لا ا له ا لا الله محمد ر سو لا الله
Лаа илааhа иллаллаh.
Муhаммадур-Расуулуллаh.
Алла Тааладан башка сыйынууга татыктуу зат жок.
Нет Божества, достойного поклонения, кроме Аллаha.
Муhаммад солаЛлоhу lаляйhи ва салямга
чексиз солават салямдар болсун!
Муhаммад солаЛлоhу lаляйhи ва салям,
صل الله عليه و سلم
да благословит его Аллаh и приветствует.
Алла Тааланын кулу жана эь акыркы элчиси!
Раб Аллаhа и последний пророк.
Ассаламу алайкум ва Рахматуллоhи ва барокатуh!
Мир вам, милость Аллаха и его благословение!
Алланын ыраазылыгы үчүн көчүрүлүп жазылды.
Ради довольству Аллаhа.
"Нурнаама" көчүрмөсү.
Копия"Нурнаама".
Которгон:
Перевод:
Махабат Куламидинова
"НУРНААМА"
же Мухаммед Нуру
жөнүндө баян
Бишкек - 2000
ББК 86.38 Н - 90
Н - 90 Нурнаама же Мухаммед Нуру
жөнүндө баян \Которгон.
М. Куламидинова - Б.: 2000.-86 б.
ISBN 9967- 20 - 410 - 9
Бул китеп Аллага бекем ишенип,
Мухаммед алейхис - саламдын жолун
тутунган пенделерге арналат.
Нурнааманын сообуна эгедер болууну
калагандар бул китепке кылдат мамиле жасап, аны даараттуу окусун. Ал эми Нурнааманы таза өзү менен дайыма алып жүргүсү келгендер да пакиза (таза) адамдар болуусу талапка ылайык.
Н 0403000000 - 2000 ББК 86.38
ISBN 9967 - 20 - 410 - 9
"Турар" басмасы.
КИРИШ СӨЗ
Өлкөбуздун калкы көркөм адабият менен гана чектелип калбастан Аалам сырларына да өзгөчө кызыгып, анын табышмагын ачкысы келгендер уламдан - улам көбөйүүдө. Дегеле, Аалам дүйнөсү кантип пайда болгонуна, адам баласы кантип жаралып калганына жооп издеген, же өзүнчө ой толгоп ал жөнундө кызыктар болбогон адам жоктур. Бирок, Аалам дуйнөсүнүн табышмагы атейсттик доордо бурмаланып, кандайдыр бир башкача жолдор менен түшүндүрүлүп турдуу. Ток этер жеринен эле бир мисал келтирели. Адам баласынын жаралышын кайдагы бир "куник" (ырайы суук) "маймылдан жаралган" деген бутумгө такоо менен атейст окумуштууларыбыз Аллага "ширк" (шерик) келтируудөн да кайра тартышпады. Ал эми дин илиминен алыстаган эл, албетте, ушуга окшогон туура эмес жоромолдорго ишенуугө аргасыз болуп келишкен. Ырас, совет доорунда динге болгон көз караш басылып келди. Бирөк, "Ак ийилет бирөк сынбайт" демекчи, атейсттик ал доор адам баласынын Аллага болгон ишенимин биротоло сындыра алган жок. Тескерисинче, Кудай жок деген сөзүнүн жазасын алып, өзү сынып, быт - чыты чыгып кеткенине кубөдөр болдук. Анткен менен Кудай жээриген ал заман дин илимине өзүнүн терс тасирин тийгизбей койгон жок. Дин тарыхынын, дин илиминин алтын казынасы казылбай, убактылуу болсо да көздөн далда катылып келди. Өкүнүчтүүсү, Аалам кантип пайда болгон? Адам кантип жаралып калган? деген сыяктуу толгон - токой түбү жок суроолордун туура жолун көрсөтүп берчү нечендеген асыл баалуу ыйык китептерден кабарсыз калдык. Калыс сөзгө келгенде, дегеле жалгандан чындыкты бөлуп алыш Аалам жаралгандан бери эле кыйын да, татаал да болуп келгени талашсыз. Анткени, чындык - чыныгы туура жолду көрсөткөндүгу үчүн кол жеткис бийик тура. Ошон үчүн адам баласынын эрки оной менен ага туруштук бере албаганы, чындыктын таза жолунда жүрүүгө кудурети жетиш оной - олтон иш болбогону үчүн кыйын. Ал эми жалганчылык - шайтан азгырыгы менен гана ишке ашып, жашоонун оной жолун сүрөттөп көрсөтүп, адаштырганы үчүн женил. Айрыкча, "бул дуйнөдө жасаган иштеримдин, кылган кылыктарымдын эсеп - кысабын алчу эч кандай Кудурет жок", деп өзүнө - өзү гана Кудай болуп алган кудайсыздар үчүн "каалагандай чардап жашай берсе болот" деген түшүнүккө берилгендиги үчүн эркин диги берилген менен өкүнөөрлүк көрүнүштөр да күчөөдө. Анткени дин эркиндигин өз кызыкчылыгы үчүн гана пайдалануучулар көбөйдү. "Чала молдо дин бузат," болуп чындыкты жеткелен билбеген, же билсе да ар кандай максаттар менен бурмалап, өзунун адашканы аз келгенсип, башкаларды да туура эмес жолго салып адаштыргандар арбып баратат. Башка агымдарды айтпаганда деле өзүбүздүн эле мусулман дининин адамдары Алланын чындыгына жамынып алып, шариатты ар нукка буруп. "бөйрөктөн шыйрак чыгарып" жатышпайбы. (Мисалы, вахабилер). Андыктан Пайгамбарыбыз Мухаммеддын мындан бир нече кылым мурда эле айтып кеткен төмөнкү сөзүн келтире кетели: "Эн эле Өкүнүчтүүсү, менин уммөттөрүм да динди ар кандай кызыкчылыктар үчүн пайдаланып, акыры 73 фыркага (агымга) бөлүнүп кетет. фыркалар да өзүнчө бутактанат. Мына ошол 73 фырканын ичинде чыныгы жолдон адашпаган 1 гана фырка болот. Ал - сүннөттөр. Мен аткарган нерселерди гана аткарып, сүннөт жолун тутунган үммөттөрүм" деген. Мына ушул сөздүн өзүнөн деле чындыкка моюн сунуу канчалык кыйын экени дагы бир жолу билинип турат. Демек, динди тутунууда да өтө кылдаттык, кыраакылык, көрүнгөн эле дин агымына аралашпоочулук талап кылынат. Ошон учун да мусулман дининде илим үйрөнүү- моюндагы 40 парздын бири экендиги жөн жерден айтылбаган. Анткени, дин илиминен кабарсыз, аны терең окуп уйрөнбөгөн адам шайтан азгырыгына алданып, туура эмес жолдорду тутунуп алуусу толук мумкун. Анан да Аллага "ширк" келтирүү да ("шерик" келтирүү - кечирилгис чоң күнөөлөрдөн бири болуп эсептелет) дал ушул дин илиминин жоктугунан чыгат. Мисалы, буга көзүачыктык кылуу, төлгө тартуу жана башка ушул сыяктуу көрүнбөөчү кучтөргө көз каранды болуучулук, алар кыл дегенди кылычуучулук, айт дегенин айтуучулук кирет. Ал эми чыныгы көзү ачык деген башка нерсе экенин да айта кетели. Анткени андай адамдар дин илимине кана сугарылып, анын туу чөкусуна жетип, же ошол илимдердин бир тармагы болгон "Тасхир илимин" өздөштүргөн опол - тоодой мээнетинин натыйжасында гана Аалым, Олуя сыяктуу улуу даражаларга жетип, көзү ачылып калат. Ал адамдар эч бир кучкө көз каранды болуп багынбайт. Тескеринче, көзгө көрүнбөөчү бардык күчтөрдү багындырып (мисалы, жин, пери, албарсты жана башкалар), ошолордун үстүнөн бийлик жургузөт. Алланын бардык жараткандарын айырмалай билип жана да Алладан башка эч бир күчкө көз каранды болбойт. (Албетте, булар жөнүндө айтып олтуруу өтө узак сөз. Буйруса, булардын айырмачылыктары жөнүндө кийинки китептерибизде маалымат берилмекчи ). Келиниз эми, дин илиминин казынасына уңулуп көрөлү. Бирөк, китеп окуп, илим алуу үчүн алгач тамгасын таануу керек болгондой эле биз да Аалам сырларын, анын жашоочуларын таануу үчүн эң алгач ошол жарык Аалам жана Адам кантип жаралганын билип алышыбыз керек эмеспи. Анүчүн ал казынада сактаган ошол асыл баалуу кол жазмалардын, китептердин ичинен (башкаларды коё туруп) биринчи кезекте дал ушул Нурнаама менен таанышып чыгышыбыз зарыл. Колунуздагы бул Нурнаама кыргыз тилине биринчи жолу которулушу менен Аалам сырларын таанууда өзунун баа жеткис салымын кошот деген ниеттебиз. Нурнаама өзү. "Нур - и - Мухаммедий" (Мухаммеддын нуру) жана "Хакикат - и Мухаммедий" (Мухаммеддын хакикаты) деген эки бөлүмдөн турат. Ошондой эле бул Нурнаама өзүнүн баа жеткис өзгөчө касиети менен улук. Албетте, Нурнааманын бул улук касиети дин Аалымдары үчүн белгилүү. Ал эми Мухаммеддын чыныгы үммөтүмүн деген ар бир мусулман адам бул Нурнаамадан кабардар болуп, аны өзү менен бекем сактап, ыйык тутса, Нурнаама өзүнүн ошол касиети менен ал адамды Алла Тааланын ырайым менен караган ракымына жеткирет. Ылайым эле Алланын ошол кечиримдүү ракымына жетели. Оомийин!
Эскертүү: Кимде ким Нурнаамага шек келтирсе каапыр болуп, Алланын ракымынан жана Нурнаамага катылган көптөгөн соопторунан ажырап калат.
МУХАММЕД НУРУ
Бисмиллаахир - рохмаанир - рохиим!
Алла Таала 18 миң Ааламдан жана Адамдан мурун Мухаммед алейхис - салам - дын Нурун (Нуруу рухун) жаратты. Азрети Мухаммеддын Нуру башын саждага койду. Улуу Алла Тааладан бул учурда амир (буйрук) келди да:
"Эй менин Нурум. Эй менин урматтуу жалгыз пендем. Сениң мага достук сүйүүңдөн 7 дарыя жараттым" деди. Алар төмөнкулөр:
1. Илим;
2. Хилм (жумшактык);
3. Акыл;
4. Хикмат (насаат сөздөр);
5. факр (мал - дуйнө жана башкага эмес, Акыйкатка гана ибадат кылуу);
6. Маьрифат (Алланы таануу);
7. Магфират (дуйнөдөн таза өтүп, Алла Тааланын ракымы менен жаннатка кирүү).
Алла Тааланын чын бардыгына жана буйругу менен Мухаммед алейхис - саламдын Нуру ар бир дарыяда 10000 (он миң) жылдап турду. Ошентип, 70000 (жетимиш миң) жылдан кийин гана Алла Тааладан буйрук келди да, айтты: "Эй менин урматтуу жалгыз пендем. Эй менин досум. Дарыялардан эми чык ". Бул учурда 18 миң Ааламдын ээси кайра буйрук менен айтты: "Эй менин сүйүктүү жалгыз досум. Кана эми, каттуу денеңди силкин ". Пайгамбар Нуру силкинди. Ал ушунчалык берилуу менен силкинди эле, 124 мин тамчы суу куттуу денесинен тамды. Бардык пайгамбарлар ошол тамчылардан пайда болушту. Ошол эле учурда 313 тамчы суу куттуу башынан тамды да 313 өзгөчө болгон (башкача айтканда, Алладан жиберилген ыйык китептерди жана ыйык сөздөрдү жазган) пайгамбарлар пайда болушту. Ошентип, Нурдун силкинген куттуу денесинен тамчылар тама баштады.
- 2 тамчы суу оң көзүнөн тамды да, Лавх - у (өзгөчө ыйык тактай калем) пайда болду;
- 2 тамчы суу сол көзүнөн тамды эле, биринчи тамчыдан - Арш ( асмандын бир аты ) жана экинчи тамчыдан
- Курсий (асмандын дагы бир аты) жаралды;
- 2 тамчы суу оң кулагынан таамп - Жебрейл периште пайда болду;
- 2 тамчы суу сол кулагынан тамды эле - Исрафил менен Азреил периште жаралды.
- 8 тамчы суу мурунунан таамп - 8 бейиш пайда болду;
- 7 тамчы суу кулактарынан таамп - 7 тозок пайда болду;
- 2 тамчы суу куттуу жүзүнөн тамды эле Ай жана Кун пайда болду;
- 5 тамчы суу оң колунан тамды эле, биринчисинен - "Сидроту - л Мунтахо" (Акыркы парда - чекара дарагы) жаралды. (Бул пардадан Жебрейл периште да өтө албайт экен. Бирок, Мераж кечесинин учурунда бул чекарадан Аршка (Алла асманына) Мухаммед расуллох гана өткөн деп айтылат). Экинчи тамчыдан - Тубо дарагы жаралды. ( Тубо - жаннаттагы эн чон дарактын аты ). Үчүнчүсүнөн - бейиштин Кавсар соолбос көлү жаралды. Төртүнчүсүнөн - Байту - л Мукаддас (Шамдагы мечиттин аты. Мурдагы кыбыла) жаралды. Тамчынын бешинчисинен - Аса (таяк) жана Адам пайда болду.
( Ошентип, ал Аса таяк Адам алейхис - салам менен чогуу жаралып, кийин Шис аттуу пайгамбарга, андан Муса пайгамбарга калды. Мусадан кийин Машайыктарга берилди );
- 5 тамчы суу сол колунан тамды да,биринчисинен Бож- и сарсар (күчтүү суук шамал) жаралды. Экинчи тамчыдан - Рафраф (канат кагуу) же Исрафил - Периштенин орду пайда болду. Үчүнчүсүнөн - Раьд- и барк (чагылган) жаралды. Төртүнчү тамчыдан - Сулайман пайгамбардын хотамы (мөөрү бар шакеги) жаралды. Тамчынын бешинчисинен - Исрафил Периштенин суру (сурнайы) пайда болду;
- 2 тамчы суу оозунан таамп, андан - күндүз жана түн жаралды.
Ошол маалда Алла Тааладан дагы амир келди да, айтты: "Эй менин Нурум. Эй менин сүйүктүү жалгыз пендем. Сениң достук пейлиңен улам дагы 4 нерсе жараттым. Мен өзумдүн Аалам ээси экениңди (Кудайлыгымды Аалам жаралышынан акырына чейин тааныш кылайын дедим". Азрети вас саламдын Нуру жооп кылды: "Эй жалгыз Алла. Эй ичпес жебес жалгыз Кудурет. Бизди тарбия кылуучу Парвадигер. Сен өзүң гана билесиң", Алла Тааладан дагы амир келди да: "Мен сага аларды баян кылайын. Алар: 1- От. 2 - Шамал. 3 - Суу. 4 - Топурак" деди. Ушундан сон пайгамбар Нуру тез арада Шамалга барды да, салам берди. Алланын буйругу менен Шамал Нурдун саламын алик алды. Азрет: "Эй Шамал, сен кимсиң?" - деди. Шамал жооп кылды: "Мен рух пендесимин". Пайгамбар Нуру суроо узатты : "Сен дүйнөдө эмне жумуш кыласың?" Анда Шамал: "Кандай максатым болсо кыламын" деди. Нур айтты: "Сен өз айыбынды билесиңби?" Шамал: "Менин эмне айыбым бар? " деди. Нур: "Сен бардык адамдарды көрөсүң, а сени эч ким көрбөйт". Анда Шамал: "Эй Пайгамбар Нуру сениң айыбың жонпу?" деп сурады. Нур жооп кылды: "Эй Шамал, Астагфируллах дегин, пенденин айыбы көп. Айыпсыз бир гана Алла Таала". Ошондо Шамал: "Ашхаду алля иляха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммедан абдуху ва расулуллох" деп ыйман келтирип, мусулман болду. Мухаммед пайгамбардын Нуру андан кийин Сууга келди да, салам берди. Алланын кудрети менен ал да тилге кирип, саламды алик алды: "Эй Суу, сен кимсиң?" Суу жооп кылды: "Алланын жаратканымын". Нур: "Сен бул дүйнөдө эмне жумуш аткарасың?" Суу: "Эмне максатым болсо кыламын". Нур айтты: "Эй Суу, Астагфируллах дегин. Пенде өз максатынча эч качан иш кыла албайт. Өзүңө кара да, айыбыңды бил". Анда Суу: "Менин эмне айыбым бар экен?", деп танкала сурады. Пайгамбар Нуру айтты: "Эй Суу, сен бардык нерсени тазалайсың, бирөк өзүң булганасың". Суу да суроо узатты: "Эй Пайгамбар Нуру, эмне, сениң айыбын жокпу?" Нур Сууга: "Астагфируллах дегин. Пенденин башынан - айагына чейин кунөөдүр. Кунөөсүз бир гана Алла Таала". Ошондо Суу да: "Ашхаду алля иляха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммедан абдуху ва расулуллох" деп, мусулман болду. Азрети вас саламдын Нуру андан кийин Отко келди. Салам берди. От да тилге келип, саламды алик алды. Нур Отко суроо узатты: "Эй От, сен дүйнөдө эмне иш кылмаксың?" От айтты "Эмне максатым болсо ошону кыламын". Пайгамбар Нуру: "Пенде эч качан өз максатын өзү аткара албайт. Бардыгы бир гана Алла Тааладан". Нур дагы айтты: "Сенин эмне күнөөң бар, билесиңби?" Анда От: "Менин эмне күнөөм бар экен?". Нур: "Эй От, Астагфируллах дегин. Пенденин баш - аягына чейин күнөө. Күнөөсуз бир гана Алла Таала" деди. Ошондо От: "Ашхаду алля иляха иллаллох ва ашхаду анна Мухаммедан абдуху ва расулуллох" деп мусулман болду.
Мухаммед Нуру андан соң Топуракка келди. Салам берди. Топурак да Алланын буйругу менен тилге келип, саламды алик алды. Нур суроо салды: "Эй Топурак, сен бул дүйнөдө эмне жумуш аткарасың?" Топурак жооп берди: "Алла Таала эмнени буйруса". Нур ушунчалык бир тездик менен Топракты куттуу колунун уучуна алды да, айтты: "Жашоонун башынан - аягына чейин сени урмат кылам, себеби сенден текеберчиликтин белгилерин көрбөдүм. Азирети Адам алейхис - саламды сенден жаратып, кайра сага жиберер". Ошентип Топурак жаралышынан мусулман экени маалым болуп, Азретинин Нуру ага урмат менен карап, ыраазы болду.
Бардык нерсеге кадыр Алла Тааладан амир келип, билдирди:" Ар бир адамдын табити ушул 4 нерсеге байланышат. Кээ бирлердин табити - От. Кээ бирлердин табити - Суу. Кээ бирлердин табити - Шамал. Кээ бирлердин табити Топурак. Пенделерде ушундай табит касиети болот".
НУРНААМАНЫН УЛУК КАСИЕТИ
Кимде ким ыйык Нурнаама окуса, же өзү менен алып жүрсө ал адамга Нурнааманын касиети тийип, эки дүйнөсүндө тең жакшылык корот. Нурнааманы эл жыйылган жерде коп окуса, чогулган эл укса, ал пенденин атына коп сооптор жазылат. Махшар куну (Кыямат сурагында) ал адамдын сурак - жооп китеби оңунан берилет.
Ар кандай кунөөсү кечирилип, денеси көрдө чирибейт. Ыйманы шайтандын жамандыгынан аман болот. Ага Тоорат, Инжил жана Курандын сообун берет. Алла Таала ракымы менен ал адамдын ата - энесинин да кунөөсү кечирилет;
- Нурнааманы ыйык туткан адам мунафыктан (динден адашкан эки жуздүүлүктөн), чыккынчылыктан,
акырет балээсинен, жер титирөөнүн кырсыгынан аман болот.
- Нурнааманы коп окуган адамга шейиттердин сообун берет жана 7 кулду азаттыкка чыгарганчалык соопко эгедер болот. Ал адамдын 7 атасынын кунөөсү да кечирилет;
- Нурнааманы дайыма окуган адам жакшылыктардын катарында болуп, ага Аалымга жазылган сооптон берет;
- Нурнааманы кимде ким жума кечеси, дүйшөмбү түндөрү окуса, ал адамдын ар кандай максат - талабын Алла Таала кабыл кылат:
- Нурнааманын касиетине чын ыкластан ишенип, жүзүнө сүртсө, максаты орундалат;
- Нурнааманы чын ыкласы менен берилип уккан адам да Алла Тааланын урматына татыйт. Алла Таала менен ал адамдын аралыгында эч кандай парда (тоскоолдук) болбойт. Ага өзгөчө жөнөтүлгөн 313 пайгамбардын сообунан берет;
- Нурнааманы жарыя кылып жана өзү менен дайыма алып жүргөн адамга келген ажал да ракымдуу болуп, жаны женил чыгат. Периштелер ал адамдын күнөөсүн кечүүнү тилеп турушат;
- Нурнаамадан Нурдун сыпат - мүнөздөрүн окуган киши көп ийгиликтерге жетишип, эки дүйнөнүн кыйынчылыктарынан кутулат;
Алла Тааладан Нурнаама боюнча биринчи билдирүүсү мындайча келет:
"Эй Мухаммад, сенин үммөттөрүн - менин пенделерим болот. Андыктан бул Нурнаамага чын ыкластан ишенип, жүзүнө сүрткөндүн максатын берем. Анан да Пайгамбар Нурунун сыпаттарын окуган кишини көп ийгиликтерге жеткирип, эки дүйнөнүн балээсинен куткарам".
Алла Таала пайгамбарга Жебрейлди жиберди да, айтты: "Бул Нурнааманын сообу чексиз. Буткул жер жүзүндөгү мал - дүйнө менен садака кылгандын сообунан да артык.
Мухаммед бул жөнүндө үммөттөрүнө билдирсин. Үммөттөрү аны (Нурнааманы) окуп, же окутуп укса, ага солихтардын (колу ачыктардын) сообун берем. Ар ким бул Нурнааманы даарат менен окусун. Аларды улуу ийгиликтерге жеткирем". Муну уккан Жебрейл: "Эң жакшы кабарды жан - дилим менен жеткирем" деп Мухаммедга сүйүнүч менен айтып келди. Мунун урматына аят да жиберилди. Аят: "фа - ман табиьа худайос фа - ла ховфун алайхим ва ла - хум йахзануун (а)" (Мен корсоткон туура жолдо баргандарга коркунуч да, кайгы да жок). Бул урматка дагы бир аят келди:
" Аллазина йастамиьуна - л - кавла фа - йаттабиьунаа ахсанаху" ( Бизге кулак салгандар эң жакшылардын артынан барат.) ("Зумар" суросунун аятынан ).
Алла Таала буйругу менен жиберилген Жебрейл периште жана дагы буларды билдирди: "Эй расулуллох, бул Нурнааманы окуган түрк болобу, тажик болобу, араб болобу же араб эмес кандай улут болсо да алардын максаты берилет.
Ар ким даарат менен окуса, төрт улук периште кыямат күнүнө чейин алардын күнөөсүн кечиришти Алла Тааладан тилейт. Ошондо Алла Таала ал пендесине Яхя, Ыйса, Харун, Жакып, Исхак, Ибрахим, Ысмайыл, Нух, Ыдырыс, Шис, Давуд, Аюб, Сулайман, Журжис, Хизр, Илияс, Шуьайб пайгамбарларынын сообу берилет. (Аталгагдардын баарына саламдар болсун).
Ал пенденин күнөөсүн бийобондогу (эн чон чолдун аталышы) кумдарча болсо да кечирилет. Алар өлгөн убакта жаткан жери (көрү)жарык болот ".
Жебреил периште Нурнааманын улуктугун дагы бир жолу төмөнкудөй билдирди:
" Нурнааманы ыйык туткан уйгө ууру жолобойт. Жаман адамдардын кесепети тийбейт. Карыздар болбойт.
Эгер Карыздар болсо да Алла Тааланын себеби менен тез эле кутулат. Нурнааманы ыйык тутуп журуп, өзү менен бирге согушка алып кирген адамга кылыч, найза, канжар жана ушул сыяктуу куралдардын запкысы тийбейт. Нурнааманы "өлгөндө көрүмө кой" деп суранган адамга бирге койсо ал киши көр азабынан аман болот.
Мункар, Накирдин суроосуна женил жооп берет. Кыямат куну Сырат көпүрөсүнөн чагылгандай өтөт. Сурак - жооп китеби оң колунан келет". Пайгамбар Мухаммед алейхис - салам айтты: "Эй менин үммөттөрүм! Силер бул дүйнөдө пайдасыз иштер менен алек болбогула. Акырет ишинен бейкабар калбагыла. Беш күндүк өмүрүнөрдү бекер кетирбегиле. Сооп жасагыла".
НУРНААМАГА ТАЗИМ
Имам Мухаммед Газзолий Рахматуллохи алайхинин 400 китепканасы болуп, ал ошол китепканаларында окуп, пайдалануу
менен алектенчү. Бир күнү анын колуна Нурнаама тиет да, ал аны жакшылап окуп чыгып, көнүлү бөлүп көрбөгөндөй көтөрүлүп, бул китепчени ал Султан Махмуд падышасына алып барышты чечет. Нурнааманы аспиеттеп которгон Мухаммед Газзолий Рахматуллохи алайхи өз жолдоштору менен аралыктагы он кундук жолду басып отуп, онунчу күнү танга маал Султан Мухаммеддүн кызмат сарайына жетишти. Падыша Султан Махмуд бул китепчени көрүп, андан кабардар болгон соң, анын да көңүлү ачылып, Нурнааманын урматы үчүн дароо
1000 (миң) кой,1000 (миң) төө курмандык чалды. Бул урматка бардык Аалымдар, Машайыктар, жарды - кембагалдар чакырылып тамак тартуу кылынды. Жардыларга кийим - кечек, тамак аш көп берилди.
Падыша Султан Махмуд бул окуядан соң тез арада эл аралоого чыкты. Өзүнүн кол астына караштуу жерлердеги шаардан - шаарга, өрөөндөн - өрөөнгө жүрүш жасады. Ошентип, эл аралап жүрүп, Султан Махмуд бир күнү бир жерде жатып түш көрдү. Түшүндө кыямат кайым болуп, Алла Тааланын жүзүн көрдү. Алла Таала 124 миң пайгамбар менен бирге келип: "Мен Султан Махмуддун күнөөсүн кечирдим. Анын акыретин абат кылдым жана ал үчүн жаннаттын жүзүн ачтым. Ал жаннаттын каалаган эшигинен кирсин" дейт. Султан Махмуд уйкусунан кокус ойгонуп турса, окуя тушу экен. Нурнааманын касиети менен көргөн түшүнүн урматы үчүн кайрадан курмандык чалды. Курмандыка 900 (тогуз жуз) кой, 500 (беш жуз) төө чалынды. Ач - жыланач калган 6000 (алты миң) кембагалга кийим - кечек берилди. Тез арада 1000 (миң) мечит, 1000 (миң) медресе салдырды. Кааба жолуна 1000 (миң) кудук (булак) казырды. Жетим жесирлерге болуп көрбөгөндөй мээрман болуп калды.
КОРУТУНДУ
Урматтуу окурман, Нурнааманы окуп жатып, анын эбегейсиз касиетинен кабардар болдунуз. Ошондой эле ага кимде ким шек келтирсе күнөөгө батып, каапыр болоорун билдиниз. Демек, Мухаммед алейхис - салам Алла Таала тарабынан жөнөтүлгөн биринчи жана акыркы пайгамбар экендигине ынандыныз. Ошондуктан Мухаммед пайгамбарыбыз жөнүндө көрөалбас пас адамдар чыгарган ар кандай ушак - айын сөздөргө ишениш, чынында жакшы адамдын дитинен сырт болоор. Аталган Нурнаамада пайгамбарыбыздын Нурун жаратты.
Мухаммед акыйкаты дегенге илимий дин китептерде жана Куранда да далил бар. Андан сырткары Нурнаамада айтылгандарды акыл - туюмубуз аркылуу дилибизге жеткирсек жашоо чындыгынан жанылбаган болоор элек.
"Нур-и Мухаммедий" жана "Хакикат - и Мухаммедий" жөнүндө ислам Аалымдары жазып калтырган маалыматтарга караганда төмөнкүдөй түшүнүктөр берилген. Эң алгачкы убакта Алла Таала жалгыз өзү болуп, башка эч кандай жан болгон эмес. Чексиз жана бардык нерсеге кадыр (күчү жеткен).
Алла Таала өз улуктугун башкаларга маалымат кылыш үчүн аны тааный турган жаратылышты жаратууну каалады. Буга далил кылып Куран - и - Каримди, Инс (адам) жана Жинсти (жинди) жаратты. Бул тууралуу Куран - и - Каримде: "Мен Инс жана Жинсти башка нерсеге эмес мага гана ибадат кылуу үчүн жараттым" деген аятты билдирди. Анан да төмөнкү мазмунундагы билдирүү келди: "Мен жашыруун казына элем, өзүмдү тааныштырууну кааладым жана Ааламды жараттым". Ааламды жаратыштан алдын Алла Тааланын толук тааный турган инсан Мухаммед алейхис - саламды жаратты. Буга далил кылып Алла Таала айтты: Сен болбосон бүткүл Ааламдарды да жаратпас элем"
(Кудус Хадистен).
Алла Таала Ааламды жаратышта биринчи Аалам жөнүндөгү ойду жаратты жана Ааламдагы боло турган бардык жаратылыштын уругу да биринчи ушул ойдон жаралды. Ушул ой - Хикмат акылы, Аввал акылы, Шариат акылы, "Рух - и аввал" жана "Рух - и - аьзам", Тарийхат акылы, "Хакикат - и Мухаммедий" жана "Нур - и Мухаммедий" делет. Куран - и - Каримде (Маида сүрөсүнүн 15- аятында) пагамбарыбыз Мухаммед "Нур" делген. Алла: "Менин биринчи жараткан нерсем - Нурум" деген. (Хадистен). Нур - жарыктык мааниде.
Карангыда эч нерсе көрүнбөгөндүгү, билип аракет кылынбагандыгы, бирөк жарыкта эмне болсо бардыгы маалым болуп көрүнүп, коркунучсуз туура аракет кылгандыгы үчун Нур мааниси келтирилген. Мисалы, акыл жана ыйманда да Нур болот. Куран - и - Каримдин "Нур" сүрөсүнүн 35 - аятында "Алла - асман менен жердин Нуру" делген. Мында Алла Таала жер - асманды жаратып, бар кылып турушу түшүндүрүлгөн. Маалым болгондой Алла Таала Ааламды жараткандан мурун Мухаммед алейхис - саламдын Нурун жана андан бардык жаратылышты жаратты. Биз буга ишенебиз. Дагы бир ирет айтсак бул жөнүндө Нурнаамада гана эмес Куран - и - Каримде жана Хадистерде да далилдер көп келтирилген.
الله ☆ НУРНААМА ДУБАСЫ ☆ الله
Бисмиллаахир - рохмаанир - рохиим!
Аллохумма ижьалний ьндака Нуран
Фи важхий
Ва фи раьсий Нуран
Ва фи шаьрий Нуран
Ва фи хожибий Нуран
Ва фи нафасий Нуран
Ва фи самьий Нуран
Ва фи басарий Нуран
Ва фи фаммий Нуран
Ва фи лисоний Нуран
Ва фи сифатий Нуран
Ва фи ьишкий Нуран
Ва фи калбий Нуран
Ва фи ьизомий Нуран
Ва фи баданий Нуран
Ва фи йадий Нуран
Ва фи шимолий Нуран
Ва фи фавкий Нуран
Ва фи тахтий Нуран
Ва фи жанбий Нуран
Ва фи ьалмий Нуран
Ва фи дийний Нуран
Ва фи иймоний Нуран
Ва фи исломий Нуран
Ва фи хидойатий Нуран
Ва фа мавтий Нуран
Ва фи киоймий Нуран
Ва фи кироьтий Нуран
Ва фи рукуьий Нуран
Ва фи куьудий Нуран
Ва фи кабрий Нуран
Ва фи афафий Нуран
Ва фи мадхалий Нуран
Ва фи мийзоний Нуран
Ва фи замирий Нуран
Ва фи бужрий Нуран
Ва фи маьоний Нуран
Ва фи охирий Нуран
Ва фи калбий Нуран
Аллохумма кудратий Нуран
Ва фи иьто Нуран
Аллохумма ьиндака Нуран
Йо Нуру - с - самавот ва - л - ьарз Нуран
Фи маьрифатика Нуран
Ва фи жаддика Нуран
Ва фи - л - карийм Нуран
Субхона холик Нуран
Раббано ва таммим лано Нуран
Иннака ьало кулли шайьин кодийр ва
салла - л - лоху ьало хайри халкихи Мухаммед ва олихи ва асхобихи ажмаьйин. Амин.
Алла ыраазы болсун.
Субхааналлох.
Альхамдулиллах.
Аллооху Акбар.
Астагфириллох.
Аллоохумма солли ьала Мухаммад.
Аллоохумма солли ьала Мухаммад.
Аллоохумма солли ьала Мухаммад.
Аллага чексиз сансыз мактоолор болсун.
Пайгамбарыбыз Мухаммад (с.а.в.) га
чексиз сансыз салам салаваттар болсун.
Амин. Аллаху акбар!
Комментарии 1