- ээй сен бироолорду жетим калтырдынго!
-эмне бироолор кызсыз калса болобереби?
-чыгып кет! Башчы журогун кармап ,стол таянып калды.
- кайда чыгам. Мен кайра кычыдым.
- жогол! Кайдан келсен ошол жагына жогол! Уктунбу!
Мен ушунчалык ачуум келип,дароо уйду коздой жонодум. Тан атпай уй ээси да уйбулоосу менен келип калган экен. Колуна 3000мин сом карматып,чыгып кеттим. Чыксам Адик байке жолдо туруптур. Унаадан тушуп ага жолуктум:
-Акжигит озу эмне болду эле?
- байке бир кылмышкерди атып койсом,ошого жумуштан айдады.
-али сен озунду ойлоп жатасынбы? Аселге эмне болду?
-Асел?
Асел такыр оюма келбептир. Башым кынн! этип ооруй тушту. башымды кармап отуруп калдым. Байкеси уйуно жетелеп кирип,суу берди. Суу ичип отуруп калдым. Тиги кылмышкердин моюну буралып мени караганы такыр оюмдан кетпей койду. Балким анын арбагы бул азапты бергендир. Бир ааздан сон озумо келип,Аселге жолугайын деп,Адик байкеден уруксат алып болмосуно кирдим. Кирсем женеси жанын да отурат. Байкеси чыгып тур дегенинен чыгып турду. Мен Аселдин жанына барып отурдум. Байкуш бурчта бурушуп гана отурат. Эчким жок жерлерди карап эле,коздорун бакырайтып турат. Мен канча суйлодум бирок болбоду.
-Асел болду озуно келчи. Асел! Асел! Мен аны жулкуп кирдим, бир убакта ык! Эте чочуп мени карады. Асел мен жанындамын, Асел. Асел мага тигиле карап туруп калды. Байкеси эшикти ачып эми эле кирип келди эле, Асел мени карап турган жеринен, козунон жашы молт-молт кетип, мени бекем кучактап алды. Мен эчнерсе кыла албадым. Тамагымды кагып коюп эле отурам. Адик байке ун катпай эшикти жаап чыгып кетти. Эшик жабылаары менен менда Аселди бекем кучактап алдым.
-Асел мени кечирип койчу. Мен сени мынчалык коркот деп ойлобогом.
- Акжигит байкээ. Асел башка соз айтпай ыйлай берди. Мен да жаштанып кеттим. Акыры Аселди соороттум. Женеси бир табака чай нан,тамак кылып алып келди. Аселге тамак жегиздим. Арандан жеди байкуш. Мен да ага кошулуп тамак жедим. Отпойт болчу бирок Асел учун жешке туура келди.
Аселдин жанында копко отурдум. Асел эч суйлобойт. Мен анын конулун алганы аракеттенем. Ручкаларды куурчак кылып ойнойм,суйлойм. Аселим такыр болбойт. Акыры менда дубалга жолонуп ун катпай отуруп калдым. Бир убакта Асел суйлоду,мен анын талас деген жерин эле угуп калдым.
-эмне дейсин Асел?
-Таласка барып келеличи.
-мейли ,мейли качан?
Аселдин козунон жашы сызыла тушту,жашын аарчып:
-апамды аябай сагынып кеттим деп ыйлап жиберди. Ангыча байкеси кулуп-жайнап кирип келди:
-ошол элеби Асел хехе. Мен озум эле алып барып келем.
-жок! Акжигит байке менен барып келейинчи. Ал убакта баарыбыз Аселдин конулун ойлоп калган элек, байкеси дароо макул болду. Аселдин кийим кечесин алып ,менин унаам менен Таласка жоноп кеттик. Жолдо баратып,Аселди аран озуно келтирдим.
-Асел сен минтсен,сенден кайсы генерал чыгыш керек. Ажыдаарды жениш учун ,ажыдаар болуш керек да, сен минтип ыйласан ажыдаар боло албайсын.
Мен борбордогу башчынын созун кошуп суйлоп койдум. Бул мага айтылган соз эле,эми Аселге айтылды.Аселда башкага бироого айтпаса болду . Аселдин учугу кайтып калды. Экообуз кулуп-жайнап уйуно кирип бардык. Ата-энеси карапайым ,жонокой адамдар экен. Аселдин мектепте окууган иниси да бар тура. Биз менен саламдашып коюп эле машыгуу залына жоноп кетти. Асел уч бир тууган,Адик байкеси жана иниси. Уйдо инисинин сыйлыктары жайнап калыптыр. Ошентип баарыбыз чогулуп чай ичтик,тамак жедик. Тун кирип Асел экообуз эки болмодо уктадык. Уктап жатсам кандай бир дабыштар угулат. Чочуп турдум,дабыштар угулбай калды. Оохх тушум экен деп эми жатсам,сырт жактан дагы дабыш угулду. Кийинип алып дароо чыктым. Мурдакы кесиптештерим, Болсун Баеков жана кабат уйдо мени атам деген чочун караан турат. Мен аларды коруп катып калдымбы билбейм, эч кайда кача албай калдым. Же бир соз суйлой алсамчы. Ошол чоочун караан четирээк чыгып тапанчасын алып,мага карай ок узду.Мен эчнерсе кыла албай эле журогумду кармап кулап калдым. Ал октун унунон Асел ойгонуп кетип ,чууркап менин жаныма келдида:
-Акжигит байке турунуз,байкее.
Коздорум карангылашып кетти,онтоп-онтоп ордумдан ыргып турдум. Турсам кун чыгып калыптыр,уйдун ичиндемин, Асел мени карап танкалып:
-сизге эмне болду?
Журогум оозума келип кала жаздады,корсо булда тушум экен эхх. Эхх мага эмне болуп калган. Озумо ишене албай сыртка чыктым. Аселдин иниси кучугу менен ойноп жатыптыр. Асел суу даярдап берди. Бети колумду жууп эрте мененки тамака отурдук. Алдыбызга беш бармак коюлду. Ммм жытын айтпа,курсаганды ачыратко чиркин. Дамдуулугуна соз жок. Соонун экен. Тамшанып-тамшанып жедим. Асел апасы менен сырдашып аябай женилдеп калыптыр. Кыз бала ушул да, ичиндеги сырын башка бироого айтпаса кыйналып кетет. Туштон кийин бата кылып биз кайрадан Бишкеке сапар тарттык. Асел келатып уктап калды. Анын сулуу жузуно суктанып кантип Бишкеке жеткенимди да билбей калдым. Аселдин уйуно жетээрге аз калганда ,ал ойгонуп калды:
-кайсыл жердебиз?
- мына-мына жетип калдык. Бишкектебиз.
-амээй бат элеби?
-ананчы…
-жай эле айдасаныз болмок.
-эмнеге ? сени жолдо кыйналбасын дедимда.
- Сиз менен кобурок болсом дегем.
Мен дароо унааны токтоттум. Артка буруп жакшы бир кафени коздой айдадым.
-байке кайсыл жака баратабыз.
-азыр коросун.
Асел экообуз кафеге кирип тамактандык. Андан сон мен аны женил бийге тарттым. Экообуз ортодо бийлеп жаттык. Мен ошондо ага суйуумду арнайын деп чечтимда ,акырын кулагына шыбырадым.
-Асел?
-ооу…
- жигитин барбы?
Ал назик гана кулуп:
-эмнеге?
- Асел мен сени…
Асел соомойу менен оозумду жаап:
-чушш. Унчукпан… журогумду оорутас бекер.
- а эмне буга чейин бироо орутту беле?
-мм. . . жок десе да ,ооба десе да болот. Сиздичи?
-меники оорубайт,меники жалан оорутат. Экообуз кулуп калдык. Ал жерден чыгып уйду коздой сапар алдык.
-Асел аябай соонун бийлейт экенсин.
-рахмаат ,сиздагы.
-албетте сага жетиш учун аракеттенебизда .
-воой, хихихи .
Ал менин кулагыма жакын келип:
-эртен жумушка барабызбы?
-ээ менда башка нерсе айтат окшойт десе, жоок барбайбыз. Сен барасын ,мен барбайм.
Аселдин кабагы бурколо тушту.
-эмнеге сизчи?
-мени айдап жиберди.
-Ким ?
-башчынар.
- жакшы кылыптыр ошону. Асел артка жолонуп отуруп алды.
-Асел капаланбачы.
-сиз эми эмне кыласыз?
-мен баштагы жумушума барам.
-ал жактан бул жака келдиниз элего?
-ооба эми кайтчуу мезгил келди. Бир айдан ашып калды. Сен озуно этият бол.
-эмне учун?
-анткени мага керексин.
-оо-оо мен да бироолорго керек экенминда ээ.
-сенго мага керек экенсин ,менчи?
-билбейм.
-муну кара мага керек адамга ,мен да ага керекмин.
Аселди уйуно жеткизип ,кайра алар менен коштошуп,туну менен жол журуп уйго жеттим. Танда атты,жумушка бардым. Кесиптештерге жолугуп,Болсун Баековдун болмосуно кирдим. Кирсем мен кетээрде келген жигит экоо каткырып отурушуптур.
-Аа Акжигит кел ,кел.
-Саламатсызбы жолдош Болсун Баеков.
-саламатчылык! Кайсы шамал учурду?
-мен кайрадан кайтып келдим.
Кулуп турган жеринен маанайы тушуп ,ручкасына бир-бир карап,ары-бери айлантып:
-Акжигит кандай десем… мм…
Ангыча тиги жигит:
-Болсун Баеков бул жигит бизге керек,макул десениз кайрадан жумушка алалы деп Баековко козун кысып койду. Ал дароо кулуп-жайнап:
-мейли ,мейли мен да ошону айтайын деп жаткам.
Тиги жигит мага жылмайып карап, жаныма келип:
- Ассалому алейкум.
-ваалейкум ассалом.
-Акжигит атынар?
-албетте.
- менин атым Улан.
-Улан? Аа жакшы ат экен.
Сырттан суйлошобуз анда. Ал далымды таптап сыртка чыгып кетти. Башчы экообуз калдык.
-Акжигит бул жигитти урматта. Экоон тен мен учун бирдейсинер,жумуш ордунарда бирдей.
-бул ким озу? Кайдан чыга келди? эмне башта коргон эмесбиз?
-Акжигит эми мындайда жумуш деген ушундай,жогоруу жактан буйрук келди. Мына эми тап-татынакай иштеп жатат. Ошол азырынча тапшырма жок,ишин болсо келээрсин. Мен макул болуп чыгып кеттим. Улан экообуз жакындан таныштык,достошуп да алдык. Жигиттердин айтымына караганда,акыркы мезгилде эн коп кылмышкер кармаган,Улан экен. Санаасан жыйырмадан ашуун. Меники болгону тортоо. Уландан артта калып кеттимби? Ал башка жерде журуп,бул жерден оз ордун таап кеттиби? Кантип? Менде баягыдай суроолор жарала баштады. Бир кун жумуштан сон уйго баратсам ,жигиттер куч сынашабыз деп калды. Макул болуп куч сынаштык,бир топ кучтуу болуп калышыптыр. Бирок баарибир женишти берген жокмун. Чарчап отурсак эле, Улан кирип келди,балдар кол чаап Уланды ,мени турткулошуп эле ортого алып чыгып коюшту. Мен жок деп чыгып баратсам ,Улан:
- эмне корктунбу дос?
-сенденби?
-ким менен чыгып жатасын?
-бир легендарлуу адам менен болуш керек.
- Арстан менен алышканга даярсынбы?
- али сен арстансынбы?
-ооба арстанча алышам, арстандар кутконду жаман корот. Менин ачуумду ушунчалык келтирди. Мен тездик менен ага жетип кулата тептим,ал жатып калганда:
-Эсинде болсун! Арстан, токойдо арстан! Токойдо жашайт! Сен эмнеге келдин билбейм? балдар баары каткырышып кол чаап жиберишти. Мен жуз аарчымды алып чыгып баратсам Улан:
-эмне жыгылган арстан кайра турбайт бекен?
-ким айтты турбайт деп?
-созду азыраак кылдагы ,менин соккуларымды тосконго жетиш.
Бала катуу кетти. Экообуз алыша кеттик. Чынында менден бир топ кыйын экен. Жер жыттабаган далымды кайра-кайра жер жыттатып ,козумду когортуп,мурдумдан кан кетирди. Мен ага женилип калдым. Ал кол сунуп мени ордумдан тургуздуда:
-эмне болду досум?
-женилип калдым…
-хехехе жок антпе досум, эч качан женилдим дебе дос.
-эмнеге?
- менин досум мендей болуш керек.
Кабылдын окуясы дагы бир эске тушту:
«Акжигиттин чынында кыйын экенине,мен анын тырнагына тен эмес экениме козум жетти . Мен андан женилгенимди мойнума алаарым менен ал мени бекем кучактап алды:
-досум женилдим дебе ! тайманбас бол ! Менин досум мендей болуш керек…».
Озумчо саамдарга ойлонуп да кеттим. Акжигит менен Кабылдын достугу,эми мени менен Уланга оттубу? Эмнеге алардын жашоосунда жуз берген окуяар ,менин жашоомдо болуп жатат? Мейманканадагы окуялар, бул жерде жигиттер тегерте курчап,ортодо уруш болгону,Уландын женгени. Мен эмне ошондо Кабылдын ордуна келип калдымбы? Баса бул иш боюнча иликтоо иштери эмне болду? Качан аягына чыгат?
Бейтапканага барып даарыланып,уйго бардым. Апам коруп чочуп кетти. Кыжалат болуп сурап кирди эле,атам :
- эмне болуптур козу когорсо? Жумушу ушулда мунун,бар тамагын коюп бер деп апамды ашканага жонотуп жиберип ,мени жанына чакырды.
-эмне болду ата?
-балам эми козун когорсо уйго келбе .
-кандайча ата? Мени уйдон кууп жатасызбы?
-жоок балам, болгону апанды кыйнап коёсун,айыкканда келээрсин.
Атам ээ атам,ушунчалык акылдууго ,апам учун да ,мен учун да кам коруп жатат. Аталардын туйшугу оор,баарын которуш керек ээ. Мен ата болсом ,менда атамдай ата болом буюрса. Асел экообуз кунуго телефондо суйлошчуу болдук,ал аябай мактанат:
Бугун бул менен куч сынаштым,бугун ал менен, дубалдан эки ашып туштум,анттим ,мынттим. Кыз бала да эми ,бала болсо коргулукту корсотмокмун. Болсун Баековдун туулган куну болуп,кафеде отуруп белгиледик. Тост айтып куттуктап,ырдап-бийлеп шандуу отурдук. Бир убакта башчыбыз ордунан туруп мындай соз суйлоду:
- рахмат кесиптештерим,досторум,туугандар ! мен бир чындыктын сырын ачайын да,угуп койгула ээ. Башчыбыз кызып алган ,арагын колго алып созун улады.
- менин аты жонум, Болсун Баеков туурабы? Ошо ата-энем атымды коёрдо, мени арстан болсун,жолбор болсун,элин-жерин коргогон жигит болсун деп атымды Болсун койгон экен.
Ичимден аны жек коруп кеттим, мунун каери ачылбаган сыр, чындык? Сен арстан эмес куу тулкусун. Ичимден суйлонуп жатсам ,Улан сыртка чакырып калды.
Сыртка чыгып суйлошуп отурдук.
-Акжигит .
-ой…
- мен ушул кунго чейин сенчелик адамга жакын болгон эмесмин дос.
-аха мендагы.
- ошондуктан экообуз бутурчу иштер бар.
-кандай иш. Бизден кийинки столдогу адамдарды байкадынбы?
-жок эмне экен?
-алар уюшкан кылмышкерлер.
- ишенбесен жур мен сага корсотом. Биз кафенин терезе жагына келдик, ал бизден кийинки столдогу бут баарынын экинчи жузун айтып берди.
-сен буларды каерден билесин?
- биз буларды кармашыбыз керек,азыр Баековтор кетет,биз ишке киришебиз.
- жалган суйлобочу?
- Акжигит,эмне байкаган жоксунбу? Бугун Баековдун туулган куну эмес.
-аа ооба аныкы 24-апрелда.
- кордунбу ? бул иш атайын уюшулган. Айткандай эле биздикилер мас болуп чыгып кетишти. Спецназдар жетип келишти. Кафени курчоого алдык. Улан экообуз эки эшиктен кирдик. Бизди байкап калышып,ортодо атышуу болуп кетти. Мен алардын адамын кубалап ашкана тарапка кирдим. Акырын бара жаттым. Баардык жер тынч,бир убакта артымдан кандай бир караан жетип келди, мен тез бурулуп карадым. Улан тапанчасы менен так мээме мээлеп туруптур, мен караарым менен дароо тапанчасын буруп ок узду. Кылмышкер бычак которуп артымдан келип калган экен,каны атып чыгып эле кулап калды. Ангыча спецназдар жетип келишип ,баары колго тушконун айтышты. Ошентип бул ишти ийгиликтуу аткардык. Мени ойлондурганы Уландын артымдан келип мага тапанча мээлегени, мен караганда башкага атканы болду. Же менин козумо ошондой корунуп кеттиби билбейм. Бир кун жумушта отурсам Асел иш кагаздарды алып барам деп чалып калды,макул деп аны кутуп жаттым. Болсун Баеков чакыртып калганынан ага жолугуп отурсам,Асел келгендиги туураалу смс жазды. Мен сыртка чыктым,негдедир Асел жок. Дароо чалдым:
-Асел каердесин жоксунго?
-мына биз бул жактабыз.
Ишкананын четирээк жеринде Улан экоо туруптур.
-Оо кел Аселим … мен аны бекем кучактап алдым да, эмне экоон танышсынарбы?
Асел:
-ооба биз командировкада бирге болгонбуз.
Улан:
- мен жаныдан жумушка келгенде,командировкадан чыгып эле бул жака которулгам.
-аа демек мен Аселдер жака которулганда,сен да которулам дегенин жон жерден эмес экенда ээ?
-Эми Аселдей сулуу кызды башка бироого берип коюдан корктум десемда болот.
Уландын созу журогумду октон бетер тешип отту, мен муштумум туйулуп ,коздорум курчтанып ,Уланга карадым. Ал жылмайып гана турду. Негедир Асел мендик болбосода,мен аны ушунчалык кызганып кеттим. Ангыча Улан:
-Асел биздин жаныбызга келип албайсынбы?
- жакшы болмок,бирок мени бул жака жумушка албаса керек.
-ээ мен уйротом баарын.
Мен уландын созун кесе суйлодум:
-сен уйротпой эле кой мен уйротуп койгом.
Улан бир козун кичирейтип,шылдындагансып жооп узатты:
-эмнени женилгендиби? Токмок жегендиби?
Менин ачуум келип кетип,дароо Уланды жакалап алдым. Асел ортого тушуп:
-ээ ээ болду кылгычлачы, айтып коёюн ушул кылыгынар учун экоон тен мага уйротосунор жана бул жака жумушка орношушума жардам бересинер.
Мен Уланды койбердим. Мен жакалаганда ал эч бир аракет жасаган жок. Ошентип Асел иш кагаздарын да бутурду,бул жака киргенге арыз таштады. Болсун Баеков дароо эле аны жумушка алды,бирок ага чейин бир топ иш кагаздарды бутурушун айтты. Аселдин кубанычында чек жок, Асел кетээринде Улан экообуз тен узатканы чыктык. Улан коштошуп жузунон суйуп коюп кетип калды. Мен жарылып кете жаздадым,эмнеге мынчалык кызганам?
-Асел качан келесин?
-бир жумадан сон.
-аа чогу иштейт экенбизда буюрса ээ?
-Акжигит байке неге Улан байкени жакаладыныз?
- менби? себеби…ммм… сени кызгандым.
-кызгандым ахахах Асел каткырып кулуп:
- Кызган мени кызган бирок билдирбе деген ырды билесби?
-жок
-анда билип алыныз.
-мм…
-макулбу?Асел эки кашын тен которуп мага карап калды.
- ээ уккам аны.
- аа аны баары уккан,укпаган жан жок болуш керек.
- Асел мени сагындынбы?
- жок… Асел дагы кылыктанып басып кетти. Кыз кылыгы менен деген ушулда,кантседа эркек деген чыдаш керек. Мен артынан баспай акырын жашынып калдым.
Ал узака чейин артын карабай баратты. Мен дукондон шоколад алып анын алды жагына отуп кеттим. Бир убакта Асел артын карап ,колун бешенесине коюп мени издеп калды.
-Офф калып кеттиби? Мен аны келет десе… ээ …
Асел озунчо суйлонуп жатканда анын артына келип туруп алдым. Ал бурулуп эле мени сузуп алып чочуп кетти. Мен каткырып ага шоколад бердим, экообуз тен каткырып жээп бараттык. Аселди таксиге салып коюп,кайра жумушка жонодум. Сыртта менин жигиттерим турган экен,Элдияр деген жигит мага келип,соз бар экенин айтып четке чыктык:
-Акжигит байке кече жакында кылмышкерлерди кармаган экенсиздер?
-ооба эмнеге ? эмне болду?
- Уландын жанын да жургон спецназдар гана чакырлыптыр.
- силерчи?
-биз азыр эле уктук…
Кантип ушундай босун? Эмне учун мындай болуш керек? Тушунуксуз окуялар доор суруудо. Эн эле ишенгеним Элдияр эле, бул тема боюнча соз козгобошун айттым. Ал макул болуп кала берди. Кеч кирип уйго баратсам, Улан чалып калды.
-Акжигит?
-ой…
- тезинен жетип кел.
Банк тоноого алыныптыр деп даректи жонотту. Мен дароо Элдиярга чалдым:
-Элдияр каердесинер?
-банкты курчоого алып жатабыз.
Мен тездик менен жетип бардым. Адаттагыдай Улан экообуз балдарды алып эки эшиктен жабыла кирдик. Адамдарды туткунга алып коюшкан экен. Мен спецназдарды калтырып,Элдиярды жаныма алып кирип кеттим. Ун чыгарбас тапанча менен бара жаттык. Биз чабуул койгончо Улан жигиттери менен чабыл коюп кирди. Эмнеге шашып койду,адамдар туткунда болсо. Тоноочулар бир эжени атып жибергенде ,Уландар тапанчасын которуп туруп калышты. Элдияр экообуз дароо экинчи кабатка чыгып кеттик. Камераларга корунбой бара жаттык. Устунку терезден акырын карасам Уландар колун артка кылып жатып калышыптыр. Мен туура эле директор деген болмону коздой бардым. Кылмышкерлердин топ башчысы ошол жерде экен. Элдияр артта калып ,мен акырын эшикти тыкылдаттым. «кара!» деген добуш чыкты. Алардын жан жоокору акырын эшикти ачты. Элдияр менин буйругум менен ок узду. Ал дароо мерт кетти. Мен жыгытпай кармап калдым. Элдияр жетип келди,экообуз анын артына жашынып,буттарын бастырып ,туура эле ичкээри кирип бардык. Ангыча алардын жан жоокору байкап калды. Ортодо атышуу болуп кетти,Элдияр бутунан жаракат алып жатып калды. Мен столдордон ашып отуп ,алардын башчысын колго алдым.
Комментарии 58
Биздин жашоо ушундай 2- http://ok.ru/profile/575722509281/statuses/66345507291361
Биздин жашоо ушундай 3-http://ok.ru/profile/575722509281/statuses/66376890253537
Биздин жашоо ушундай 4 -http://ok.ru/profile/575722509281/statuses/66379170513121