Уурусу күч болсо,
Ээси доого жыгылат.
Убайым тарткан бийлик жок, Кашыктап уйгөн байлыкты,
Чөмүчтөп чачып тайраңдап.
Үзөңгү-Кууш бейиш жер,
Үр кызындай үлбүрөп,
Энеси өппөй кыз эле.
Кекилик, улар бүркүтү,
Көк тиреген зоолордо,
Кыргыз деп шаңшып
турчу эле.
Карагат, чие, кызылгат,
Бүлдүркөнү үзүлүп.
Кымыздык,согон, чүкүрү,
Кырга жетпей өсчу эле.
Аюу, карышкыр илбирси,
Алтымыш кылым жеткидей.
Суур, коен суусары,
Суурулуп сайдан чыкчу эле.
Бетегеси белинен,
Берилип жылкы оттоочу.
Мөлтүр тамчы булактар,
Мөлтүрөп тоодон куюлчу.
Үзүлгөндү улабай,
куураганды курабай,
Үстөмдүк кылып эл журтка,
Кытайга берди сурабай.
Каркыра жайлоо мелтиреп,
Кандай сонун жер эле,
Какыр чөл эмес болуучу.
Кан Манастын тушунда,
Көкөтөйдүн ашында.
Көп чырлардын башында,
Кылкылдаган эл келип,
Кымыз этке тоюуучу.
Кыргыз кырып бүткүз эл.
Кыз куумай, улак тартышта,
Кылкылдап кыргыз батуучу.
Беш миллион элиң калганда,
Бешене териң агызып.
Бей бечара, кул болуп,
Беш дабан кетти жарышып.
Кара жерге ким түтөт,
Карайлап басаар жер таппай,
Кары картаң жаштары,
Кашайып карап турса да,
Казака берди сурабай.
Өзбеке канча жер бердик,
Өзүлөрүндөй кууланбай,
Өзүбүзгө тендедик.
Мал арыгын бакканда,
Оозун майлайт дечү эле.
Киши арыгын бакканда,
Башын кандайт биз болдук.
Өсүп өнүп алышып,
Өзбек тилди мыйзамдап,
Өнүгөбүз деп чыкты.
Өз жерибиз төрүндө,
Бөлүнөбүз деп чыкты.
Кереметтүү Ыссык - Көл,
Керилип жатат Кум төрү.
Алтыны жок өзү бар,
Ак ташы жок көзү бар,
Океандын ар жагы,
Канададан келишип.
Олжолотуп көрүнө,
Өзүбүз иштеп жалданып,
Өзүбүз жүктөп колдодук.
Өзөктөн чыккан өрт жаман,
Өздөн чыккан жат жаман.
Далилдеп таптап айтса да,
Дарегин тактап жазса да.
Садырдай элдик уулу,
Сайрап какшап жатса да.
Депутаттар мелтиреп,
Колдобой эле коюшту.
Ар беш жылда кан шайлап,
Ар беш жыл боюу сатабы?
Аркадагы жаштарды,
Аягы жок төрү жок,
Азапка салган жатабы?
Он беш жылы кан болсо,
Он беш жыл боюу сатабы?
Өзү тойгон ак кандар,
Өзгө менен иши жок.
Өз жанын алып качабы?
Өз элине күйбөсө,
Өз элдин ыйын билбесе,
Кандыгынан не пайда?
Эли жакыр, тону куур,
Эптеп өмүр сүргөнүн,
Эшек алса кредитке,
Эчкисин кошуп төлөсө.
Аш тойлорду кебелбей,
Аябай чачып тойлошот.
Кырк байталдын карызы,
Кыргыз учун кеп бекен.
Кырк жылдап кредит төлөйбү?
Эл журттун ыйын билбесе,
Эл аралап жүрбөсө.
Эңиреңдеп джип минген,
Депутаттардан не пайда?
Ак ийилет сынбайт дейт,
Алтынды санай коем деп.
Ачылган тоону карайм деп,
Эсептеп бийлик жегенин.
Эки ооз сөз сүйлөйм деп,
Абакта жатат эр жигит.
Чындык ачуу чыркырайт.
Чындыкты айткан жигиттин,
Эт жүрөгү зыркырайт.
Чындыкты өкүмөт көргөзбөй,
Чырылдаган адамды,
Чымчыкча да көрбөсө.
Катуу айтса таскак деп,
Акырын айтса аксак деп.
Өз көмөчкө күл тарткан,
Өкүмөтүнөн не пайда?
Жети Осуят Манастын,
Желегин неге унуттук.
Жерибизди тарттырып,
Жетим бала жесирдин,
Жегенин неге унуттук.
Ала тоодой Ак Бакай,
Батасын неге унуттук.
Ала-тообуз сатылса,
Бараарыбыз кай тарап.
Ажал жетип күн бүтсө,
Өлөөр жерди унуттук.
Аркадан өскөн муундар,
Өнөөр жерди унуттук.
Тил кесмек жок илгертен,
Баш кесмек бар дечү эле.
Колго бутка чапкылап.
Бой кесүү пайда болгонбу?
Башка көзгө аткылап.
Ой кесүү пайда болгонбу?
Өз эрксиз жерде өзүңү,
Өзгөчө сакта эр жигит.
Өксүбөй көтөр башыңы,
Ачуунун да таттуусу,
Каранын да актыгы,
Бар экенин бил жигит.
Ыйман берсин бийликке,
Ыр күүнүн, мезгил күн келээр.
Кыргыз деп соккон эр жүрөк,
Өз үйүнөн туз буюруп.
Айланып алтын куш келээр.
Гульмира Конушбаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 13