Анткени жакшылап ойлоп көрсөң, эмне болгон болсо да баары жакшылык үчүн болгон.
Мисалы:
Сени таарынтты - кечиргенди үйрөндүң...
Кийин күндөр берилди - сабр кылганды үйрөндүң...
Кайгы келди - көңүл көтөргөндү үйрөндүң...
Сыноолор келди - чыдамкай болгонду үйрөндүң...
Жамандар айланаңда толуп турса да болду, ыйманың курч болот...
Ташбоорлордон мээрим көрбөй - бирөөгө мээрим бергенди үйрөндүң...
Ооруганда - ден-соолуктун кадырын билдиң...
Алыста жүрүп - мекенди жана жакындарыңды сагынганды үйрөндүң...
Жаштыкта окубай - чоңойгондо илимдин баркын билдиң...
Бир гана силерден сураныч:
Көзү тирүүсүндө ата-эненин кадырына жетүүнү жана өмүр сапары түгөнбөстөн ар бир көз ирмемди барктаганды тезирээк үйрөн!!! Анткени булардын кадырын билгениңде кеч болот...
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев