Предыдущая публикация
Ушул жылым өзгөчө бир жыл болсун,
Кыргыз элге кут береке жык толсун.
Коёнектей көбөйүшүп жубайлар,
Кол кармашып ынтымактуу жуп болсун.
Аалам төрдө куттуктоолор көбөйсүн,
Айдай уулдар, күндөй кыздар төрөлсүн.
Алп Манастын урпактары уланып,
Ак жалгасын көшөгөлөр көгөрүп.
Демилгелүү иштүү болсун балдарым,
Демдүү болсун күчтүү болсун алганы.
Ден соолук бер, жаратканым өмүр бер,
Кемитпесин, кейитпесин калганын.
Оору сыркоо тоорубасын элимди,
Оболосун обон күүсү жеримде.
Манас Манас Манас ураан жаңырып,
Мекенимди сактап жүрсүн теңирим.
Гүлмира Конушбаева
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 3