Предыдущая публикация
Калп өңдөнүп адамдардын күлгөнү,
Калп өңдөнөт сүйлөгөнү жүргөнү.
Сүйүү да калп мамиле да күймөлүп,
Сүйүлбөгөн өзүм калптай сүйрөлөм.
Калп өңдөнүп тиргилик дагы калыпсыз,
Карт деңизде сүзгөндөймүн кайыксыз.
Кабарың калп карааның калп сөзүң калп,
Кантем сенсиз жашоом дагы дайынсыз.
Калпты кантип чындыгына котором,
Калпты кантип чымырканып көтөрөм.
Карааным калп каткырыгым дагы калп,
Карайлаган басыгым калп текебер.
Калп өңдөнүп адамдардын күлгөнү,
Калп өңдөнөт сүйлөгөнү жүргөнү.
Калпты чындай айтып атса ишенип,
Кайыл болуп кайдыгерлик үйрөндүм.
Гүлмира Конушбаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев