Сапар алдында ал өзүнө баарын таң калтыра турган кийим алып келүүлөрүн буйруду. Алып келген буюм падышанын дидине туура келбеди. Дароо мындан да жакшыраагын келтирүүсүн буйруду. Таң калуудан жака кармата турган даражадагы кийим алып келмейинче бул абал уланды. Падыша унааны да ушундай талап менен тандады. Ар бир көрсөтүлгөн аттарды кайтарып, ан-сайын көркөм, жакшы ат келтиришин буйруду. Ошентип, падыша кооз кийимдерди кийип, эң көркөм ат үстүнө минди. Ошол учурда Иблис келип, анын мурдуна дем урду, падышанын ичи текеберликке толду. Эми анын көзү көр болуп, айланадагы атчандарды, жолдогу адамдарды көрбөй калды.
Ушул учурда жупуну кийимде, ахыбалы начар бир киши жолдун ортосуна чыгып, падышага салам айтты. Падыша анын саламына алик албады. Ал киши аттын жылоосунан кармап, жолго туруп алды. Ошондо падыша:
- Тизгинди коё бер! Катуу жазага ылайык иш кылып жатасың- деди каарданып.
- Сенде жумушум бар- деди ал падышага.
- Сабыр кыл аттан түшөйүн.
- Жок, азыр, ушул жумушумду аткарасың.
Падыша аттын тизгинин ага тапшырууга мажбур болуп:
- Айт жумушуңду - деди.
- Бул сыр!
Падыша башын ийип ага кулагын тосту. Ал сырды ачты:
-Мен ӨЛҮМ ПЕРИШТЕСИМИН!
Падышанын өңү бозоруп, тили келмеге келбей калды. Анан өзүнө келип:
-Мүмкүнчүлүк бер, үй-бүлөмө кайтып, аманаттарымды аткарайын, деди жан алгычка.
-Жок, Аллага ант болсун, эми сен үй-бүлөңдү да, калган мал-дүйнөңдү да эч качан көрө албайсың- деди да анын жанын алды.
Падыша куураган жыгачтай жерге кулады.
Кийин өлүм периштеси дал ушул абалда момун пендеге жолукту, ага салам берди. Момун пенде анын саламына алик алды.
- Сенде жумушум бар- деди өлүм периштеси ага.
- Айта бер кулагым сенде.
- Жакыныраак кел-деди да ага сырын ачты:
- Мен өлүм периштесимин!
- Куш келипсин, мархабат, эй ынтызарлык менен күтүлгөн зат! Жер жүзүндө кайып нерселердин ичинде мен үчүн эң сүйүктүү сенсин!
- Эмне каалайсын? Муктаждыктарың болсо аткарып кал.
- Жок! Алла Таалага жолугуудан өткөн жана сүйүктүү муктаждык барбы?!- деди момун пенде.
- Айт жаныңды кандай абалда алуумду каалайсын?
- Сен мен каалагандай жанымды алууга кадырсынбы?
- Ооба, мен ошого буйрулганмын.
- Андай болсо мага аз гана убакыт бер, даарат алып, намаз окуюн. Башым саждада коюлган учурда жанымды ал.
Акыйкатта ушундай болду, момун пенде башын саждага койгон учурда өлүм периштеси анын жанын алды!!!
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 4