" 7-барак!
Тагдырын бору болуп сага тишин кайраса,сенда ырайымсыз боруго айланып кетет экенсин.Биз жырткыч деп билген эне бору ачка калган кезинде балдарынын келечеги учун эн алсыз баласын курбан кылышы жонундо уккам.Бирок оз баласынын бактына балта чапкан эне жонундо ойлопда корбогон экем.Мен тагдыры бору кылган эне омур боюу бир максат менен жашап,бир инсанды суйуп келдим.Канча жылдар боюу,ала куржунду мойнума илип,турмуштун ыссыгына куйуп,суугуна тонуп,жалгыз аяк жол менен жалгыз курошуп жашап келдим.Ошондода мен эч качан максатымдан кечкен эмесмин.Бугун эми баарысы колумда турганда артка кайтууга жол жок.Убакыт баарысын дарылайт.Баламда уул балалуу болгон сон баарысын унутат.Ошондо энеси эмес тагдыры боору экенин тушунуп жетет.Кыш жазды кубалап,куз кышты кубалап,жылдар жылга жеткизбей шамалдай тез согот.бизди кучагына камтыган табиятта ар дайым кычыраган кыш же жадыраган жаз окум суро бербейт.Мезгил мезгили менен алар алмашат.Бул табият мыйзамы.Ошондой экен баламдын жашоосундада бир кун тонуп жаткан муздары эрип жазда келет.Эч качан унутпаш керек асман менен жерди антар тонтор кылып кулдуроп,ношорлоп жааган жамгырдан сон чайыктай ачылып кун чыгат......деп ойлоп ойумдун тубуно жете элегимде кубалашып ойноп этегиме келип жашынган эн кичинекей небере кызымдын-эне деген созунон озумо келе туштум.Аны кубалап келген неберелеримди эркелетип жатып кородо турган баламдын машинасына козум тушуп калды.Кир жайып жургон келиниме кайрылып -кызым жолдошун бугун жумушка машинасыз кеттиби деп сурадым.-апа ал бугун жумушка барган жок деди келиним. -Эмне учун деп сурадым тан калып.-билбедим апа акыркы кундору ото эле ынжык болуп кабагы ачылбай жатат деди келиним.-Мм жакшы,тимгой эс ала берсин кийин суйлошом деп озумдун болмомо карай бастым.Жашырганда эмне пайда балам биринчи аялынын ушул кундору торорун ойлоп тынсызданып жатканын билип турдум.Ооба кантип ойлобой болот.Ал балада биздин каныбыз агып жатпайбы.Эх байкуш келиним эмнеси болгондода аман эсен тороп алса экен деп басып барып анын балама жазган катын алып ачып окуй баштадым...
"Кантип ушундай жолго бардын депда ойлорсуз.Кантип сезимдеринди башкага багыштадында деп ойлорсуз.Кантип оз махабатынды озун кыйдында деп ойлорсуз.Мен махабатымды эмес оз омурумду озум кыйдым.Махабатым эч качан олбойт.Мен олсомда сизге болгон тунук суйум мени менен гордо чогу жашайт.Мен махабатымды сизге калтырып сиздин менден кийинки турмушунузду азапташ максатым жок.Мен бул кадамга сизге болгон суйумдун кудиретинен бардым.Сиздин келечегиниз учун оз омурумду озум кыйдым.Эгер мен алты кыздан коз жумуп турмушка чыкпасам сиз эч качан уйлонбойсуз.Жанынызда журуп канча жылдан бери уйлонушунузду кутуп жашадым.Эгер билсениз сизге экинчи аял алышынызга руксат берген куну эле мен олгонмун.Мен сизди бактылуу кылуу учун сизге эч качан уул тороп бере албаймын.Уул торой албаганым сон айыптуу жандай жанынызда бир омур жашоонун озу мага олумдон артык.Эне эч качан оз баласына жамандык тилебейт.Мен сизге келин болуп уйунуздун алтын астанасын аттагандан баштап сиздин апанызды оз энемдеп кабыл алгам.Оз энем уйротпогон турмуш сырларын мага сиздин апаныз уйротту.Оз апамдын кундон кунго чачтарын аппак кардай буу басып азап менен жашап жатканын коруп кантип тынч жашашым мункун.Ошол аял сизди тырнактайыныздан жесирлик наны менен сизди улгайты.Омурунун баарын сизге арнады.Омур бою бир максат менен тактап айтканда сиздин уул неберенизди колуна кармоону нийет кылып жашады.Эне ыраазы кудайым ыраазы болот.Сиз бакытты жана махабатты менден эмес ошол сизди ак жууп,ак тараган аялдын бутунун астынан изден.Ал аялдын коздоруно тик бакырайып карабан.Ар дайым башынызды ийин,коздорунуз апаныздын буттарында болсун.Сиз ошол буттардын астынан гана бактылуулуктун жолун табасыз.......
Мен эми сиз учун жокмун.Канчалык кокурогум сыздап журогум кан куссада кыздарым учунда жокмун.Тагдырым мен учун бардык жолдорду тосуп мен учун бир гана жол калтырды.Алда болсо сизден алыстап жашоо.Мен окобуздун энебиз учун дагы сизден алыс кеттим.Сураныч мени эч качан издебен.Мени унутун.Мен болок жандын никесинде туруп сизди ойлогонуда акым жок.Сиз мен учун эми жоксуз.Дагы бир жолу суранам энениздин созун эч качан эки кылбан.Энениздин чызган чызыгы менен барсаныз бактылуу болосуз.Мен тагдырдан сиз менен жолукканды эч качан сурабаймын.Болгону качандыр бир куну кыздарым мени издеп табат деген умутто жашаймын"-деп катын аяктаптыр келиним.Эх ушундай каттан сон кантип ыйлабай болот.Эх кудайым бизден бир тырнакты аяп жашообузду астын устун кылып салдын.Дилибизди оорутун........
Баламдан кабар алайын деп барсам болмосундо жок.Бир жакка кеткен окшойт деп келинимден сурадым.Келиним кош бойлуу болгон сон балам ага -мен сага бала учун гана уйлонгонмун торогонуно чейин болок болок жашайбыз деп окоосу эки болмодо жашап жатканын айтты.Мен -кызым капа болбо баарысы изине тушуп кетет.Кош бойлуу абалында жалгыз жашаба уйундогулорго кабар бер мурунку куйооундон калган эки баланы бизге алып келип берсин.Мен жесирликтин кунун коргонмун.Сени тушуном.Мындан кийин балдарына озум эне болом дедим.Келиним коздоруно жаш тегеретип макул дегендей башын ийкеди.Мен кетип жатып-кызым болмондо болуп жаткан окуя болмондун астанасынан бери чыкпасын.Кочодогулор эмес менда эч нерсени укпайын.Сабырдуулук менен баарын женсе болот дедимда алма бакка неберелерим ойноп жаткан жакка жонодум.Эх эркектердида туура тушунуу керек.Балам чон киши болуп калган болсода эне учун барибир бала бойдон калат экен да.Окунучтуусу эркек кочодон уйундо жок нерсени издейт экен.Ичип чегип жаман жолго тушуп кетпегенинеда шукур кылып жашап жаттым.Бир кун кочодон издегенин уйунон табар деген умут менен.
Балам тагдырга там бердиби же алгачкы аялынын созун эстедиби билбедимго айтор кайрадан кабагы ачылып жумушуна чыга баштады.Ооба кандайгана кубаныч коштогон чон уй було элек.Эми минтип баарыбыз тандырга там берип бири бирибиздин конулубуз учун жылмайып ичибизден ыйлап жашап жатабыз.Кубалашып ойногон неберелеримдин кулкулору гана болбосо уйубуз жымжырт ээн таладай.........
Так эсимде каргашалуу ошол кун эс алуу куну болуучу.Балам апа уйдо эт калбай калыптыр деп балам кой сойуп.Келиним окообуз ичек чабак жууп.Казанга эт салып эн жакшы коргон тамагыбыз беш бармак жасап жееп олтурганбыз.Дарбаза тарактап калды.Чындыгында ошол кундору эшик тырык деседа, ай куну жетип калган келинимден бир кабар келет бекен деп жол карап кун откоруп жатканмын.Ордунан тура жаздаган баламды олтура тур дегендей баш ийкеп чон небере кызыма -кызым сен карап келчи ким экен дедим.Кызым жугуруп кеткен болуучу.Ангыча эле -эне тайнем келди деп бакырганынан журогум шуулдап жаным оозума келди.Биринчи кудамды кандай шамал учурду экен деп ордумдан туралбай калтырап сорго турдум.Балам мени бир карап койуп кайненесин утурлай жоноду.Этегиме чалынып же калошумду таппай мазы менен сыртка жонодум.Коптон бери корушпогон кудагыйым,мендей ондон тайып калган болсода жузундо бир кубаныч бар болуучу......уландысы бар....
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев