Айылдын айбаттуу ак-сакалдары мечитибизде намаздарын калтырбай биринчи сапта жаштарга үлгү болгон, эки Ак-сакал Аталарыбыздын көз жумганы журөкту оорутту ...
Өмурали ажы Сайдамат абалар кудайым рахматына алсын , таравих,багымдат, намаздарында жана ар дайымкы окулган намаздарды окуп буткөндөн кийн мечиттин ичинде, сыртында экөөбү тең бирин бири көргөндө жаш баладай тамашалашып аны айтып муну айтып, бир бирине тийшип суйлөшкөн шайыр инсандар болгон...
муну аңдабаптырмын көрсө журөгу бири бирине байланып калган немедей жакын бир тууган ага ини болуп, журушкөнун кийин түшүндүм...
Намаздарды калтырбай айылдын көрку болгон мындай өрнөк инсандардын саны азайып баратат, ошол жагын ойлоп кейип журөм мындан кийинки поколениядан дагы ушул аксакалдардай айбаттуу, инсандарды кутуп журөм ...
Эмне деген мыкты инсандар кете берди Гожо агай, Сатыбалды аба , Турат ава, жана башка кандай гана берекелуу инсандар айылдын куту болуп турушкан бул кишилерди, мен мечиттен тааныганмын мечитке келген жаш муунга ай балам!!эмне сурөө жаттадын ? Намазды мынтип оку! дааратты туура ал! деп үлгү болгон Аталарыбыз азайгандан азайып баратат....
бул көрунуш! биздин эле айылда ушундай экен деп жүрүпмүн...
бүтүндөй жалпы Кыргызстандын чарт тарабындагы аймактарда, бел курун бекем байлаган, көпчулукө өрнөк болгон, ак сакал Аталарыбыз азайып баратыптыр!!!
өкунучтуусу ошол .
Көзү өткөн айылымдын көркүн ачкан, чоң аталар чоң энелер Аллахым тубөлук рахматына бөлөсун артынан калган урпактарынан мураттап Хаафиз , Мухаддис Каары Аалымдар келсин. Сайдамат аба менен Сатыбалды аба экөөбу тең биздин Имам Карыбек дамлага колуна кол бутуна бут болуп катмы куран кылган жерде чарчап баратканда алмак-салмак ясин , табарак сурөөлөрун Имамга жардамдашып окуп беришчуу...
Мына бизге улгу!!!
кана биз да бул кишилердей куран окуп калсак деп жаш кезде кыялданчуубуз .
Чоң кишилердин мечитти көздөй басканын көруп, чонойгон ар бир жаш бала соссуз жакшы таасир алат...
Учурда көзу тирүү мечиттин көркун ачкан Ак-сакал Аталарыбыздын өмүрлөрүн узун , ден соолуктарын чын кылсын Төлөйкөн айылын ийне жибине чейин билген Омурбай абам бар жашы бир кылымга жакындап баратат мен айылдын санжырачысы деп койом.
Оштун карамагындагы айылдарды ким кайдан тараган анын аты ким ? бүт баарын коён жатагына чейин билет!!колдо бар алтындын баркы жок дегендей анчейин көпчүлүк баамдабайт экенбиз, мындай инсандарды видеого тартып мурунку элдин ынтымагы,биримдиги,дыйканчылыгы мээнетчилдиги кандай болгон бизге чейинки бабалардын жашоосун ак сакалдар кеңеши,
ак-сакалдар соту , элдин ашарлап салган үйлөрү,мечиттери, бүт баарын сурөттөп берчү бирден бир киши ушул Өмүрбай Калпа атабыз!!!
ошону видеого тарткан адам жок!!!
Бул эле эмес башка көптөгөн көзу тируу Ак-Сакал Аталарыбыз,Апаларыбыз бар ошолорду бир бирден видеого тартып мурунку өткөн кеткенди баяндатып, ак дасторкондо суйлөтуп интернетке жуктөп койгон бир азамат чыкса улук!!!иш кылган болот эле ...
Заман өнуккөн алыс жакындагы жердештер жүз жылдан кийин болсо да көруп ибарат үлгү алаберет деген умут !!!...
Алардын баркын билип көп насаат, үлгү дубаасын алган кандай жакшы.
Шергазы Аскаров . 28.09.2020.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 2