бир жигитке атасы ар убак эле: "..дос тандоодо өтө этият бол, өтө сак бол уулум,.. ким менен чогуу иш кылчу болсоң анын ким экенине өтө маани бер; жакын мамиле кылмакчы болуп аткан жаңы тааныштарды тандоодо өтө кылдат бол, аманат, шерт, убада берип аткан, алып аткан адамдардын ким экенине өтө чоң маани бергин" деп басса- турса кулагына куя берчү экен. Уулу эрезеге жетип, жашоодогу анча-мынча ысык-суукту көрүп дегендей тажрыйба топтойт, мезгилдер зуулдап жашы да өйдөлөйт; ошондо да жарыктык ата уулун чакырып алып баягы насаатын кайра айтып: "..уулум дос тандоодо этият бол, дос күткөндө абайлап күт" деп эскертмейин улантат. Уулу акыры чыдабай жарылып ".. ата ушул насаатты канча жылдан бери какшап сайрап эле айтып келесиз,.. мен чоңойдум, киши болдум; эмнени, ким менен, кантип кылыш керектигин өзүм чече турган куракка деле келип калдым; көп эле маземди ала бербей тынч коюңуз эми; тим койсо улам эле акыл үйрөтөсүз.." деп буркулдайт. " "Сиздеги акыл менде да бар го акыры, достордон абайла эле дейсиз, менин досторум бүт ишеничтүү, баарына бөркүмдөй ишенем, ар бир досум сынымдан өткөн, ошол өткөнү үчүн алар менен ынак дос болуп жүрөм!" деп атасына нааразылана күнкүлдөйт. Атасы уулунун албууттанганына терикпей: "Уулум, акыры менин да бир билгеним бардыр,.. ошол ишенген досторуңдун ишенимин бир сынап көрсөк кантет?"-деп кыска үн катат. "Эч маселе жок ата, досторумдун кимисин болсо да сынап көрүңүз, баары ишенимдүү"-деп өзүнө ынанымдуу сүйлөйт. Атасы анда уулуна: " Ошондой де,.. андай болсо тиги короодон бир семиз кочкорду алып астыма апкелчи",-дейт, Уулу кочкорду алып келет. Муну эми сойгун,-дейт. Уулу соет. Эми жиликте,-дейт. Кочкордун эти кызыл ала болуп жиликтенет. Эми ушул эттердин баарын мүшөккө сал уулум,-дейт атасы. Уулу айткандай аткарат. "Карангы кирээри менен ушул мүшөктү жонуңа көтөрүп алып эң жакшы көргөн досуңдун үйүнө барып эшигин каккылайсың.."-дейт атасы. Кочкорду союп, жиликтеп, колдору, жеңдери, бүт кийими кан болгон,оң колунда кынынан кан саарыккан бычакты кармап турган уулун тиктеп атасы "..так ушул бойдон досторундун ар биринин уйуно барып эшигин такылдатасын да..досун чыкканда...”э досум, башка мүшкүл түшүп бир кылмыш кылып койдум..” дейсин, башка эч бир соз айтпагын,-дейт. Атамдын да бир билгени бар чыгаар,-деп уулу...жонуна эт салынган, кан тамчылаган мүшөктү көтөрүп, карангы киргенде эң жакшы көргөн досунун үйүнө барып эшигин такылдатат. Ангыча искериден досу чыгып,..кийими канжалаган досун көрүп чочуп “..эй деги эмне болуп калгансың, акыбалың кантет?”-деп сурайт. “Бир мушкүл иш болуп, кылмышка кириптер болуп калдым..”,-деп жооп берээр замат, эң жакын деген досу эшикти тарс жаап үйүнө кирип кетет. Мүшөк көтөргөн берки бечара эшикти такылдатса ары жактан “..жогол көзүмө көрүнбөй!” деп жакын досу ызырынып сөгүнөт дейт. Ошентип мүшогүн жонуна артып алып бүт досторун кыдырып эшиктерин такылдатып акыбалын айтса, баары киргизбей коюшат. А кээ бирлери эшикти ачпастан туруп “жогол!” деген сөздөн башканы айтпай кууп салышат. Кайран жигит дендароо болуп эси оойт “...кантип ушул жакын досторум мени ушинтишти...”деп ишенгиси келбейт... Көңүлү сууп, делдиреп атасына келет. “Ии уулум, эмне болду?”-деп суроо салат. “Ээ атаке,.. дос дегенимдин баары дос эмес болуп чыкты,.. эшикти тарс жаап кууп салгандары болду, а турсун эшикти ачпай туруп “жогол!” дегендери көңүлүмдү муздатты... Айрымдары ашатып сөктү... Арасынан бирөөсү “..э досум...эмне болду...кандай болду,..ким ушинтти?” деп териштирип сураштырып абалыма кызыгып койбоду... Менин досторум го ушундай экен көрсө,.. атаке,..сиздин досторуңуз да ушундайбы?”-деп айыптуу көз карашы менен сурайт уулу. “Кандай экенин чогуу байкайлы, чогуу сынайлы, так ушул канга булганган кийимиң менен менин Түкүнчө деген досумун үйүнө барып эшигин такылдатып көрчү..”дейт. Досторунан көңүлү калган уулу бутун аран шилтеп атасынын досунун үйүн таап, эшигин такылдатат. Үйдүн кожоюуну жигитти көрөөрү менен дароо “..кир, кир батыраак кире кой ичкери” деп үйүнө киргизет. “Кара басып, бир кылмыш кылдым эле..” деп жигит эми кебин баштаганда атасынын досу “..кой, унчукпа, эмне болгонун айтпа, эч ким укпасын..” деп үйүнүн аркы тарабындагы бак жакка алып өтүп, анан бактын ортосуна чункур казып, жигиттин жонунда көтөрүп келген мүшөктү, колундагы кан саарыгып катып калган быяагынан бери алып дароо ошол чункурга көмдүрүп салат. Жигитти “жуунгун” деп таптаза жуундуруп, кийимдерин өрттөп, жаңы кийим кийгизет. “Э балам, башыңа бир мүшкүл иш түшүптүр, бүгүн жакшылап уктап эс алгын да, таңга жуук кет, азыр эс ал”-деп жумшактап төшөк салдыртып берет. Жигит кожоюндун айтканын кылып, түн бою мемиреп жакшы уктап, саарлап атасынын досу менен коштошуп үйүнө келет, болгон окуяны толугу менен айтып берет. “Атаке, досуңуз эшикти ачаары менен “эч унчукпа” деп дароо үйгө алып кирип, колумдагы мүшөктү үйүнүн арт тарабындагы бактын ортосуна чункур каздырып көмдүрүп, кан болгон кийимдерди чечтирип, өрттөп, жаңы кийим кийгизип, жумшактап төшөк салып жаткырып, танга жуук узатып койду. Чыныгы дос мына ушундай болот тура атаке, көрсө сиздин досторуңуз чыныгы достор экен..”-деп атасына ымандай сырын айтып төгүлөт уулу. “Шашпай кое тур уулум, бүгүн мына жума күн, мечитке баргын да, мечитке келген көпчүлүктүн көзүнчө тиги досума бир акаарат кылып, ачуусуна тие турган сөз айтып көр”,-дейт. “Эмнеге антейин ата, анын эмне кереги бар?”-дейт уулу түшүнбөй. “Бар дегенде барып, мен айткандай акаарат кылып көрө бер уулум, мына ошондо анын чыныгы дос же дос эмес экенин экөөбүз чогуу байкайбыз..”-дейт атакеси. Атасынын айтканын айткандай кылып, мечитке барып, уулу атасынын досуна элдин баарын каратып туруп акаарат кылат, ачуусуна тийген сөздөрдү айтат. Ошондо атакесинин досу тиги жигитке карап туруп “Өй жигит,.. баргын да атаңа салам айтып, менин айтканымы жеткирип кой, бир-эки акаарат, ачуу сөздөр үчүн эле багымдын ортосундагы чункурдагы нерсени элге жайып ие турган достордон эмесмин..-деп айтты деп кой,-деп жылмаят. Көрсө ал киши ырасында эле атасынын чыныгы досторунун бири экен. Мына ушундай туугандар. Достор оомат келгенде эмес, кеткенде сыналат. Иштериңиздин баары өз нугунда, баары сонун болуп турган кезде достордун түр-түрү пайда болуп, дос эместер да “кан досум, жан досум..” деп кучак жая беришет. А бирок оң эле айланып аткан тегирмендин парасы тескери айланып киргенде, күпүлдөп келип аткан оомат алыстап кеткенде же башыңызга бир мүшкүл, ташпиш, сыноо келгенде элегинизде бирин-экин дос калышы мүмкүн,..а болбосо таптакыр калбай жалгызсырап калууңуз деле толук ыктымал. Башыңызга мына ушундай жалгыздык түшүп, өзүңүз менен өзүңүз жалгыз калсаңыз, эч иренжибеңиз. Ар кыл досторуңузду эстеп, “неге мени таштап кетишти” деп таарынбай, алхамдулилла деңиз. Анткени жашоодо ар кыл оор сыноолорду жиберип, Аллах жаман менен жакшыны, ак менен караны ажыратып, тактап алууга сизге мүмкүндүк берип атат. Андан да бийигирээк денгээлдде ой калчай турган болсок, түркүн досторуңузду эстеп “ошолор мага доспу, кандай дос, эмне үчүн дос болду эле” деп наалыгандын ордуна “мен өзүм бирөөлөргө кандай досмун, дегеле бирөөгө чыныгы дос болуп эмнени кыйраттым, эмне кыла алдым; досум деп жүргөн досумдун башына мүшкүл иш түшсө мен эмне жардам бере алам?” деп суроо салып көрүңүз. Досторум мага эмне кылды деп суроонун ордуна, мен досторума эмне кылдым?-деп маал-маал сурай жүрүңүздөр.
Кыргызчага которгон Эрнис Кыязов.
Дастанова Рахима Арыновна нын баракчасынан алынды.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев