Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Кайын энем суукта кийген бут кийимимди көрүп күйөөмө мындай деди
Деги мындай болчу эмес эле, бирок бул жылы акчадан жакшы эле кыйналдык. Шаарда батирде турабыз. Эки балабыз бар. Күйөөм бир айдан бери жумуш издеп убара. Учурда жалгыз иштеп жүрөм. Алты миң сомду бир айга эптеп жеткирип жашап жатабыз. Кышкы кийимди бери кой, көмүр алганга акча жок. Электр мешин түндө өчүрүп, кабат-кабат жууркан чүмкөнүп жатып алабыз. Балдарым бала бакчага барат. Кыска келип калганына карабай эски кийимдерин кийгизип жиберем. Күйөөм шабашка чыккан жерге чуркап жөнөйт. Өзүм бейтапканада санитаркамын. Экөөбүз тең пенсионер ата-энебизден жардам сурагандан уялдык.
— Алмагүл бутуң үшүгөн жокбу?
— Жок.
— Койчу ай,