Бизди кармаган амиактар давляга алып келишти.Давля деген бул бизге окшогон халифат курабыз деген жер.Амиактар булар халифат курабыз деген амирдин желдеттери.Биринчи жолу качканыбыз үчүн бизге эскертүү берилди.Эгер кийинки жолу кармалган болсоңор,атып таштайбыз деп айтышты.Ал убакта эч кандай адилеттүүлүк болгон жок.Арабдар,сириялыктар,иран,европалыктар кандайдыр жол менен чыгарылып атты. Бари бир халифат курулат,силер эч жакка кетпей тургула деп кулагыбызга аябай куюшту.Атайы адамдарды аң сезимин бузат турган лекторлор бар болчу.Барып өзүңөрдү өзүңөр жардыргыла,эртерээк жанатка чыгасыңар деп айтышат.Жаш балдарды,аялдарды өзүн өзү жардырууга жөнөтуп атышты.Жашы он экиге толгон балдарды маскарларга алып кетишет.Маскар бул жаш балдарды согушка даярдоочу жер.Кичинкей балдар колдоруна курал кармап согушка кетип жатышты.Акыркы убакта жесирлер коп,эркектер азайып атты.Бир эркек төрттөн аял алат.Менин азербайжан күйөөм бизди издеп таап келди.Акыркы убакта ал деле үч аялын кетиргени аракет кылып жүрдү.Акыры өзү согушка кетип,ошол боюнча дайынсыз.2018-жылы аябай оор жыл болду.Мухажирлерди арабдар карабай калган.Мухажирлер деп бизге окшоп башка элден баргандарды айтышат эле.Бир машина тамак аш турса дагы европалыктарга,арабдарга берет.Биз жалдырап атып азыраак алат элек.Башында согуш башка жакта болуп,халифат орнотобуз деп биз тарап жеңип аткан.Канчалаган нефть турган жерлерди,банктарды басып алышты.Акча кеңири,биз дайыма ошондой жашоо болот деп ойлогонбуз.Бизге акча төлөнүп,каалаган тамак аш бекер берилчү.Акыркы убакта кундо бамбежка,тамак издеп чыккандар өлүп кетет же колу бутунан ажырап калат.Жесирлер көбөйдү,мурда эркектер риватка барса,эми согушка барып атышты.Риватка чыгуу бул бул нефть турган жерлерди,авиациаларды коргошот.Жашы эми он экиге толгон балдарды,ал гана эмес аялдарды согушка чакыра башташты.Алар өздөрү фатфа чыгарып алышат,эч кандай ислам динине байланыштуу нерселер жок.Баары эле динден билими жок,бирөөнүн айтканына ишенип,адашкан адамдар.Ачкачылыктан өлүп калбайлы деп чөптөрдү кайнатып жеп аттык.Кыргыз аялдар топтолуп чогуу жүрүп,бири бирибизди таштабай жардам берип жүрдүк.Согуш болуп атса дагы жумасына эки,үч жолу келип бари бир халифат орнолот,качам деп ойлобогула,качсаңар Аллахтын каарына учурайсынар,баары жакшы болот деп сабак өтүп кетет эле.Биздин максатыбыз эптеп күрдөрдүн колуна түшүү болчу.Бир күнү ондон ашык кыргыздар топтолуп алып,ар кимден сурап атып,күрдөр бар жерге жөнөдүк.Ар бирибизде жок дегенде бирден бала,кээ биринде алты бала бар.Он беш,он алты саат жол жүргөндө бизди алыстан байкаштыбы билбейм,асманга карап бирөөлөр ата баштады.Аялдар,балдары менен кетип жатканын көрүп эмнеге атып атышат экен деп,баарыбыз жерге жата калдык.
Алыстан ак байрак көтөрүп келе аткан адамдарды көрүп, күрддөр турган жакка кетип атканын сездик.Себеби бир жагыбызда жарык чыгып айыл,экинчи тарап ээн талаа эле.Эгер ээн талаага барсак,ачтан өлүп калаарыбыз анык.Эмне болсо дагы келген адамдарга кошулуп баралы деп,алыстан келе аткан адамдарды күттүк.Алардын желегин көрүп күрддөр атканды токтотушту.Жакындап келген ак байрак көтөргөн адамдарга кошулуп,биз дагы артынан балдарыбызды көтөрүп алып жөнөдүк.Баарыбыз өз каалообуз менен күрддөрдүн колуна туткун болуп бардык.Себеби башка айла жок эле.Эгер биздин күрдөрддүн колуна түшөөрүбүздү муджахеддер билсе өлтүрүп коет эле.Биз бараарыбыз менен бизге хайна, төшөк беришти.Хайна бул палатка.Бизден башка ар улуттан аялдар жаш балдары менен көп экен.Коптон бери ачка жүрүп кыйналган элек,биз туткунда жүргөн жерди лагерь деп айтышат,ошол лагерде тамак жедик.Лагерде жашоо оор,бирок согушта коркуп жашагандан көрө,бул жерде жашоо тынчыраак.Күн ара өлгөн жаш балдар,суу жок,болсо дагы тартыш.Атайы колго түшкөндөр үчүн Кызыл ай коому жардам берет.Бирок алар бизге берчү жардамды күрддөрдүн колуна берген үчүн,алар бизге толук бербейт.Кобун өздөрү алып сатып жиберишет.Лагерде телефон колдонууга мүмкүн эмес,бекитип колдонобуз.Кээ бир күндөрү түнү күрддөр палаткага кирип,кадимкидей бизди кордоп,жаш балдардын көзүнчө уруп кетет.Алар телефон издеп, кичинекей балдарды кыйнап апанда телефон барбы деп сурашат.Кокус таап алышса өздөрүнүн түрмөсүнө киргизип салышат,бул убакта балдарыбыз ким менен калат,эмне болот алардын иши жок. Атайы Кызыл ай коомунан биз үчүн айына бир коробка күрүч,бир аз продукта,керосин берет.Биз ал продуктыларды өзүбүзгө кичине алып калып,калганын базарга алып барып өткөрөбүз.Базарда бардык нерсени алууга болот,бирок биз өткөргөн нерселерди бизден арзан алышып,бизге биз эмнени алууну кааласак кымбат сатышат.Биз көбүнчө курук сүт алабыз.Базарга барып келүү үчүн күрдөрддөн уруксат алуу керек!Алар кээде уруксат бербей коюшат.ООН менен Кызыл ай коому биргеликте ал жердеги мухажирлердин балдары үчүн мектепке барсын,балдар билим алсын деп мектеп ачышкан.Мухажирлер булар бизбиз.Бирок бир дагы баланын сабаты жоюлуп,бир нерсе үйрөнгөнүн көргөн жокмун.Мектеп эле аты бар.Менин балам али мектепке бара элек үчүн мен өзүм бир нерселерди үйрөтүп турам.Лагерде адилеттүүлүк жок.Кокустан чет өлкөдөн журналисттер келип калышса, сөзсүз сириялык,ирандык мухажирлер отурган палаткага интервью алуу үчүн алып барышат.Бизди адам ордуна эч ким эсептебейт.Биз отурган жакты закрытый зона деп шылтоо кылышып журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюуу салышат.Ал жерде отурган аялдардын кээ бири онкология менен оорушат.Эч кандай оорукана жок.Дарылардан бир гана парацетомол беришет.Кээ бир күндөрү мечиттерден бизге жардам келет.Аны дагы көбүнчө күрддөр өздөрү бөлүп алышат.ООН тарабынан мухажирлердин балдары үчүн жаш балдар ойной турган парк ачылган.Тилекке каршы ал парк дайыма жабык,балдарды эч ким киргизбейт.Дагы деле халифат курулат деп ишенип отурган аялдар бар.Кокус мекениме кетем дегениңди угуп калышса,халифат курулат деген аялдар келип палатканды өрттөп кетүүсү мүмкүн.Алар кетпегиле деп айтышат.Ошондуктан ал жерде мекен жөнүндө сөз болбойт.Кыргыздар атайы палаткада турабыз.Биз Кыргызстанга кетебиз дегенибизди угуп,биздин палаткабызды өрттөйбүз деп беш алты аял келиптир.
Уландысы бар..
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев