Мы используем cookie-файлы, чтобы улучшить сервисы для вас. Если ваш возраст менее 13 лет, настроить cookie-файлы должен ваш законный представитель. Больше информации
ЖАШАГЫМ КЕЛЕТ... 1-бөлүм.
Бул чыгармада адам затынын эң чоң жаңылыштыктары сүрөттөлмөкчү.
☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆☆
--Дарика дейм, белиңди бекем буу эми. Болду өзүңө келчи, шум ажалдын иши да козутайым, айла барбы, кайраттуу бол. Тарта-тарта ыйла кагылайын.
--Мени тынч койгулачы, мага тийишпегилечи айланайындар. Жок дегенде ыйлап алайынчы, чыгып тургулачы, жалгыз калтыргылачы.
--Кой антпе, коркуп каласың өлүктүн сүрү күчтүү баарыбир.
--Чыкчы жеңе чыкчы, тынч койчу мени. Кантип эле чечекей балам менен жандан артык көргөн жолдошумдан коркуп калайын, бекерди айтыпсың жеңе мен коркпойм.
--Ай Салима ай тим койчу, коштошуп, акыркы жолу көрүп көкүрөк отун басып алсын