Эшикте кимдир бироолор каткырып журот. Акырын сыртка чыксам отконку мага жолуккан балдар экен. Корсо булар кочо балдары окшойт. Тууру эле уй жака кирип келишти. Эшикти ачып кол сунсам колго бир чаап отушту.
-жигиттер ,жигиттер силер кайда ?
Адик оозундагы чуугун айлантып:
- э энендурайын каччы жолдон.
-жигиттер мейли киргиле бирок акырын.
-не? Акырын сен озунчо…
-Адик болдучу.
-ээ могу чуйукту артына сайып койбоюн. Мен келгенде мондой нормально ,норьмално журсон уктунбу чубак! Хахаха. Жигиттердин баары ага кошулуп каткырышты. Алардын каткырыгынан Айша ыйлап кирди. Мен жиним келип бирок унчуга албай туруп калдым.
Адик:
-эуу бар баланды карабайсынбы? Мен башымды ийип отуп кеттим. Айшаны которуп ооу,оуу деп соорото баштадым. Адик бутун чечпей басып келип:
-аты ким?
-аты Айша.
-оо соонун ат экен. Канчага чыкты? Бирден отуп калды жакында сентябрьда экиге чыгат.
-балан болгон кандай экен анан?
-мм жакшы эле…
-и мына сооронуп калды. Не продукта,сродукта барбы?
-ии бар бирок ааз эле калды.
-аа баланды жаткырып сыртка чыксан брат макулбу?
-макул…
Айшаны уктатып алардын артынан чыктым. Тегеренип отурушкан экен ,менда алардын жанына отурдум. Алар учоо эле. Адик,Нурсултан,Калдар. Учоо менен жакындан танышып алдык. Биздин топко кошул ,дагыда коп балдар бар дешщет. Мен макул болбосомда алар кошуп алышты. Эми биз торт жигит болдук. Алар бир топко чейин суйлошуп отуршуп уйлоруно кетишти. Мен да кирип жаттым. Танда атып адаттагыдай Айша ыйлап ойготту. Кийимин булгап салган экен .мен аны урушуп:
-ии дагы мени кыйнап жатасынбы? Жок дегенде айтып койсон боло. Качан чоноёсун,качан озун пи-пи деп каласын? Батырак чонойчу макулбу?
Кийимдерин алмаштырып жасалма сут жасап берсем такыр ичпей ыйлап туруп алды. Бул дагы эмчек эмем деп калганго. Турат тайкемдин уйуно барсам алар жок экен. Айлам кетип ,эмне кылышымды билбей Айшаны которуп жолдо турсам арт жактан:
-ээ кепка!
Артка карасам жанагы мени менен Бишкектен келген Жалил байке менен Асыл эже ат арабада отурушуптур. Тан атпай талаага чыгып баратышканго,мен суйунуп эле алардын жанына барсам:
-ээ Канат укам сенби?
-ооба мен кандайсыздар?
-балан жакшыбы?
-балам ыйлап эле тынбай жатат. Жалил байке аялын карап койду эле Асыл эже дароо:
-ии кел баланды мага бер,мен эмизип берем. Женем ат арабада калып,Жалил байке экообуз басып кеттик.
-Кандай Канат бала менен кыйналбайтасынбы?
-жоок байке ,баары жакшы конушуп калдым.
-укам мен сага ишенем ,анткени сен аксын! Эсинде болсун ак ийилгени менен такыр сынбайт ,сенда сынбагын макулбу?
-мм макул байке.
-эркектин башында нелер гана болбойт дейсин,сабр кылып чыдап койсон эле баары жакшы болот. Тураттан угуп калдым эле айылдын четинде жалгыз уйдо жашап журупсун?
-ооба ошол жердебиз.
-этият бол ал жака биздин тентек балдар барып алчуу эле.
-ооба алар менен достошуп да алдык.
-достошуп? А майли,жакшы балдар бирок алар. Айылыбыздагы кыздарды коргоп турушат,башка айылдын балдарын киргизишпейт.
Ошентип алар талаага жоноп кетишти,мен Айшаны которуп алып уйго бардым. Кеч кирип Айша дагы ыйлагынан Турат тайкемдин уйуно которуп бардым. Женем кулуп :
- бала муну эмчектен чыгарыш керек эми. Каранызчы чон кыз болуп калса дагы сут эмем деп турса.
-а мен кантип чыгарышты билбеймда.
Турат тайкем:
-ээ Канат сен аны билбей эле кой,женен озу эптейт. Журу чай ичип алалы.
-макул ,а таэнем кайда?
-таэнен жататда,башка эмне кылат дейсин?
-биз менен кошо чай ичпейби?
-жоок укам таэненен озунчо тамактанат,коп жей албайт. Айтмакчы сен тууралы ушактар тарап,бул жакта экенин билинип журналисттер жабыла келген экен.
-анан?
-баягы кочодо жургон балдар журналисттерди машинасынан тушуруп алып куушуптур хахаха . Эми келбес болушту окшойт.
-ошондой кылганы деле жакшы болуптур.
Биз тайкем экообуз тамактанып чыксак,женем озунун баласын жаткызып коюп,Айшаны сорудо которуп отуруптур. Айша тим эле кыткылыктап кулот. Жаш баланы кечинде жолго ,кочого алып чыкпайт экен. Женемдер биз кетели десем такыр болбой алардын уйундо калдык. Баягы эмчек эмем деген Айша жок,бир кундо эле эмчектен чыгып калганы кызык болду. Би рубак женемдин баласы чынырып ыйлагынан Турат тайкем женемди урушуп кирди. Корсо Алинин оозу ачуу болуп калыптыр. Женем ошентип Айшаны эмчектен чыгарган экен. Турат тайкем кайра кулуп,бизда кулуп отуруп калдык. Бара- бара женем быламык жасаганды уйротуп Айша быламык жей баштады. Кээбирде Айша жебей койсо озум тазалап жеп коём . Жаш балдардан ушунчалык жииркенчуу элем,кийин Айшан жебей чыгарып койгондордуда жээчу болдум. Ал гана эмес баардык наристелерди суйуп калдымбы,баары таза,баары жакшы . Мунун баарына Айша себепчида.
-охооо Айша кайда азыр?
-азыр айтам дос шашпай тур.
-ээ тим эле укмуш,дагы эмнелер болду?
Бир куну кечинде кочодо балдар ышкырат,сыртка чыксам кочо балдары. Колдорунда бирдемкелер бар экен . Алар менен саламдаштым. Адик кулумсуроп карап:
-неме, Канат Айша чонойтабы анан?
-ооба чон кыз болуп калды.
-а биз буларды алып келгенбиз атайын. Алардын колундагы баштыктарда,картошка ,куруч, оюнчуктар,куурчактар бар экен. Мен суйунуп эле:
-оо рахмат жигиттер ,мунун баары магабы?
Адик кабагын тырыштыра:
-эмне? Сага эмес Айшага.
-Айшага? А.а.а рахмат .
-ал азыр ойго элеби?
-ооба ойго.
Алар уйго киришти Айшаны бетинен обушуп ,Акдик аны бекем кучактап :
-менинда кыздарым ушундай болсо ээ. Айша биз сага эмне алып келдик билесинби? бул куурчактар ,оюнчуктар ии анан бул жерде сага кийим да бар. Ал кокурок чонтогунон баштыгын алып, андагы асты-усту менен Айшага чак келчуу койнокту Айшага корсотуп,кубанычы койнуна батпай суйлоп жатты. Жанында берки жигиттер да тамшануу менен Айшага карап турушат. Айшанын жузуда кулумсуроп кичинеден ун чыгарып коёт.
Мен болсо дубалга жолонуп балдардын бул кылгандары учун ушунчалык ыраазы болуп турдум. Ооба Айша жалгыз эмес ,анын байкелери жана мага окшогон атакеси ,апакеси бар эмесби. Жигиттер кетеринде бири-бирин чушш-акырын деп чыгып кетишти. Кундор токтобой ото берет тура. Учкан кушка салыштырайын десен,учкан куш деле акыр барып бир жерген конот экен. Убакытчы?жоок ал конбойт, ал конушту унутуп койгон туз учкан куш. Куз да келип Айша экиге чыгып калды. Турат тайкемдин уйуно Айшаны женеме таштап коюп ,тайкем экообуз талаага чыгып эгин жыйнап журдук. Мен баягы эле башымдан кепкамды тушурбой кием. Бирок элдин баары мени таанып буткону менен ,мен жонундо ооз ачышпайт. Аравандын элдери бири-бири менен аябай ынтымактуу жана биримдиктуу,уюшумдуу экен. Талаада бири-бирине жардамдашып ,иштерин бутурушот. Баягы ак жаным,кара болуп куйуп калдым. Кечинде талаадан чарчап келип Айшаны короорум менен бут нерсени унутам. Женем аны каз-казтап журуп бастырып койду. Ал басканда журогум жарылып кетчуудой болуп ,жаш балача суйлоп дуйнодогу эн бактылуу адам болуп калбадымбы. Айша кээде такыр ыйлап туруп алат экен. Жумуштан келсем ыйлап жаткан болот,мен колума алаарым менен тык басылат. Мени коруп атьа,апьа деп калат. Бала бакыт деген эн туура тура. Айша менин бар бакытым болуп калды. Мен убагында сахнада элдер кол чаап,кээбири мага кошулуп ырдап ,колун ары-бери булгаласа ушул бакыт дептирмин. Корсо андан да откон бакыт бала турбайбы. Чынында кичинекейимден ак кол болуп осуп,талаада иштеген мен учун оор болду. Кичине иштеп эле чарчап отуруп калам. Турат тайкем:
-э Канат бол тез-тез.
-кичине эс алып алайынчы тайке.
-батырак бутсок Айшага да батырак барат белек дегеним…
Айша дегенде дароо ордумдан туруп кетменди алып ,картошка казып же жугорулорду кайрып ,оруп кирем. Ошентип эгин-тегин жыйналып кыш да келди. Кышында Айша катуу ооруп мени аябай коркутту. Бейтапканага барып эки жумага чейин дарылаттык. Ал жерде анын документ,куболугу жок болгону учун аябай кыйналдык. Турат тайкем эптеп суйлошуп отуруп бул ишти бутурду.
Айшага куболук алам деп барбаган жерим,кирбеген эшигим калбады. Айша оорусунан сакайып ,уйду жылытып экообуз жашап жаттык. Бара-бара тили чыгып аз-аздан чулдурап суйлой баштады. Женемдер уйго келип конок болгула дегенинен алардыкына бардык. Айша менен Али бирдемкелерди талашып ойноп калышат,кээде ыйлашат. Женем соонун кылып аш демдеген экен. Аябай даамдуу болуптур чынында. Мындай ашты,мындай тамакты биринчи жолу жешим. Кечинде кошуналар дуу-дуу болуп калышты. Сыртка чыксак Акдиктер чуркап баратышат. Айша женемде калды. Турат тайкем экообуз аларга кошулуп чуркап бардык. Бир кошунабыздын эки кою жоголуптур. Уруулар кой кароочу жердин арт жагын жарып кетишиптир. Элдин баары ызы-чуу тушушту. Акыры эки адамдын изин таап алдык. Ал из менен экинчи кочого чыктык. Корсо алар эми эле алып качышкан тура. Адик ,Нурсултан,Калдар болуп алардын унаасын таап алдык. Ал учоо бат чуркашат экен. Уруулардын артынан чуркап жоношту. Мен чуркап баратып демигип туруп калдым. Алар бурулуштан бурулуп корунбой калышты. Четти карасам бир маршрут журуп турган экен. Дароо барып терезесинен карасам айдоочусу жок ,бирок ачкыч турат. Маршрутка отурсам айдоочусу уй жактан эч камырабай келе жатканын коруп калдым. Ал келсе унаасын бербей коёт деген ой келип маршрутту айдап кеттим.Бурулуштан бурулсам тээ алыста тиги учоо чуркап баратышат. Алардын жанына келип жай айдасам ,чуркап баратышып мени карап-карап коюшат. Чыккыла деп аларды чыгардым. Балдар тан калышып,кийин жолду корсотуп баратышты. Биз уруулардын артынан баратып башка бир кочого кирип алардын астынан чыкмай болдук. Ушунчалык катуу айдап баратканымды озум билбей калыптырмын. Эки кочонун кечилишинде алар менен жанма-жан келдик. Биз аларды капталдан сузуп четтеги дарака жабыштырып салдык. Балдар дароо тушуп аларды унаадан тушуруп сабап киришти. Койлор экоотен арт жакта экен. Аларга эчтеке болгон эмес . Нурсултан экообуз койлорду тушуруп маршруттун ичине киризип салдык. Урууларда тортоо болчу. Калдар алардын колун байлап жатты. Адик бироосун басып алып сабап ,кайра-кайра урат. Тигини болду деп койгула десем Нурсултан ,Калдар такыр болбой коюшту.Корсо Адиктин талмасы кармаганда жанына эчкимди жолотпойт экен. Анын ошондой жиндилик жайы бар деп айтышты. Менда жологондон коркконум менен астында жаткан киши олуп калса эмне болот? Мен эки жакты карап колума кар алдымда Адиктин бетине шыбап басып туштум. Адик чочуп кетип озуно келе тушуп ,ойлонуп бир жерди тиктеп отуруп калды. Ангыча айылдын элдери жетип келишти. Тиги урууларды милициялар унаасына салып абака алып кетишти. Ким кармады ? ким тутту? Дешсе тиги учоо мени корсотушот. Ошентип элдердин мен жонундогу жаман ойлору такыр жоголду десем болот. Баары мени макташып ,алкыштарын айтышты. Менин суранычым менен бул жерде экенимди эчкимге айтышкан жок. Эртеси райондун акими чакыртып акимге жолукканы Турат тайкем экообуз бардык. Аким мени болушунча мактап айткан нерсенди аткарам деди . Мен дароо эле Айшага куболук берууну,анын документтерин бутуруп берууну сурандым. Ал бир аазга ойлонуп макулдугун берди. Эми Айша гана эмес менда Аравандык болуп катталдым. Аким тарабынан Айшага кийимда берилди. Мен аябай ыраазы болдум. Кочодо журсом айылдын жаштары менин ырларымды угуп отуп кетишет. Кобунчо ырларымды уккан сайын башкача боло тушом. Чынында аны соз менен тушундуруш кыйын экен.
Досум Канат тагдырын айтып жатса эшик такылдап калды. Мээрбан айыманы операцияга жакын калганын айтып эскертип кетти. Канат мага карап:
-ушундай Совет…
-эмне бутуп калдыбы?
-жоок дагы коп бар.
-убакыт бар экенго айта берчи.
-мм макул…
Ошентип арадан жылдар отуп Айша мени ата деп калды. Озу тамактана алат,кээбирде идиштерди жууп коёт. Мектепкеда барды. Мектепте жакшы окуйт,жалан бештерди алат. Кобунчо апам кайда деген сурооун берчуу эле. Ана келет,мына келет деп журуп кийин акыл эсине киргенде бар чындыкты айтып салдым. Ошентседа кызым Айша ыйлап же таарынып калган жок. Мен элдин ишин кылып акча табам. Араванда дарбыз бышканда ар кайсы жактарга барып Жалил байке экообуз сатып келебиз. Акдик экообуз картошка сатабыз. Кобунчо эле кундорум базарда отот. Эми курсак тойгон жерде журобузда. Кечинде жумуштан кайтканда Айшага созсуз турдо бирдемкелерди ала келем. Озум элден кем болсомда,Айшаны кем кылбайм. Айша кээде менин кийингенимден уялат. Анткени жыртык-тыртык эски кийимдерди кийип аламда. Айша бир окууга баратып беш жуз сом мектепке деп сурап калды. Макул деп берип койсом базарга барып мага кепка ,байпак алып келиптир. Эмнеге мындай кылдын десем сиздагы жаны,жакшынакай кийимдерди кийиниз дейт. Сакалынызды алын адамга окшоп журун дейт.Кызымдын бул создору мени тап-такыр озгортуп жиберди. Баягы жудомуш Канат жок,Айша экообуз базарга тушуп ,ага жаккан кийимдерди алдык. Экообуз тен кийим кылдык. Кызым ушунчалык акылдуу,ыймандуу ,сулуу болуп осту. Коз тийбесин ,коз тийбесин.
-ээ досум кандай бактылуусун ээ?
-ооба менден откон бактылуу адам бар дейсинби? Канаттын козуно жаш тегеренип ,коздон жашын аарчып жиберди.
-ээ эмне болду сага? Эмне ыйлайсын?
-бирок мен азыр бактысыз жанмын досум тушунуп жатасынбы?
-эмне? Айшага бирдемке болдубу?
-жоок кудай сактасын досум… Канат озун жыйнап алып созун улады. Кызым эми мынтип чоноюп калганда анын ата-энеси Акыл байкелер уйго келишти. Мен аларга капа болгонум менен алардыда туура тушунуш керек. Канчалаган жылдар бою чет олкодо журушуп ,эми акталып кайтып келишиптир. Чынында мен шоу-бизнестин жанылыктарынан тап-такыр алыстап кеткен элем. Айша ата-энесин коруп аларга барбай койду. Мени кучактап кетпейм деп ыйлап туруп алды. Акыл байке дагы бир уулду болгон экен. Акыры Айшаны сен ининди карайсын деп отуруп аны кондурушту. Айшанын кийимдерин салыштырып отуруп ыйлап жибердим. Себеби журогумдон айрылып жаткандай эле болуп турдум. Алар аркы болмодо отурушат. Мен канчалык ыйласамда такыр дабышымды чыгарган жокмун. Муштумумду тиштеп эзилип отурдум. Акыл байке чакырганынан коз жашымды дароо аарчып кулуп чыга келдим. Айшанын маанайы жок,апасынын алдында отурат. Ошентип коштошоордо Айшаны бекем кучактап:
-Айша ыйлаба макулбу?
Айша улам-улам жашын аарчып коёт.
Ыйлаба кызым. Бул кундор баарибир болмок,сен эстуу кызсын ,сен баарын жакшы тушуносун . Биздида тушун . Сен мага аманат болчусун,мен аны аткардым. Сени капалантып койсом кечирип кой ээ.
-ата сиз эм имени кызым дебейсизби?
Айшанын бул созунон коздорум жана тушту. Жаратылышта мага кошулуп шамалы бир башкача шуулдап кирди. Акыл байке алайып эле карап турат. Мен Айшаны ого бетер кучактап ,кулагына акырын гана:
-мен сенин атанмын, а сен менин кызымсын. Бизди тагдыр кошкон эми тагдыр ажыратып жатат. Анткени бул буйрукда кызым. Сен эми озундун уй-булоон менен бактылуу жашайсын . Ата-эненди бобогунду жакшылап карап,эстуу кыз болгун макулбу?
Айша ыйлап-ыйлап башын ийкеди. Мен такыр ыйлабай койдум. Ошентип алар жоноп кетишти. Алардын артынан копко карап туруп уйго кирдим. Уйго бир нерсе жетишпегендей ,жалгызсырап калдым. Баягыдай уйдо бакыт жок. Айшанын назик кулкусу,ширин создору жок. Ата деп турган кызым жок . Мен туура эмес кылдымбы ? же туура кылдымбы билбейм бирок Айшаны бербешим керек эле. Айша озу чечсин деп койсом ал баарибир мени тандамакда. Акыры чыдай албай уйдогу бар нерсени чачып,бакырып-окуруп ыйлап кирдим. Сыртта жан жаай баштады. Чагылгандар чартылдап аларда мен сындуу окуруп жатышат. Мен сыяктуу булуттар ыйлап жатышат. Уйду самандай сапырып ,озумду озум уруп жаздыка башымды коюп жатып калдым. Айшанын кетиши мен учун жашоонун бутушу эле. Озумду озум олтуруп салгым келди. Бирок ага колум барган жок. Биз мин азапка батсакда,мин кубанычка батсакда тан атып,кеч кирет тура. Эки-уч кундон сон кайра жудонку болуп талаага чыгып иштей баштадым. Башта Айша учун жан куйгузуп иштеп журсом эми кара-курсактын айласын кылып журомда. Катуу чарчап уйго барсам баягыдай алдымдын тосуп чыкчуу кызым жок. Чарчагыма чарчоо кошулуп алсызданып барам. Ошентип арадан эки жума отуп кетти. Мен жонундо ушак кептер тарап жатты. Айшанын кеткендиги тууралуу Турат тайкемден башка эчкимге айткан жокмун. Бир куну уйго кечирек келсем эшиктин алдында бир кыз отуруптур. Айша окшойт деп суйунуп ,кетменимди ыргытып чуркап барсам башка ,чон эле кыз экен. Мени коруп ордунан шарт турду.
-сен кимсин ?
-Канат байке бул сизби?
-ооба сен кимсин дейм?
-мен ,менин атым Алия.
-Алия? Мен сени тааныган жокмун.
-билесизби биз акыркы жолу сейил бакта жолукканбыз. Экообуз сузушуп кетип ,сиз мени кулатпай кармап калбадыныз беле?
-аа эстедим,эстедим. Кандайсын ? менин бул жерде экенимди кантип билдин?
-сиз жонундо гезиттен окуп калып ,кабарчыдан дарегинизди алып келдим.
-эмне? Газета?
-ооба мына азыр. Алия сумкасынан гезит алып мага берди.
«Бир убакта жылдызы жанган Канат,эми мынтип элдин ишин кылып журот. Кара жумушчу болуп,никесиз торолгон кызын багууда. Чынында уятдагы болуш керекда»деп жазылыптыр. Астында талаада иштеп жургон суротторум да бар экен. Ушунчалык ачуум келип гезитти айрып салдымда уйго кирип кеттим,артымдан Алия кирди.
-сен эмнеге келдин!?
-Канат байке мен атайын…
-эмне атайын !? жогол!кет!
Алия бурчка кадалып туруп калды. Мен дагыда ачууланып тошокторду тээп ,сыртка чыгып кеттим. Биздин уй адырларга жакын эле . Адырга чуркап чыгып жатып калдым. Кечки саат ондорго жакын уйго тушсом Алия дале кетпептир. Менин ачуум тарап калган эле. Уйго кирсем чачылган уйум бут жыйналыпидиш-аяк жуубулуп ,казанда тамак бышып жатат. Алия менин киргенимди коруп ордунан туруп калды . Мен ага тигиле карап:
-атын Алия беле?
-ооба Алия…
-Алия неге келдин ошону айтчы мага.
-байке мен сизди коргум кел…
Мен дагы бакырынып :
-айт ,тез-тез!
Алия чочуп кетип коздору бажырап,кайра-кайра козун ачып жумуп туруп калды. Мен анын жанына барып бешенсине бешенемди тийгизип,кыжырым менен:
-эмнеге келдин дейм.
Алия ушунчалык коркуп ,журогу тушуп :
-Ка.ка.нат ба.бай.ке
-айт дейм…
Алия ыйлап жиберип мени бир турттуда:
-анткени мен сизди жакшы кором уктунузбу? Сиз мен ойлогон ,мен куткон инсансыз. Сиз мен учун ардайым ак,таза жана менин жактырган адамым бойдон кала бересиз!
Алиянын башкача соз менен жеткиргис создору денемди дуркуротуп жиберди. Ал созун айтып коз жашын аарчып туруп калды. Мен ага боорум ооруп:
-Алия мени кечирип койчу. Сен эмне куйоого турмушка чыккан жоксунбу?
Алия бир жутунуп,кайра ыктытып акырын гана:
-мен сизди куттум…
Журогум ушунчалык жылый тушуп,менда бир адамга керек экенимди эстесемчи. Менда чыдай албай козумо жаш айланып Алия кучактап алдым. Ага рахматымды айтып экообуз чогуу тамактанмай болдук. Алия уйундогулорго чалып тушундуруп койду. Айша кетип Алия келип тагдырдын кызыгын карачы досум. Эртеси Алияда жоноп кетти. Эми эле жуунуп-таранып сыртка чыксам сен келип калыптырсын. Сенден кийин баары келди. Ата-энем досторум,туугандарым. Тынбай иштеп журо бергенгеби бойрогум ооруп калыптыр. Мен шаарга келген сон бул оору билине баштады. Кызым Айша кайда экенин такыр билбейм. Мына ушинтип бейтапканага жатып калдым. Бугун экинчи кунум операциядан чыкпай каламбы деп корком. Ошон учун сени чакыртып аз болсода женилдеп алууну чечтим. Себеби сен…
-болду досум калганынын кереги жок. Ангыча эшик тыкылдап убакыт болуп калганын айтышты. Алия эшикти ачып Канатты операцияга киргиздик. Эми мен дагы бир адамдын турмушун билип жатам. Алия экообуз сыртка чыгып отурдук. Алия чынында ачык-айрым тартынбаган ,аябай ак конул ,татынакай кыз экен. Анын Канатты суйгону даана эле билинип турат. Озу айтпаса да коздору айтып жатпайбы. Эки саатка чейин суйлошуп отурдук. Кабарчылар Канаттын абалы тууралу жер жузуно жарыялашты. Бир убак бир такси шашылыш келип токтодуда ичиненен секелек аталап кыйкырып бейтапкананын алдына келди. Бул ким экен деп танкалып карап калдым. Жакшылап ойлонуп корсом бул Айша болушу мумкун эле. Мен дароо Айшанын артынан чуркадым. Ал экинчи кабатка чыгып «Канат Ата» деп кыйкырып ыйлап баратат. Догдурлар жолун тоссода болбойт. Акыры артынан жетип далысынан тартып6
-Айша! Бул сенби?
Ал мени жаш аккан коздору менен карап:
-Ак Булут байке … ал ыйлап жатты. Мен анын алдына отуруп:
-Айша бул сенби?
-ооба мен атамды издеп журом.
-ким ? Акыл байкениби?
-жоок сиздин досунуз Канатты.
-Канат? Айша ал азыр…
-байке атам кайда?
-Айша атан азыр догдурлар менен биз экообуз эртен келебиз макулбу?
-жоок мен атамды корушум керек. Ангыча артыбыздан «Айша,кызым Айша»деген ундор жаныра баштады. Акыл байке аялы менен келген экен. Мен ордумдан турдум. Айша аларды коруп менин бутумдан бекем кучактап алдыда:
-байке ,байке мени алып кетинизчи.
Акыл байкелер тык токтоп калышты. Мен бир Айшага карайм,бир экооно карайм. Эмне кылышымды билбей турам . Айша мени ушунчалык бекем кармап турду. Мен ага болушуп Айшаны котордумда:
-Акыл байке ! мен Канат эмесмин. Айшаны сиздерге бербейм,мен баарын билем уктунузбу!?
-Сен кимсин озу?
-Мен Канаттын досу болом.
-кызымды бер!
Айша мени моюнамдан бекем кучактап ,тырнагы отуп кете жаздады. Акыры мен аларга курч коздорум менен карап:
-Айша булрага барасынбы же мени менен кетесинби?
-сиз менен кетем.
Ата-энеге мындан откон азап жок болуш керек. Экоонун тен козу алайып ,оозу ачылып туруп калышты. Мен болсо Айшаны которгон бойдон кетебердим. Акыл байкенин аялы ыйлап аны урушуп жатты. Ошентип биз уйго келдик. Айшаны сооротуп экообуз чогуу тамактандык.
-Айша?
-ооу.
-сен мени каяктан тааныйсын?
-мм биз сиздин чыгармаларынызды окуйт элекда.
-анан?
-мага баары жагат болчу. Сиздин жазган китептерди уйго алып келип окуйт элем. Кийин гезиттерде да жаны чыгармаларынызды коруп калып уйго алып келсем атам сизди бул менин досум деп айтты. Айтышы боюнча сиз озунузду корсотпойт экен элениз. Ак Булут деген атыныздан тааныды.
-аа менин атым Совет экенин билесинби?
-ооба бирок Ак Булут деген мага кобуроок жагат.
-аа хахааха мейли карындашым,эмнеге Акыл байкеден качтын?
-ал жаман экен.
-эмне учун?
-кечке эле уруша берет,аялы экоо инимди кобуроок жакшы корушот.
-сен аларды ата,апа деген жосунбу?
-жоок…
-аа мейли ,мейли эми жатып укта ээ?
-а сиз эмне кылас?
-эмне кылайын?
-мага жомок айтып бересизби?
-анан уктайсынбы?
-ооба…
-журу анда жай салалы ээ. Айшаны тошоко жаткызып коюп жомок айтып бердим. Бирин айтсам ,экинчисин угам деп такыр болбойт. Ошенип уч жомокту бутуруп анан уктап калды. Туну корком кетпен дегиненен ноутбугумду анын болмосуно алып келип Канаттын тагдырын жаза баштадым. Тан атканча уктабай отуруп жазып койдум. Алияга чалсам такыр албайт. Мен ушул жерге чейин жазып койдум. Айша менен Канаттын жолукканында кошсом эн бир сооунун чыгарма болчудай. Эрте менен Айшаны ойготуп экообуз тамактанып бейтапканага бардык. Канат операциядан ийгиликтуу чыгыптыр. Алия Канатты уктап жатат,азыр жанына эч кимди киргизишпейт деп калды. Анткенине карабай Айша экообуз Канат жаткан болмого бардык. Ошол жерде иштегендер мени тааныйт болчу. Киреберели коруп эле кайра чыгабыз десем акыры макул болушуп,Айша экообуз жетелешип алып кирдик. Канат бейкапар уктап жатат. Айша аны короору менен « Ата!»деп кыйкырып жиберди. Мен дароо «чушш…» деп экообуз акырын анын жанына бардык. Айша акырын гана :
-ата мен келдим,сиз эмнеге козунузду ачпайс?
-туура Канат,козунду ачсан сенин кызын Айша келди. Канат дагы деле эчтекени сезбейт. Ойгонобу экен деп далысынан секин турткулоп кордум. Ойгонбоду. Айша кабатырда аны карап турат. Мен ага жылмайып карап:
-Айша жур сыртта кутуп туралы ээ?
-жоок мен кетким келген жок.
-амей акыры сен атана эстуу кыз болом дебедин беле? Эстуу кыздар минтсе уят болот. Журу эшике.
Айша тултупюп акыры «макул»деди. Мен аны которуп алып сыртка жонодум. Айша артка бурулуп Канаттан козун албайт. Эшике эми эле жеткенимде ал менин далымы чапкылап жиберди:
-атам,атам турду! Атам.
Айшанын буттарып тыпырчылап такыр болбойт. Канат ойгонуп козун ачкан экен. Айшаны тушуруп жанына бардык. Айша шаша-бушо:
-ата,ата мен келдим. Ата мен эми эч кайда кетпейм,мен кетсем сиз ооруп калат экенсиз. Ата мен жакшы кыз болом,сизди оорутпайм атаа. Канаттын коздорунон жашы сызып:
-Айша мен сени эчкимге бербейм. Мен бул экоону коруп козумо жаш тегерене тушуп сыртты коздой жонодум. Алия сыртта кутуп турган экен.
-Совет байке эмне болду? айтынызчы?
-Канат козун ачты…
Алия дароо чуркап Канаттын болмосуно кирип кетти. Сыртка чыксам Канаттын ата-энеси ,бир туугандары отуруптур. Мен аларга Канаттын козун ачканын айттым. Аларда дароо кетишти. Алардан кийин эле Акыл байкелер кирип келишти. Мени коруп тык токтошту. Акыл байкенин жанына бардымда:
-Акыл байке балким бул сиздин катаныз же жанылыштыгыныздыр. Бирок мунун ондоо жолу бар.
-айтчы кантип? Кантип ондосом болот. Акыл байке шашып кетти. Алар ойлоду Айшаны кайра алабыз деп.
-ондоо жолу Айшаны Канатка бергиле.
Акыл байке катып туруп калды. Аялы жолугу менен оозун жаап ыйлай баштады. Акыл байкенин далысын таптадымда:
-байке бул деген тагдырдын жазганы,сабр кылыныз анткени бул «БУЙРУК»…
Эшике чыгып унаамды айдап кетебердим . Жолдо келатып жол тыгын болуп калды. Бир тилемчи аял унаалардан акча сурап келатат. Мен да акча берип коёюн деп тыйындарымды издеп ага бере калайын деп жузуно козум тушту. Журогум дук этип,тынчсыздана кетти. Мен тыйынды берип:
-эже атыныз ким?
-эмне кыласын?
-айтсаныз дагы акча берем.
-атым Гулум…
Ооба бул ошол Канатты азапка салгандардын катарындагы Гулум деген кыз эле. Мен анын колуна мин сом карматтымда андан ары жолумду улап кетебердим. Ким ,кимге азап берсе ал баарибир бир куну кайтып келет. Анкени бул дуйно ,кайтар дуйно…
Арадан айлар отту….
-----------------------------------------------------------
Айша ,Алия болуп катарлаш отурабыз . Айша менин жанымда. Колумдан тарткылап:
-байке чын эле бул концертти атам мага арнадыбы?
-ооба акыры «Кызым» деген концерт берип жатпайбы? Сенден башка кызы жокго акыры.
-аа неге элдин баары турат,биз отурабыз?
-азыр Канат ырдап чыксын анан тээ сахнанын алдына барып алабыз макулбу?
-макул. И байке?
-ооу,
-кулагынызды тоссонуз.
Мен ага кулагымды тостум.
-мынобул Алия эже эм именин апам болобу?
-эмнеге?
Ал мага кутучаны корсотуп:
-муну атам берди,ичинде шакек бар экен. Бугун Алия эжендин колун сурайм эми ал сага апа болот дедиго?
-аа чын,апан болот. Алия жагабы озу сага?
-ооба менинда ушундай мээримдуу апам болсо деп тилек кылчуу элем.
-иий шириним десе,о мына концертда башталды…
Мына канчалаган жылдар отсода,ак акталып ,кара караланды. Канат досум бугун «Кызым» деген чон концерт берип жатат. Алиянын колун сурайт экен. Ылайым бактылуу болушсун. Акыл байкелер Айшаны Канатка беришти. Канат баягыдай секирип ырдап элдин мааанайын которуудо. Кантседа менин досум,Айшанын атасы,Алиянын куйоосу кыргыздын жигити!
Ак Булут дагы бир чыгармасын мына ушинтип аяктайт. Ар бир нерсе Алла Таалам жазган буйруктан ,бешенге жазганды баарыбир коробуз. Анткени ал буйрук…
Чоон рахмат достор мен бул чыгармамды Аалы Токомбаевдин "Куунун сыры" деген чыгармасы менен салыштыргым келди. Аалы агам кайгылуу кылып аяктаган ,а мен тескерисинче. Озумду ага тенегеним жок бирок ал озу болсо мени тушунмок....
Комментарии 210
Журоко жете турган