—Кандай ойлойсуңар, колумдагы стакандын салмагы канча чыгат?
аудиторияда түрлүү ойлор айтыла баштайт
—200 граммдайго! Жок, 300 грамм менимче! А балким 500! -жообтор таркай баштайт
—Мен стаканды тартмайынча салмагы канча экенин анык билбейбиз. Бирок, азыр бул тууралуу эмес! Менин суроом мындай: Стаканды ушундай акыбалда көтөрүп бир-нече мүнөт турсам эмне болот?
—Эч нерсе!
—Ооба коркунучтуу эч нерсе деле болбойт -дейт профессор. —А эгер ушундай акыбалда эки саат турсамчы?
—Колуңуз ооруп баштайт!
—Бир күн кечке кармап турсамчы?
—Колуңуз алсырап баштайт, күчтүү булчундуу оорулар пайда болот. Ооруканага түшүп калышыңыз деле мүмкүн -дейт студенттердин бири.
—Кандай ойлойсуңор, күн бойу кармап турсам, стакандын салмагы ашабы?
—Жок! -деп жооп беришет шекшиген студенттер.
—Анда эмне кылуу керек ушундай болбошу үчүн?
—Стаканды жөн эле койуп койуш керек! -дейт шайыр студенттин бири.
—Туптуура айтың! Жашоо дагы ушундай. Бир көйгөйүң тууралуу бир нече мүнөт ойлосоң, ал сага жакындайт. Ошол көйгөйүң тууралуу эки саат ойлонсоң, ал сени жеп, соро баштайт. Эгер бир күн кечке ойлосоң ал сени алсыздантырып жашоого үмүттү жок кылат. Көйгөй тууралуу ойлонуу керек бирок, аны менен көйгөйдүн салмагы жеңилдеп калбайт.
Көйгөйүңдү чеч же четке сүр. Жүрөгүңө мындай ташты көтөрүп жүрүүңдүн мааниси эмне?! КОЙУП КОЙ СТОЛГО!!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев