"Бүгүн эптеп чыдап таң атырсам, эртеси бир айласын табаармын..." -деп кароосуз калган эски тамдын бир бурчунда бүрүшүп сыз жерде жаткан Арман, коркконунан дароо уктап калганга аракет кылат.Таң сүңүлүп жер бетине жарык түшөөрү менен тамдын ичинен үрпөйүп суурулуп чыга келип, "экинчи кайткыс" болуп артын карабай безе качкан күндөрү далай жолу болот. Бирок башка бара турган жери жок болгондуктан кечкурун байырлаган жерине аргасыз кайтып келип түнөп жүрүп, бара-бара көнө түшкөндөй болот. "Каалайсыңбы, каалабайсыңбы, аргасыздан баарына чыдап көнөт экенсиң... Бул урап калган эски там ачуу жашоомду чагылдырып тургансып, жалаңдаган дубалдары да кудум эле өзүмдөй жетимсиреп тургандай туюлат... Ааламдын мерез суук кучагында болгон жашоом менен түнөк тапкан жерим бири-бирине коёндой окшошуп, эч айырмасы жоктой... Анын үстүнө дүнүйөкор, мерез адамдардын кордугун көргөн сайын, бул зыяны жок эски тамдын сүрүнөн коркпой деле калдым... "- деп тамдын оозунда отурган Арман үшкүрүп, асмандагы жымыңдаган жылдыздарды муңайып карайт. Аңгыча чоң жол тараптан музыканын үнү жаңырып чыгып, каткырып күлгөн үндөр угулаар замат сүйүнүп кеткен Арман ордунан "шап" тура калып: "Кардым ачып турганда, ырас жакшы болбодбу! Буйруса бүгүн жаман курсагым кампая тоёт экен да!"- деп шымаланып, үндөр чыккан тарапты көздөй бет алат. Ай-талаалап түн каткан мындай жолоочулардын келип-кетиши, кичинекей Арман үчүн майрам эле. Анткени, жолоочулардан калган таштанды калдыктардын арасынан чала ичилип-желген азыктарын терип жеп, өзөк жалгап алчу. Жыш өскөн бийик камышты аралап басып жолдун боюнда токтоп турган унаага жакындаган сайын, бакылдап сүйлөшкөн сөздөрү кулагына даана угулат. Унаанын фарасынын жарыгынан көрүнгөн сөлөкөттөрдү кызыгып караган Арман, тушунда өсүп турган калың бактын артына жашынып, жолоочуларды акмалап карап туруп калат. Ошол учурда кулачын эки жака кенен жайып ары-бери баскан толук жигит:
-- Вах чиркиин, пай- пай-пай! Мммм, карачы абанын тазалыгын! Өз мекениңдин таза абасы теңдешсиз, кандай керемет ээ!"- деп абадан искеп, кере-кере дем алып рахаттанып турган жигитти ийнинен кучактаган экинчи жигит шыпылдап:
-- Ооба Байтур, сөзүңдө калет жок! Миң укмуш сонун жерде жүргөнүң менен баары бир биздин кооз жаратылышыбызга, таза аба даамдуу суубузга, эч бир жер тең келе албайт да! Кайда жүрсөң да, жүрөгүң "мекеним" деп согуп турат эмеспи!- дегенде, багажнигинин ичинен баштыктарын алып чыгып басып келаткан дагы бирөөсү:
-- Охоо, жигиттер! Айлуу түндүн таза абасы жүрөгүңөрдү элжиретип, укмуштуудай таасирлентти го яа силерди? Демек Байтурду тосуп алгандан кийин жолдон токтоп, жолукканыбызды таза абада анча-мынча кыстырма кылып "белгилеп коёлу" деген оюбуз туура эле болгон экен да! - деп бапылдап копоттун үстүнө кагаз төшөп, баштыгынын ичинен жыты буркураган тооктун грилин, токоч, суусундуктарды алып чыгат.
-- Байтур, сен жакшы көргөн казы-карта чучукту, эртең жейбиз. Бир сонун түнкү клубга буюртма берип, атайын сен үчүн чакан стол даярдатып койгон элек. Ошондуктан бул жактан түз эле ошол жака жөнөйбүз досум!- дегенине Байтур барпалаңдап:
-- Оо рахмат досторум, ушундай сонун досторум бар дейм да! Силердин эмнени жакшы көрөрүңөрдү жакшы билет эмесминби. Ошондуктан мен дагы кур кол эмесмин!- деп чет мамлекеттен алып келаткан базарлыгын дипломатынын ичинен алып ачып, ортого коёт. "Оой баракелде! Байтур деген өзү азамат жигит да! - дешкен жигиттер алакандарын ушалап, уу-дуу болуп калышат. Анда Байтур койколоңдоп:
-- Алыста жүрсөм да, ар бириңдин жетишкен ийгиликтериңен кардарым бар. Бириң кымбат баалуу тулпардуу болсоң, бириң кызмат ордуңан жогорулапсың. Дагы бир досубуздун бизнеси өркүндөп иши жакшы жүрүшкөнү менен бирге, атасы жогорку кызматтагы сыйлуу инсандын чүрөк кызына үйлөнгөнү жатыптыр!- деп жанында шарактап бийлеген бийик шиштакачан бийкечти көз кыйыгы менен карап коюп:
-- Силердей кол укуругу узун жакшы досторум менен сыймыктанам, баарыңарды ийгилик жетишкендиктериңер менен куттуктайм! Бирок арабызда бир гана Элчинин кубанаарлыктай жаңылыгы жоктой го, ээ достор? Бизге жөн эле эркелеп дегендей, кокусунан арабызда адашып жүргөн жоксуңбу яа Элчи? Болбосо же байлыкка умтулбайсың, же деле бир жөнөкөй жумушчудан өйдөрөөк жогорулабай койдуң... Айтоор, жашооңдо эч бир өзгөрүү жоктой. Башында кандай болсоң дале ошол эле бойдон, бир агым калыптасың...- деп күтүлбөгөн жерден чымчып сүйлөгөн Байтурдун сөзүнө, Элчи кызыктай болуп:
-- Эми сен менин жашоом менен канааттанбасаң, өзүм жашоомо ыраазы элемин. Баарына шүгүр! - дегенде Байтур каткырып күлүмүш болуп:
-- Ой тамаша досум! Кыздан беш бетер кылыктанып, тамашаны көтөрө албай эмне анчалык таарынчаак болуп калгансың? -деп Элчинин далынан таптамыш болуп:
-- Анда эмесе келгиле жигиттер. Буйруган ырыскыбыздан даам татып, бир чер жазып көңүл ачалычы! Кана досторум, ар дайым бар бололу, бай бололу! Ушинтип эле телегейибиз тегиз болуп, бакубат жашообуздун бардарына маалкып, магдырап эле жүрө берели!- деп бири- бирине каалоо- тилектерин арнашып, жаңырып чыккан музыкага элирип тайраңдап бийлешет. Ошол учурда түнкү жолоочулардын кыймыл- аракетин көз жаздымынан чыгарбай акмалап карап отурган Армандын ачкасынан курсагы курулдап, оозуна кара суу келип араң чыдап отурган эле.
-- Хмммм жигиттер, тим эле грильдин даамдуулугун кантесиң! - деп өзгөчө Баймураттын тамшанып манжасын чопулдатып жалаганын көргөн сайын арып-ачып араң турган Арман, ууртунан чууруган шилекейин "култ"этип жутуп алат. Акыры чыдамы кетип бактын артынан суурулуп чыгат да, жортуулга чыккан жыртыкыч сымалданып, олжосун көздөй соймолоңдоп жөнөйт. Унаанын алдыңкы дөңгөлөгүнө сүйөнүп отуруп, ыңгайлуу учурду күтүп калат. Бир убакта жигиттердин бирөөсү телефон менен сүйлөшүп, калгандары каткырып күлүп бийлеген калыбында, капоттон кичине алыстай түшүшөт. Арман дароо учурдан пайдаланып ордунан тура калат да, жанталашып копоттун үстүндөгү тамак-аштан сугунуп жеп, колуна урунганын чөнтөк- койнуна тыгып сала баштайт. Капысынан шиштакачан бийкеч Арманды байкап калып:
-- Ааа балдар ууруу, кармагыла!- деп ачуу чаңырып жиберет. Бир заматта жырткыч сымалдана түшкөн ызырынган жигиттер, калтырап титиреген баланы туш-тараптан курчоого ала баштайт. Жүрөгү оозуна кептелип алаңдаган Арман эмне кылаарын билбей, жерге жата калып унаанын алдына соймолоп кирип кетет. Кыжыры кайнап каарданган Баймурат жерде жаткан чыбыкты ала коюп тизелеп отура калат да, Арманды туш келди чапкылап:
-- Эй ууру, чык дейм! Бирөөнүн ырыскысына кир манжаңды матырып кол салган кандай болоорун, азыр сага көргөзбөсөм элеби?!- дегенде Арман безеленип ыйлап жиберип:
-- Мен ууру эмесмин, силердин эч нерсеңерге тийген жокмун. Ачкаман чыдабай кетип, тамагыңардан жегим келди... Мени кечирип койгулачы... Мени урбагылачы, суранам силерден... Алганымды кайра кайтарып берейин, мынакей... - деп алгандарын койнунан алып чыгып, унаанын алдынан колун бойлотуп сунат. Мурдун чүйрүп бөйрөгүн таянып турган бийкеч баланын быйтыйган колу сунулаар замат, "опаа" деп шиштакасы менен басып:
--Фуу... Кычы, кир колуң менен кармалаган тамакты, бизди эмне жейт деп турасыңбы? Адамдын көңүлүн айнытып, иренжитпечи айбан?!- деп өчү бардай шиштакасы менен колун катуураак басып, бычырата тебелейт. "Аааааа!" деп бакырып ыйлап жиберген Арманды алеки заматта унаанын алдынан сууруп чыгышып, үч эргул башка- көзгө койгулап тепкилеп жатып калышат. Кем калышпаган бийкеч да баланы "жаакка чабайын" деп келатканда, Элчи билегинен "шак" этип кармап:
-- Жок дегенде сен тим калчы... Көзүң сокур болбосо, кичинекей жаш бала экенин көрүп турсаң керек! Сен деле болочоктогу энесиң го? Анан жүрөгүң "болк" деп койбостон баланын колун шиштакаң менен тебелегенге, кантип дитиң барды экен... Деги сенде жүрөк деген барбы яа? Же алдыгы жылтырап суйкайган чел кабыгыңдын ичинде, желден башка эч нерсе жокпу?- деп бийкечтин билегин кыса кармап, силкип салат. Бети-башы канжалап өкүрүп- бакырып ыйлаган Арманды балдардан коргологон Элчи:
-- Эй балдар, силерге жин тийгенби? Болду эми токтоткула, жетишет! Өчүңөр бардай эле алсыз жаш балага үчөөлөп жабылып ур-токмокко алганыңар, акылга сыйбаган нерсе го? Балким чын эле курсагы ачкадыр? - деген Элчиге Байтур атырылып:
-- Ийе де? Каяктагы бир селсаяк тентимишке эмне анчалык жан тарттың? Деле кой мунун акылдуусунуп чыга келгенин... Мындай тентимиш селсаяктарды, түк эле адам ордуна көрбөйм! Анткени булар бул жарык дүйнөгө адашып жаралып калган, "коомдун ашыкча таштандылары" деп эсептейм! Мен тамактанган жерде мындайлардын колу азыгыма матырылмак турсун көлөкөсү түшө турган болсо, демек мен үчүн ал тамак-аш арам болуп калат! - деп копоттун үстүндөгү болгон нерсени колу менен жерге шагыратып шыпырып салат да, бет аарчысы менен копоттун үстүн зымырайтып тазалап сүртөт. Бир саамга унчукпай ойлонуп туруп жерге "чыйт" түкүрүп, Элчинин жанына басып келет. Эки колун чөнтөгүнө салган калыбында Элчини теңсинбегенсип:
-- Хммм... Чын-чынына келгенде бизге алдыгинтип баш көтөрүп сүйлөй тургандай, сенин укугуң да, акың да жок болчу! Анда эмесе сөздүн ток этер жерин айтайын. Мындан ары өз ордуңду билип жүргүн Элчи! Коомдун ылдыйкы катмарындагы сага окшошкон эргул сөрөйдү, дагы ушунча арабызга аралаштырып батырып жүргөнүбүз үчүн, ыраазы бол демекчимин! Бизге тең келе тургандай же топтогон байлыгың, кыйраткан ишиң жок... Сен кимсиң өзүң? Ишенген атаң кызматтан түшүп калгандан бери, эми сен биз үчүн нольго барабарсың, уктуңбу?!- дегенин уккан Элчинин төбө чачы тик туруп:
-- Акыр-аягы жүзүңдү жашырган бет кабың сыйрылып, ачыкка чыктың ээ Байтур?! Демек ошондой дечи? Ооба туура айтасың, чындыгында эле өз ордумду билип жүргөнүм дурус болот! Байтур, өмүрүңдө бир жолу кабыргаңды кайыштырып, маңдай териң менен бир үзүм нан таап жеп көрдүң беле? Алибетте жок да... Сен атаңдын байлыгына чиренип даяр, белен оокатка көнүп чоңойгонсуң! Бирок өзүңдү "жогорку катмардагы коомдун каймагымын" деп эсептегениң, чоң жаңылыштык! Анткени сен болгону эле дүнүйөкор, ала көөдөн, пейили тар кубулма бир жандык элесиң... Буга чейин көзүм сокур болуп, кантип сендей менен табакташ болуп жүргөнүмө, азыр башым маң... Бирок силерге боорум ачып турат... Эртең эле атаң кызматтан түшүп чиренген байлыгыңан кол жууй турган болсоң, алдыгы "кан дос, жан дос" деп жандап жүргөн сөрөйлөрүң биринчилерден болуп чөөдөй жабылып, талап-тоноп сатып кетишет. Эмне үчүн дебейсиңби? Анткени алар дагы өзүңө куюп койгондой окшошкон дүнүйө кулдары! Ошондуктан, силерди иренжиткен ылдыйкы катмардагы алиги ачка бала экөөбүз, силерден кыйла эле жогору турсак керек!- деген Элчиге кызаңдаган Байтур атырылып, экөө жулмалашып мушташып кетишет. "Койгула жигиттер" деп берки эки жигит ортого түшүп арачалап калышат. Жараланган кайберендей болгон Арман учурдан пайдаланып, теңселип бутун сүйрөп качып жөнөйт. Өңгүрөп ыйлаган боюнча камыштын арасына сүңгүп кирип, бир заматта көздөн кайым болот...
-- Ээ койгулачы балдар, болбогон нерсе үчүн тытышып маанай чөктүрбөй... Жүргүлө андан көрө түнкү клубга кеттик!- деп бирөөсү унаасын от алдырса, экинчиси "болгула, кеттик"деп Элчини карайт. Элчи болсо башын чайкап:
-- Жигиттер, өзүңөр жөнөй бергиле... Эми мындан ары силер менен жолубуз эки башка.. Анын үстүнө мендей коомдун ылдыйкы катмарындагы бир байкуштан көңүлүңөрдү айнытып, жаныңарды кыйнап эмне кыласыңар? - дегенде Байтур башын унаанын терезесинен кылтыйтып:
-- Ээй мунун эмнесине анча жалдырадыңар, барбаса койсун?! Кайра арабыздагы ашыкча бир самтырактан арылганыбызга сүйүнбөйсүңөрбү?- деп музыканын үнүн даңгыратып чыгарып, бипилдеткичин тынымсыз баскан боюнча, унаасын жанынан зуулдатып айдап өтүп кетишет. Башын чайкап ачууланган Элчи: "Ачкамын дегенге бир үзүм нанын ыраа көрбөй ушунча жаңжал салып, баланын жанын сууруп ала жаздады эле. Эми минтип тамак-ашты төгүп-чачып, тебелендиге таштап кеткенин карасаң? Убал-сооп деген эмне экенин унутта калтырган, эсиреп көпкөн айбан десе..."- деп Элчи сүйлөнүп, жерде төгүлүп- чачылып жаткан тамак- аштын калдыктарын бир бош баштыка терип салып, бактын бутагына илип коёт. "Ээн-талаа эрме-чөлдө түн катып өзү жалгыз жүргөн алиги бала, эмне болгон бала болду экен? Байкуш баланы көзгө-башкага койгулап, уруп коюшту... Деги дене- карды соо, аман-эсен болсо эле болду. Байкуш өзү да кичинекей бала экен... Ал баланын ал-жайын билбей кетсем, жаным жай албастыр... Тегерек-четке көз- чаптырып карап, баланы издеп көрөйүнчү..."- деп телефонунун жарыгын жандырып, бала качып кирип кеткен камышты аралап жөнөйт. Бир маалда толгон айдын жарыгынан, урап калган жалгыз эски тамды көрөт. "Урап калган тамда да адам жашачу беле? Бирок баланын ачкамын дегенине караганда, балким айласыздан баш калкалап, жан сактап жүрүшкөн чыгаар? Барып көрөйүнчү, ошондо гана чын төгүнүн билбесем... "- деп жакындап келе берген сайын, баланын "апакелеп" уңулдап ыйлаган үнүн угат. "Бала өзү жалгыз эмес, жанында апасы бар го?"- деп, кулак түрүп, тыңшап туруп калат.
"Апоуу, апаке, жетимчиликтин азаптуу кор жашоосу жаныма батты... Жалгыз каңгып тентип жүргөн айбанаттай болуп, кагылып- согулуп буттүм апа... Эмне үчүн мени бул жарык дүйнөгө алып келип, ушунчалык таш боор, мерез, митайым, эки жүздүү адамдардын дүйнөсүнө жалгыз калтырып кеттиңиз экен... Эс тарткандан тартып кордуктун үстүнөн кордук эле көрүп келатам, жүрөгүм тилинип канап, мындан ары бул жашоонун сыноосуна чыдай алчудай эмесмин... Балдар үйүндө да чоң балдар биздин тамагыбызды тартып жеп, чырылдатып сабашчу эле... Кээ бир тарбиячы эжей агайлардын "жетим" деп кордогонучу... "Ананайын" демиш болуп багып алган адамдар, "жеген наныңдын күкүмүнөн бери акташың керек" деп эшеңдетип иштетип, кичинекей кетирген кемчилигиң үчүн көгала койдой союп, чырылдатып тепкилеп кордогонучу апа..." - деп чырылдап ыйлаган баланын сөздөрүн уккан Элчинин төбө чачы тик туруп, чекесинен муздак тер чылпыдай түшөт. Жүрөгү сайгылашып жөлөнүп турган дубалдан сыдырылып барып, сыз жерге отуруп калат. Бала болсо чырылдап ботодой боздоп ыйлап: "Апоу, мени бул таш боор дүйнөгө жалгыз калтырбай, жаныңызга кошо ала жатыңызчы суранам сизден... Бир эжеке сизди асмандагы бейиште деп айткан болчу. Демек сиз мени азыр көрүп турсаңыз керек ээ апа? Асмандагы жымыңдаган жылдыздар, апама үнүмдү жеткизип айтып койгулачы..." - деп боздоп ыйлаган баланын үнү, Элчинин кулагына кайталанып жаңырып угулгандай болот. Ошол учурда бороон-чапкын куюндап, жер астым-үстүм болуп жарылып кетчүдөй болуп, күн күркүрөйт. Асмандан чагылган чарт-чурт этип, нөшөрлөп жаан жаай баштайт. Анда бала ого бетер алсыз үнүн бийик чыгарып: "Сиздин мээримге толо болгон жылуу кучагыңызда мерездиктен коргонуп, эркелегим келет апа! Ата- энеси менен жетелешип кетип бараткан бактылуу балдарды көрүп калсам, мен дагы жетим болбой ата- энелүү болгум келип, өксүп ыйлап алам... Мага эч нерсенин кереги жок эле... Болгону сиз тирүү болуп жанымда мээримиңзди төгүп, "уулум" деп эркелетип турганыңыз эле мага жетиштүү болмок апоуу! Анда баардык кыйынчылыктарга чыдап, сизди өзүм эле багып алмакмын. Базарда тачки сүйрөп жүк ташып, акча тапканды үйрөндүм. Бирок тапкан кичине тыйыныма башка тачкистер көрө албастык кылып, базарга жакын жолотпой тепкилеп, кууй беришет... Эч нерсе эмес апа, анда мен көнгөн адатымча бир жерде тура калып, ары бери өткөн адамдардын бут кийимин майлап тазалап берип акча таап, сизди өзүм эле алпештеп багып алмакмын апоу! Бир гана сиз тирүү болсоңуз кана... Бир нече күндөн бери жолум болбой, курсагым ачып, өзөрүп жүргөм. Таштандыдан эптеп өзөк жалгап алайын десем, бомждор кожоюндук кылып, жакын жолотпой коюшту... Ошондуктан бүгүн көпкөн мерездердин тамагы көзүмөн учуп, ойлонбостон азыгына кол салдым... Кармалып калып, мени былчылдатып уруп коюшту апоу... Ооба, уурулук кылган жакшы эмес. Бирок өзөрүп араң турган жаным оозума кара суу келип, чыдабай кетпедимби... Чоңойгондо "жакшы адам болом" деп, өзүмө-өзүм сөз берген элем. Бирок куу кекиртектин айынан, мен дагы алдым-жуттум адамдардын таз кейпин кийип бараткандаймын ээ апаке... Ошондуктан, чоңойгум да келбей калды... Жанымды кыйнабай, өзүңүз менен эле кошо ала жатыңызчы, суранам сизден апоуу..." - деп уңулдап ыйлаган баланын сөзү жанынан өтүп, Элчи андан ары чыдап угуп тура албастай болот. Көз жашын жеңинин учу менен аарчып ордунан атып тура калып, бала жака жөнөйт. Сыз жерде бүк түшүп бүрүшүп жаткан Арман Элчинин караанын көрөөр замат тура качканга алы келбей:
-- Байкебай... Суранам сизден мени урбаңызчы... Ачкадан өлүп баратсам да, экинчи андайга барбайм... Мени кечирип коюңузчу...- деп жүрөгү түшкөн бала титиреген эринин кыбыратып сүйлөп жатып, бир убакта эс-учун жоготкондой болуп, дымы чыкпай калат.
-- Ааааааа! Чындыгында эле макулуктан эч айырмабыз жок болгон, эки аяктуу адам сымалданган бир жандык элебиз ээ арман дүйнө... Деги эмне болуп баратабыз ыя? Көөдөндү дүнүйө чырмаган таш боор, мерез, көңүлкош муздак кайыл жүрөгүбүздү кечирчи бала... Сени ушундай ахыбалга жеткирген бизди кечир...- деп баланын алдына чөгөлөп отура калган Элчи жер чапчып бакырып ыйлап жиберет да, баланын жүрөгүн тыңшайт. Жүрөгү "дүк, дүк" деп алсыз сокконун уккан Элчи "бала тирүү экен!" деп сүйүнүп кетип күрмөсүн чечип, баланы күрмөсүнө ороп көтөрүп алып, ыйлаган боюнча чуркап жөнөйт.
-- Ооба, туура айтасың... Чындыгында эле биз таш боор, кайдыгер мерез болуп баратабыз... Пейил кетти, адамдан пейил кетти, арман дүйнө... Колунан келгенге кол куушуруп, колунда жогун теңсинбей машакаттайбыз, мазактайбыз, тебелеп- тепсейбиз... Ооба, кичинекей болсоң да баарын туура айттың... Бирок, мен сенин бул жарык дүйнө менен кош айтышууңа жол бербейм! Сенин көз жашыңды көрүп арманыңды уккандан кийин, мындан ары кантип тынч жашай алмакчымын? Адам болуп жаралгандан кийин, менде да жүрөк деген бар да! - деп Элчи чуркап келатып энтигип сүйлөп, кан-сөлү качкан арык Арманды бооруна кыса кучактап, чекесинен өөп коёт. Ошол учурда Арман эсине келип эмне болуп жатканын анча түшүнө бербесе да, эмнегедир тагдыры жылмайып бир боорун тапкандай болуп, жүрөгү жылый түшөт. Өмүрүндө бирөө жарымдын мындай мээримдүү камкордугун көрбөгөн жаны, "ушундай мээримдүү камкордук көз ирмемдер дагы көбүрөөк убакытка созула турса экен..." дегенчелик кылып, Элчинин лакылдап соккон жүрөгүнө кулак төшөп, ансайын бекемирээк бооруна ыкталып келатты. Бирок дене табы көтөрүлүп ичин куйкалагансып чабалактай түшкөн Арман, кайрадан эс- учун жоготот. Тынымсыз далбастап чуркап келген Элчи үйүнө жетип келип, коңгуроосун басат. Түн катып жүргөн уулуна сар-санаа болуп уктабай күтүп отурган апасы, эшигин ачаары менен үстү башы чылпылдап суу болгон баласынын колунда көтөргөн баланы көрүп:
-- Тыншчылык элеби уулум? Иий бул балага эмне болгон караңгүн? Кел бул жака жаткырчы...- деп конок бөлмөдөгү жумшак дивандын үстүнө мамык жаздыгын төшөй салып, Элчи баланы жаткырат да, дароо "тез жардамга" чалат. Элчинин апасы болсо эс-учу жок жаткан Армандын көгала болуп канжалаган бети-башын көрүп ыйлап жиберип:
-- Кичинекей баланы мынчалык урганга кимдин дити барды экен? Олда катыгүн ай-йе, бир колу да жанчылгандай болуп канталап, көпкөк болуп шишип кетиптир... Баланын арыктыгын карачы...Ким, ким кылды муну? - деп бүк түшүп буркурап ыйлаган апасынан көзүн ала качкан Элчи:
-- Эки аяктуу адам сымалданган, көпкөн таш боор мерездердин кылганы да апа... - деп каргылданган үнү менен жооп берет. Бир убакта "сулк" жаткан Арман кыймылга келип, кыңкыстап көзүн ачат. Маңдайында ыйлап отурган ак жоолукчан Элчинин апасын көрөр замат көзүнөн жашы кылгырып:
--Апа... Апаке сизсизби?- деп алсыз үнү менен мукактанып:
-- Апоу, мен буга чейин элестеткендей эле, мээримдүү, аябай сулуу экенсиз! Апаке, сизди көрүп жатсам, демек мен дагы өлүп калдымбы? Сиз бейиштесиз да ээ апаке? Чын эле сизге үнүм жетип, мени өзүңүздүн жаныңызга алып алдыңызбы? Апоу, ошондо экөөбүз тең бейиштебизби?- деп баланын ыйлап сураганына эмне деп жооп берерин билбей нес болгон Элчинин апасы, ого бетер токтоно албай шолоктоп ыйлап жиберет. Анда Арман Элчинин апасын жылмайып карап:
-- Апоу, ыйлабаңыз... Эми экөөбүз түбөлүккө бир болобуз! Таш боор мерездиктин ордосу болгон жалган дүйнө менен кош айтышканыма, эч өкүнбөйм апаке... Акыр аягы сиз менен жолугушуп көрүшкөнүмө, жетине албай кубанып турам!- деп тегерек-четин көз чаптырып карап:
-- Апоу, бейиш жомоктогудай жарык, кооз, укмуштай сонун болот экен го ээ?- дегенде Элчинин апасы Армандын башынан сылап:
-- Ооба балам, мындан ары ушу жомоктогудай болгон кооз бөлмө, сенин бөлмөң болот! Мындан ары сени эч ким кордой албайт! Анткени мен өмүрүм өткөнчө сени канатымдын алдына калкалап, бапестеп багып өстүрүп чоңойтом балам! Сен мындан ары жалгыз эмессиң! Сенин атаң, апаң, агаң бар болгон бир үй-бүлөнүн сүйүктүү уулусуң балам!- деп мээримин төгүп бети-башынан өпкүлөгөн Элчинин апасынын шорголоп аккан көз жашын быйтыйган колу менен сүртүп, мойнунан кучактап жытынан жыттап- жыттап алып, мукактанып:
-- Мен... Мен сизге жакшы уул болуп берем апоуу! Бир гана сураныч, мени экинчи таштап кетпеңизчи ээ апоуу!- деп алсыз колун суна берип, кайрадан эс-учун жоготуп, колу "шалак" дей түшөт.
-- Балам, балам? Көзүңдү ашчы наристем...- деп чыйпылыктай түшкөн апасынын ийнинен кучактаган Элчи:
-- Апаке, кабатырланбаңыз... Тез жардам чакырттым, азыр келип калышат. Бул байкуш баланын багар- көрөрү жок томолой жетим бала экен... Бир нече күндөн бери тамактанбаса керек, курсагы ачка... Көпкөн айбандардан таяк жегени кошул-ташыл болуп, байкуш бала сиз көргөн ахыбалга жетип калган... Апа, "жетим ыйласа жер титирейт" деген чын экен... Жетимдин үнү... Жетим баланын арманын уксаң жаның кайышып, жүрөгүң тилинип чыдап угуп тура алгыстай болот экенсиң... - деп мукактана түшүп:
-- Буйруса, бала аман- эсен жакшы болуп айыгып кетсе, баары жакшы болот ээ апоу! Буга чейин сиз мени "жалгызым" деп армандачу элеңиз, эми минтип мен дагы инилүү болуп отурам!- деп баланын бети- башынан сылап ыйлап отурган апасынын колунан өөп:
-- Апа, буга чейин сөзүңүздү укпай сизди беймаза кылган болсом, мени кечирип коюңуз... Ушул түндө көп нерсени түшүнүп, жашоого көз-карашым өзгөрүлө түшкөндөй болду... Мындан ары жүрүш-турушумду, дегеле жашоомду өзгөртөм! Атам экөөңөр сыймыктана тургандай, татыктуу уулуңар болгонго аракет кылам! Буга чейинки ала көөдөн, жеңил ойлуу уулуңузду кечирип коюңузчу апаке...- деп апасын жалооруп караган уулунун чекесинен өөп:
-- Өмүрлүү, бактылуу бол берекем, ыраазымын сага! Азыр баланы тез жардам ооруканага алып кетиши ыктымал, ошондуктан мен дагы кошо барып, наристенин жанында болоюн. Байкуш бала тагдырынын соккусунан кыйналып калган экен, буйруса жакшы болуп айыгып кетсе, асырап багып алабыз! Колубуздан келишинче биргелешип, бактылуу балалык тартуулаганга аракет кылабыз балам! - деп көзүнөн кылгырган жашын бет аарчысы менен аарчып, Армандын чекесинен өөп коёт. Аңгыча эшигинин коңгуроосу кагылып, сырттан ак халатчан доктурлар кирип келишет
Бектенова Н.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев