө сакталып.
Келе жатат улам улам такталып
Автор Абдиева Элзат
1.10.18
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев