Көтөрмөлөп бирибизди - бирибиз.
Кайдан келсең, ошол жака жоголчу.
Кара казан, "эт" сагынды кризис.
Акча тыгыз, артпай калды жегенден.
Байкем угат, күндө жеме жеңемден.
Ал жок, бул жок, тетиги жок баары жок.
Жеңем дагы, чарчабады дегенден.
Светчилер, желмогуздай көрүнөт.
Акча бер дейт, бералбасаң өчүрөт.
Токко кошо, вайфай өчсө өлөм гоо.
Бир деме деп, койсоңчу ээй өкүмөт.
Акча жокто, заман көйгөй үйдүрдү.
Кедейликтин, түйүнчөгүн түйдүрдү.
Белек тургай, курсак араң тойгондо.
Бир жагыган, той кылгандар күйдүрдү.
Кризисиң ушунчалык майдабы.
Кыргыздарды Россияга айдады.
Оо шайлоодо, оозу - мурдун көптүрүп.
Антем - минтем, тигинтемдер кайда бу?!
Шайланаарда, ширин сүтүн эмизген.
Убадасы, аябай чоң деңизден.
Ий шүмшүктөр, алдай берип дайыма.
Катталарга ишенбеймин эми мен)
Ушуга да шүгүр бирок достор ээ? .
Курсак тогу, өзү бакыт чопчоң ээ?
Бир күн барып, калаттырбыз эт чайнап.
Эң негизи аман - эсен болсок ээ?
Автор: Таирбек Ерматов
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 17