Атасы:
Болду! тойдум баарына эки баланы тен мен алып калам.
Апасы: жок! Бул менин балдарым.
-эй сен кантип багасын, сен озунду эптеп алчы.
- эмне болуптур мага,эркек болуп эмнени кыйраттын?
-жаагынды жап! Элде жок кийимди кийсен,зангырган уйдо жашасан деги сага эмне жетпейт!? Эмне!?
-мага сенин байлыгын кереги жок ,бир жолу эркеке окшоп
-жогол ! чыгып кет! Чыгып кет уйдон…
Ата-эне урушуп, эки кичиней балдары аларды коркунуч сезим менен карап турушту. Атасы апасын урушуп уйдон кууп чыгарды. Баласын ала албай апасы эшиктин алдын да ыйлап турду,бир убакта чынырып ыйлап чон баласы:
-мен апама барам, апама деп атасынан качып чыкты. Кичинекейи эмне кылсын,али эс тарта элек эчтекени тушунбой атасы менен кала берди…
----------------------------------------
Ата-энем урушуп,уруш жан-жал уйдо чыгып.
Токтобогон уруштан,экоо калды ажырашып.
Иничегим калды уйдо атамдын кол астында.
А мен калдым апакемдин ченелгис кучагында.
Кундон кунго сурулуп,ай отуп жыл алмашты.
Атам бизге келген жок апам менен жарашканы.
Жыл айланып угуп калдым,жаны аял алды деп.
Апам айткан жокмун,апакем тарынта деп.
Корсо апам билиптир,бирок мага айтпаптыр.
Мени укса тарынат деп,аны менден жашырыптыр.
Апамдын чачы агарып,беттерин бырыш басып.
Корунуп турат апакем,бир топ эле карыптыр.
Таэнемдин уйундо биз экообуз жашап жаттык.
Баштагыдай жыргал жок,кайгы мунга батып калдык.
Таэнемда кайтыш болуп,аны жерге узаттык.
Ошентип бир чон уйдо апам менен жалгыз калдык..
Неге тагдыр кыйнайсын,апакемди ыйлаттын.
Эмне учун сен тагдыр,ташбоорго айлангансын.
Неге бизди ажыраттын,ортобузга булок салдын.
Бир жакшынакай уйбулоону,неге мынтип таштадын.
Жылдар отуп арадан, бойго жетип баратам.
Ар кайсы жерде иштеп,жарыбаган акча табам.
Чарчап кээде жумуштан,кучтон тайып жыгылам.
Бирок апам билбесин деп,кулуп-жайнап кирип барам.
Апакемди алдай берип,жалганчыга айландым.
Оорусамда билдирбей,ойногонсуп каламын.
Терезеден карап коюп,мен жумушка барамын.
Апакем деп акча таап,апакем деп жашаймын.
Дасторконго бата кылып,жыйнаштырып калаарды.
Апам мага дуба кылат ,калтырбастан дайыма.
Иниси менен бирге болсун,жакшы жубай туш болсун.
Атакеси оорубай ,балдарына ата болсун.
Апакемдин батасы,мени дайым ыйлатат.
Апам байкуш кечке уйдо,ойлор менен отурат.
Туугандар келсе дагы,аларга конул бурбайт.
Эмне учун апакем конул ачып сырдашпайт.
Бара- бара аз кулуп,аз суйлоочу болуп калды.
Козунун асты когоруп,апам аздан ооруп калды.
Апакемди карап туруп,апаке кечирчи дейм.
Кудайдан суранып,апам сага омур тилейм.
Апакемдин кулкусуу учун керек болсо олуп берем.
Асмандагы айды алып,кунду да алып берем.
Апаке кулуп койчу,уулунду кубандырып.
Апаке мен сиз учун баарынан кечип кетем.
Болгону жылмайып кой,уулум деп суйлоп кой.
Баштагыдай ооп жыттап,башымдан сылап кой.
Апам бугун суйлоду,инидин туулган куну.
Барып куттуктап кой,торолгон ушул куну.
Макул деп жасанып,чачтарымды тарап алып.
Иниме баражаттым,аз-мынча белек алып.
Алар кочуп кетиптир,чет олкого сапар алып.
Кошуналар айтты баарын,мейли деп артка кайтып.
Уйго келдим кубаныч менен,апа! Иним келет экен.
Буюрса атам дагы,сизге кайтып келээр экен.
Апам болсо муунду карап,неге алдадын деп айтат.
Алар кочуп кеткен балам,алдабыг деп турат.
Башымды жерге салып,астанага отурдум.
Кечирчи апа деп,колумду тиштеп турдум.
Эмне кылайын андан башка,суйлоп койчу жаным апа.
Кулуп койчу жылмайып,кереги жок андан башка.
Апам мени чакырып,бооруна бекем кысты.
Баштагыдай ооп жыттап,башымдан сылады.
Анын жумшак колдору,жаны жашоо жаратты.
Коздон тамган ыссык жашы,менден да жаш чыгарды.
Апам мени кучактап,менда аны кучактап.
Ыйлап турдук экообуз,коздон жаштар тамчылап.
Апам тамак жасайм деп,ордунан кетти.
Ошол куну апакем,таттуу тамак жасап берди.
Кудайыма шугур деп,мен чексиз ыраазы болдум.
Апакеме эркелеп,кубанычта журчуу болдум.
Жумушка барганда да,озунчо кулчу болдум.
Уйго нан башка алып,апаке деп келчуу болдум.
Апа тамак жасап бер,мээрим кошуп кылып бер.
Сенин тентек баландын,курсагын тойгузуп бер.
Жаш баладай эркелеп,апам тентек балам деп.
Кулуп журду ардайым,сени жакшы кором деп.
Туугандар уйго келет,апам болсо суйлоп берет.
Кунуго конок тосуп,уйубузго кут кирет.
Жаны жашоо башталып,апам дагы жашарып.
Оорулардан арылды,бейтапкана да дарыланып.
торт жыл отту арадан,бактылуу жашоо аяктаган.
Апакем катуу ооруп тошокто жатып калган.
мен аны дарылатып,кунуго жумуш кылам.
Унаа ондоп иштеймин,ишимден тажабастан.
Апам жакшы болуп калды,оорусу кайтып калды.
Тошоктон туруп апакем,бут шилтеп басып калды.
Кудайга шугур деп,кунуго уйго барам.
Апакеме тамак берип,уктаганча жанын да турам.
Инимди издеп тапбадым,ата кайда кетип калдын?
Жаны аял алсанда,неге бизге кайтпадын?
Эч болбосо бир жолу,бизге кадам баспадын
Эмне учун тагдырданда,ташбоорго айлангансын.
Иним сенде куноо жок,балким сен алдангансын.
Башка аялды апа деп,бизди такыр унуткансын.
Балким бир кун кайрылып,чындык озу чыркыраар.
Ошондо иничегим бизге келип калаарсын.
Апам сени коргусу келет,кээде туштон чочуп кетет.
Уулум деп апакем деп,озунчо суйлой берет.
Аны карап отуруп,козумо жаштар келет.
Эмне учун тагдыр бизге,ушундай сыноо берет.
Бир куну жол четинен,бир кызды коруп калдым.
Унаасы бузулуп калганбы деп, ал кыздын жанына бардым.
Мени коруп суйунуп,жардам керек деп сурады.
Унаамды ондоп бер, буюругун берип жатты.
Мен ага ун катпадым,унааны ондоп калдым.
Эптеп аны жургузуп,жумшума алып бардым.
Ал кыз болсо суйуунуп жузумдон суйуп койду.
Ондогондо чалгын деп,номерин берип койду.
Мен ага чалган жокмун,ага конул бурган жокмун.
Унаасын баттан карап,жакшылып ондоп койдум.
Эки уч кун келбей ал,чалышымды кутту окшойт.
Акыры ага даяр болду,унаанды алып койгун.
Менин номерим аркылуу,телефонго кириптир.
Хакер болуп озунчо,мен жонундо билиптир.
Суроттордун баарын уурдап,озуна сактап алыптыр.
Озун коюп жаныма,сурот жасап келиптир.
Ал кубанып жаныма келип,суротун тартуулады.
Айрып салдым дароо эле,башкача карап калды.
Акчандын да кереги жок,унаанды алып кетткин дедим.
Ошентип байдын кызы,унаасын албай кетип калды.
Дароо жаны телефон алып,эскини таштап салдым.
Оюмда апам гана,кечинде уйго бардым.
Апам мага кулуп-жайнап келдинби балам деди.
Карачы деп апакем,корсотуп жатты тамактарды.
Бугун бир кыз келди дейт мени менен танышам деп.
Уулунуз менен досмун деп,бул суротту берди дейт.
Апам аны кайдан билсин, монтаждалып турганын.
Ооба апа досум деп,апама жалган айттым.
Ошол байдын кызы келип,апамды арбаптыр.
Апамдын конулу ачылып,жузунон нур жаныптыр.
Мен жумушка кеткенде,ал кундо уйго келет.
Колго тушпой таптакыр, из жашырып кете берет.
Унаасы дале турат,гилтейген орун ээлеп.
Акыры тажап кеттим,аны озум берем деп.
Унаага отура калсам,ичинде сурот жайнаган.
Кантип аны байкабадым,ал кыз качан таштаган.
Чет олкого баргандарын,чет жерде окуганын.
Уйболусун ,туугандарын,чет жерде эс алганын.
Суроттордо калтырыптыр,билем атайын кылганын.
Унаадан кайра тушуп,ордунан жылдырбадым.
Уйго бардым кечинде,жумуш буткон кезинде.
Тамак жыты жыттанып,турду уйдун ичинде.
Апам мага тамак сузуп дасторконго отур деди..
Тамак даамду ушунчалык ,даамы калды тилимде.
-апаа колунузга береке апа! Эн соонун тамактарды жасайсызда…
-койчу эмне жакшы тамак болуптурбу? Апам кулумсуроп карады . Мен сугунуп оозумдун баарын толтуруп:
-ии мен, мен эсш таркандан- дан баштап , мага эн жакканы ушул тамак болду,бирок мантынызга соз жок, ага эч бир тамагыныз жетпейт…
-балам … бул тамакты досун жасады. Апам бул созду айтканда, же нары жута албай,же бери жута албай тамак тамагыма тыгылып,боксуп же жотоло албай суу издеп калдым.
Апам каткырып кулуп,билем экоон кайжактарга чейин барганынарды деп алдыма ондой сурот таштап, досум деп алдайын деген экенсин даа ээ. Апам кулуп турду. Мен суу ичип,жутунуп. Суротторго коз салдым. Ал кыз монтаждап,такыр билингис кылып жасап салыптыр,мен чынында озум барып келгендей эле болуп калдым. Акыры апама чындыкты айтышка туура келди. Баарын айттым.
-апа ал жалганчы,ал бизди алдап журот ,тушонсузбу алдап журот.
Апам байкуш муунга болонуп кетти,суротторду бир-бир карап,сыртты коздой бара жатты. Мен ачууга алдырып апамды таарынтып алдым окшойт.
-апаке кечирчи ,кечир апа.
Апам кайра бурулуп,жароокер коздору менен мени карап,жоолугун шыпыра чечип:
-балам деги сен суйуу деген нерсени билесинби? ал кандай сезим экенин билесинби? бироо жарымды суйуп кордунбу? А? суйуп кордунбу? Сага суйуу келгенби озу? Сен , сен эчнерсени билген жоксунбу? Кыздын сезимин сени жактырганын байкабадынбы? Дагы досум деп коёт. Билем ал да сени,сен да аны суйуушунорду? Эми бул суротторду жон гана жасап койгом деп алдайын дейсинби?
-жжжо- жжок апа . мен ээленден кеттим. Апам суроонун устунон суроо жадырып жатты.
-ушул жакша чыгып,баламдын бир да жанды суйбогонуно тан калдым.
-апа суйсом мен сизди гана суйгом.
-балам мен дагы кыз болгом,ошол атана суйуп тийгем,бирок мына мынтип тагдыр бизди кайра ажыратты,канча жыл отсо дагы,ага болгон суйуум очкон эмес эле. Акыркы жолу кенже балам 18-ге чыкканда мен аны унуттум.
Апам сыртты коздой чыгып кетти. Мен дароо артынан чыктым. Апам асмандагы апапак болгон Ак булуттарга,жанында жаркырап турган айга,андан да жымындаган жылдыздарга коз салып турду. Бир убакта апам мага карап:
-балам менин дагы жакшынакай ниеттерим бар,сенин,иничегиндин тоюн корсом деген ниетим бар.
Мен ун катпай башымды ийкеп турдум.
Ошентип ал кунда отту. Жумушка кечигип бардым,ошол байдын кызы жонокой жупуну кийинип мени кутуп турган экен. Мен аны алыстан тааныдым, дагы бара жатып,чачымды жасагылап койгонум эмнеси. Мен ага жеткен сайын,журогум дукулдоп башкача согуп,мендеги жылуу сезимди ойготуп турду. Билбейм башым айланып калдыбы билбейм ,жанына барып эле:
- о-оо кел козумду бир аарчып,сурот алып келдинби? Деп сурап жиберсем болобу?
-кандай сурот? Танкалуу менен карады.
Мен башымды тырмап,бешенемден баштап эгиме чеин колум менен сыдырып:
-жжо- жоок эме тиги созумду тапбай калдым. Эмне болгонун такыр тушунбой турдум.
Кыз мага колун сунду. Мен аны менен корушуп койдум. Дагы деле колун сунуп турду. Мен да ага танкалычтуу карап:
-акча берейинби?
-ачкыч…
-эмненин ачкычын?
- эээй унаамдын,эмненин болмок эле. Бир кашын которуп,бирок такыр жылмайган жок. Мен доодуроп дагы суроо узаттым.
-эмнеге ?
-акчасын толоп кет десениз,качан эле кассагаа толоп койгом. Эмнеге дейт дагы деп ары-бери карап койду.
Мен анын сулуу жузуно,кара-каштарына ,жалтылдаган нурдуу коздоруно тигиле карап турдумда чонтогумдон ачкычты алып чыгып,колуна бердим. Ал дароо унаасына отуруп айдап кете берди. Мен негедир жалгыз сыраап,анын унаасы корунбой калганга чеин карап турдум. Уйго барсам,уйгода келбептир. Апам сыналгы коруп,кийим токуп отурат. Коёндой окшош кундор ото берди.
Акыркы кундору жумушта кайсы унаа ондоткону келбесин,элендеп карачуу болдум. Ошол кыз келип калат бекен деп журдум. Кээде уйго чалып:
Апа жанакы кыз келген жокбу?
-жоок келген жоок. Келсе жакшы болмок.
Ошентип бир куну, кычыраган кийинип костюм шым кийген бизнесмен жигит келди.
Унаасын шериктерме ондотуп жатты. Болгула ээ жеп суйлонуп коёт. Бир убакта мага карап:
-эу !
-менби?
-сен ,сен бери кел бери!
-жаным кашая тушту,мени басынтып суйлогонуно ачуум келди. Айла жок бардым.
-мындай суу ичтин беле? Колундагы суунун бакалашкасын корсотуп турду.
-жок ичкен эмесмин.
-анда азыр ушул идишти алып,шаарга барып, так ушундайдан онду алып кел,ме таксиндин акчасы. Мага акча берип шаарга барышымды айтты.
Тишимди тишиме тийгизе,ачуум менен:
-керекби?! Озун бар?
-ээ ээ эмне итке окшоп ажылдайсын? Итке тенегенде ого бетер каным кайнап, ошол кара май болгон колум менен жаклап дубалга такай котордумда:
-жогол тез! Алып кет уаанды!
Арт жактан башчыбыз чыгып атымды атап:
-койбер! Бошсун! Кет жумуштан! Мага бакырынып суйлонду.
Ого бетер ачуум келип,озумду кармап мен аны койбердим.
Ал костюмун чечип:
эркексинби? Эркекче куч сынашабыз,кан даярдан! Айтып коёюн бироон бизди,болшутуруп же бизге жолойт экенсинер кунунор бутту дейбергиле.
Башчыбызда кын этпей туруп калды. Анын спорт жагынан да кучтуу экени,анын кыймыланан билинип турду. Эми ортодо кара куч менен ак залдын балдарынын таймашы башталды.
Экообуз кармашып бири-биризди аябастан согуп жаттык. Анын тез кыймыланан ,буйтап-буйтап урганынан мен алдан тайып бара жаттым. Ошол кезде апамдын жаш чагымда айткан созу эске тушту.
-балам сен эчкимден женилбегин,сени женем дегендер алдында тизелесин…
Канчалык оор болсода,кучко салып мен аны басып куладым. Эки колун бутум менен басып,кучумдун болушу менен аны канжалата ургум келди. Негедир анын коздору ,кыймыл аракеттери,менин иничегимди эстетип турду.
Комментарии 887