Жүрөктөрдү каптады го кара дат.
Жүрөктөрдү агартат ко Ибадат.
Көздөрүбүз ишигенче уктайбай.
Кел тууганым окуйлучу Багымдат.
Эрте менен ырыскылар чачылат.
Берекенин эшиктери ачылат.
Аллах берген ырыскыны алгының.
Уктап жатпай курсагынды кашылап.
Кечээ эле бар эле го кошунаң.
Өлүм деген мына ушундай тез келет.
Багымдатка тургун досум уктабай.
Түбөлүктүү уктай турган кез келет.
Үммөт бүгүн капилетке баттыбы?
Же жүрөктөр ушунчалык каттыбы?
Кайгырбайбыз каза болсо намаздар!
Ыйманыбыз бүтүн эмес жартыбы?
Айтчы досум Сахабар бизге окшоп,
Багымдатка турбай уктап жаттыбы?
Намаздарды каза кылып бээмалал.
Эңсейбизго бейиштеги тактыны.
Буйругуну аткарбастан Кудайдын,
Кай тараптан издейсиң сен бактыны.
Акыретте эң биринчи суралат,
Намаз деген эң далилдүү фактыны.
Акча, дүйнө, байлык, бийлик, мансаптын,
Азгырыгы өлбөйүнчө бүтпөйт ко.
Кел тууганым Багымдатка бүгүнтөн.
Өлүм сени оңолсун деп күтпөйт ко.
Ыссык төшөк, андан турбай жаткан бар.
Эрте туруп жайнамазын жайган бар.
Желкеден да үч түйүнчөк чечилет,
Аны түндө байлап кеткен Шайтандар.
Багымдатта берекенин баары бар.
Айтып кеткен биздин улуу Пайгамбар.
Автор Байтейитов Сайитвали кары.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев