Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
Келинчегим каза болгондон кийин мени эч ким тойго чакырбай калды
“Ой тимеле” деген сөзүнө зармын…
Мактансам, ачуулансам, кайгырсам, күлсөм, айтор, ар дайым ушинтип жооп берет эле.
– Тамашаңызды коюңузчу…
– Жигит мен сага тамашалай турган адам көрүнүп турамбы? Келинчегиңден ажырадың деп
жатам. Жакындарыңа кабар бер.
Апама кантип чалганымды билбейм.
– Апа, келе калыңызчы, ажырадын деп жатышат…
– Кимден балам, ыя ботом, эмне дейт бул…
– Апааа…
Чоң киши бейтапкананын коридорунда ыйлап отурду. Болгон күчүм менен башымды мыкчып жаттым. Медайымдар келип тургузушту. Колума анализ жыйынтыгын карматышты. Кан басымы көтөрүлгөнүн гана окуганга жарадым.
Жалгыз калдым. Балдар чоңойгондон кийин с