Мугалимдер мектеп ремонтуна акча чогултат деп нааразы болушат. Бирок, өзү айтып тургандай эле балдары окуп жаткан классты оңдоп түзөө үчүн акча чогултулуп, каникулга чыкканына карабай окуучуларым бир аз болсо да жакшыраак каанада (класста) сабак окусун деп өзү мугалим экенине карабай, усталык милдетти аркалап, ден-соолугуна залал келтирип, краска жытына ууланганына кайыл болуп жатканын эске албай, эмне үчүн мугалим акча чогултат деп президентке, депутат, министрлерге нааразычылык билдирип видео кайрылуу чыгарышкан ата-энелер, кээ бир активисттер терең ойлонуп «Эмне үчүн башталгыч класстарда 40-45 бала окуп жатат? 40 окуучуну эки класска бөлгүлө. Эмне үчүн 40 баланы окутуп жаткан мугалимдерге эки класстын эмгек акысын бербейсиңер деп видео кайрылуу чыгарышпайт?
Ооба, мен билим берүү тармагынын өкүлү катары, мугалим катары баарын түшүнүп турам. Бирок, бала ыйлабаса эмчек кайда? Демекчи ата-энелерди массалык түрдө бир класста 30дан ашык окуучу окуп жаткан класстарды экиге бөлүү, ал эми класстар жетишпейт деген шылтоого ошол мектеп аянтына жаңы окуу корпустарын курууну байма-бай талап кылып, тийиштүү үлкөндөрдүн тынчын алып, шаштыларын кетирип видео кайрылууларын чыгарып, талап кылууга мезгил келип жетти деп ойлойм.
Ошондой эле мугалимдер да бир класста 30дан ашык окуучучуларга берип жаткан билим, тарбиясы үчүн эки класстын эмгек акысын талап кылышып, профсоюздарын чукуп шаштыларын алышса туура болот деп ойлойм.
Ооба, мен баарын түшүнүп турам. Бул пикирим кээ бир үлкөндөргө жакпайт. Бирок, өнүгүү үчүн, окуучуларыбыздын жеткиликтүү билим алуулары үчүн мына ушундай кадамдарга баруу мезгил талабы болуп турат.
Мен жөн гана өз тармагымдагы көйгөйлөргө көңүл кош карап, жөн гана көйгөйлөрдү талкуулап коё албайм, ошол көйгөйлөрдү чечүү жолдорун да ойлонуп көрүүнү жакшы көрөм.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев