Жүрөк үнү күүгө айланып сезимде,
Жетимишке жакындаган кезим де.
Жүрөмүн мен каламын деп ыр менен,
Жети дубан жердеген эл эсинде.
Жети атамдан калган улап баркымды,
Жалгаштырган жогумду да, барымды.
Өмүрүмдү арнап келем эл үчүн,
Алган кезге чейин ажал алымды.
Кайда жүрсөм дагы эстейт эл деген,,
Каадасында келер күнгө беттеген.
Ыраактамын эмгектенип чет жерде,
Ырларым бар жүрөгүмдөн кетпеген.
Ала-Тоодой койну кенен эл дегин,
Ааламдагы кайталангыс жер дегин.
Кан-жанымда тоо жандаган кыргызым,
Кадырына жетер бир күн мен дегин.
Жүрөк үнү күүгө айланып сезимде,
Жетимишке жакындаган кезим де.
Жүрөмүн мен каламын деп ыр менен,
Жети дубан жердеген эл эсинде.
Автор:
Айнаш Исмаилова,
10.03.2024.
Бишкек.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев