Жыйырма тортунчу болум.
Тимур жумушунан Фрунзеге которулуп, эки болмолуу квартирасын бизге таштап кеткен. Экообузго деп кайненем болуп берген окооттарыбызды алып келип, Алмаз экообуз озубузчо тутун булатып, жаны турмушубузду баштап жашап калдык. Эрте менен экообуз тен жарышып жумушубузга жоноп, кечинде келебиз! Алмаз жумушуна байлашыштуу кобунчо кеч келет. Кээде мен уктап калгандан кийин да келген кундору болот. А кээде жумушума келип мени тосуп турат. Алмаз чынын айтсам акыркы кундору мени менен ооруп калгандай. Суйуусу кучоп менин козумдун агы менен тен айланат. Ал жумушунан келип эле мени кучагына алып козумо тигилип караганды адат кылып алган.
- Сени канчалык тиктесем да тойбойм, коздоруно карап эле тура бергим келет дейт, менин коздорумдон козун албай тигиле.
- Алмаз тамак даяр болгону качан, муздай элегинде жеп ал деймин мен. Ал мени озуно тартып жузумон акырын суйуп коюп анан тамакка отурат. Билбейм? азырынча Алмаз экообуздун мамилебиз жакшы эле. Уйлонгонубузго аз эле убакыт болгондуктан ар дем алыш сайын экообуз жетелешип алып айылга барабыз. Башымдагы жоолукту али чече элекмин. Жумушкада салынып барам. Алмаз мени жолдо баратканыбызда дайыма колуман кармап алып басат. Эми эле уйлонгонубуз учун, кочодогулор бизди корушуп баары эле карашып калышат. Негизи айылда ошондой эмеспи? Аларды коргон Алмаз, жаны келинчеги менен жетелешип баратканына озунчо бактылуу.! Суу которуп бараткан кыздар да челегин жерге коё коюшуп, артыбыздан тиктеп оздорунчо соз кылып карап турушканын байкап калам. Алмаздын эн кичинекей карындашы Элиза бизди дайыма жолдо кутуп ойноп жургон болот. Бизди короору менен эле ал алдыбыздан чуркап келип мени "Жене "деп эки бутуман кучактай калат. Элизаны ортобузга алып учообуз уйго жетелешип киребиз.
Алмаздын уйундогулор негизи мени келин катары аябай жакшы кабыл алышты. Биринчи жолу келин алгангабы билбейм, айтоор баары мени жакшы корушуп сыйлашып турушат. Суу которуп калсам да кайнилерим чуркап келип менин колумдан ала коюшат. Очоктун башында тамак жасап калсам, отун которуп келип от жагып берип отурушат. Насыр аяш атамдын балдары чындап эле баары тартиптуу жакшы балдар экен. Ошондуктан булардын уй булосун баары, жакшы адамдар деп айттышса керек. Кайнатам менен кайненем бири бирине бир ун чыгарышпайт. Ар кимиси оз ишин кылып журо беришет. Бир куну биздикине меймандар келип калышты. Кеч болуп кеткен болчу. Очоктун башын жыйнаштырып идиштерди жууп журсом кайненем келип
- Алтынай сен уйго кирип дем ала бер, мен озум буткором бул жагын, деп болбой мени уйго киргизип салды. Кайненем жакшы аял экен. Келин кылат! деп отуруп албайт. Мени менен кошо тен кыймылдап, кедээ болду жон кой бул жагын озум кылам деп колумдан алып турат. А чон энебиз болсо, дагы деле озунун келинине (кайненеме) буюра суйлоп аны жумшап коюп отурат. Алмаз болсо ал жерде да, жанымда эч ким жок учурларда келип менин колумдан кармалап, кээде белимен имере кучактап козумо тигилип калат.
- Койчу Алмаз! атамдар коруп калса уят деймин мен ага . Бир жолу кир жууп жатсам, Алмаз келип, алда колун сууга салып менин колдорумду кармалап баштады. Менин ага аябай кулкум келди.
- Алмаз койчу эми, жок дегенде кирди тынч жубайын дедим. Ал коздорумо кулмундой тигилип карап тура берди. Мен самындын кобугун алдымда Алмаздын бетине сыйпай чачтым. Ал да кобуктон алып мага чачайын дегенде, артка жыла койдум да жанымдагы челектин тубундо калган сууну анын бут астына чачым жибердим. Ал арты менен качып калды. Бизди коргон Элиза бизге кыйкыра каткырып кулуп жиберди. Мен Алмазга кулуп жатып чон энебиз отурган сору жакка башымды бурдум. Карасам кайнатам баш болуп баары бизди карап кулуп турушуптур. Уялып кеттим. Чынын айтсам мен келгенден бери Алмаздын уйбулосу келин алгандарына суйунушуп, уйдо кандайдыр бир жылуулук, бактылуулук окум суруп турду.
Бир куну Ошто уйдо отурсам Алмаз чогуу иштеген бир досу менен келип калды. Анын козу жылуу учурап, ал да мени тиктеп тиктеп коюп отурду.
- Бул менин аялым деди, Алмаз аны копко карап туруп. Ал кулуп калды
- Билем Алмаз, сенин аялын экенин! Тоюнарда коргом. Бирок биз ага чейин да жолуккан экенбиз деп калды ал. Биз Алмаз экообуз аны суролуу карап калдык.
- Мен сизди тоюнарда, Гулмиранын апасы аркылуу тааныдым. Ал аял мени бир коргондо эле тааныптыр. Сизди мен бир жолу жолдон машинаныз менен, алардын уйуно жеткирип барбадым беле? эсиниздеби ? Мен эми эстеп кеттим
- Аа! ооба эми эстедим! дедим кулуп.Аа атынар ким эле? дедим атын эстей албай!
- Азамат! деди ал. Алмаз унчукпады. Ал кечинде уйго келип тамактанып отуруп
- Алтынай сен Азамат менен кадайча...,.мен анын созун акырына чыгарбай илип кеттим.
- Сенин айындан! дедим ага тик карай. Ал мени унчукпай эле тиктеп отуруп калды. Башка эч нерсе сурабады. Ундобой чайын ууртап отура берди.. Бир аздан кийин Мен озум, Алмазга болгон окуяны баарын бир чекеден айтып бердим. Ал ойлонгон бойдон эле, тамагыны жеп буткондуктон, ордунан туруп аркы уйго телевизор коргону кирип кетти. Мен жумуштарымды буткоруп журо бердим. Алмаздын эртен жумушка кийуучу койнокторун утуктоп жатсам ал менден козун албай тиктеп отуруптур. Мен бутуп кухняга кирип кеттим. Бир убакта ал келип мени артыман кучактап мойнумдан жыттагылап кирди.
-Ал-маз, дедим мен ага бурула карап. Экообуз тиктешип турдук. Ал мени кумарлуу коздору менен тиктеп мандай чачымды аркага сылады да
- Алтынай сени мендей эч ким суйо албайт! деди. Мени кокурогуно кучактап бекем кысып, унчукпай турду да чачыман жыттай
- Сен учун ар кандай жолго барып болсо да, баары бир сени озумдуку кылмакмын деп мени ээгимден алып озуно каратты. Экообуз бири бирибизге кумарлана тиктешип турдук. Ал мени эринимден ооп баштады. Мен акырын анын мойнунан кучактай, козумду жумдум. Бир убакта ал мени эки колуна которуп алып уктоочу болмого кирип диванга жаткырды. Алмаз мени коргошундай эритип, бут денемди балкытып экообуз махабат отуна сунгуп кирип кеттик!
Ноябрь айы куздун эн акыргы айы. Эрте менен, кечкисин суук болуп адамдар жылуу кийимге ото баштаган. Жалбырактар саргайып гуулуп тушуп бутойун деп калган мезгил болчу.Ошондой кундордун биринде жумушта отуруп туштонуудон кийин конулум айланып жегендеримдин баарын сыртка чуркап чыгып кусуп салдым. Башым бул жолу башкача айланды. Эч нерсе оюмда жок кабинетке кайра кирсем аялдардын коздору жайнап, баары эле мени карап калышыптыр
-Алтынай куттуктайбыз! деп калды Айгул эже мени карап. Мен тушунбой калдым.
- Эмнеге?
- Эмнеге кусуп жатканынды озун билбей жатасынбы?
Мен эми тушундум. Оозумдан чыккан биринчи соз ушул болуптур.
-Аа жок! Койгулачы азыр эрте! азыр керек эмес! деп турган ордумда аялдарга эркелей кылыктана жерди тепкилеп бир эки секирип жиберипмин.
-Ой! кантет бул кыз? Жакшына суйлочу деп жиберди Гуля Эштаевна. Аны баары коштоп ар кимиси ар нерсени айтып, мага акыл уйротушуп, кенештерин берип калышты. Акырында баары мени
-Врачка барып корунчу биринчи? Анан Алмазына суйунчуло деп калышты.
Мен азырынча врачка бара элекмин. Бирок чын эле боюмда бар экенин сезип журдум. Алмазга аны айта элекмин.
Айла жок тагдырга баш ийет экенсин! Чынын айтсам Аманымды кобунчо, кабинетте эскерем. Алмаз козумо коп кадалып тиктегендиктен уйдо Аман жонундо ойлонуштан корком! Ичимден кээде Алмаздын качан кызганыч оруусу башталат экен деп да коркуп кетем. Айнагул чон энемдей болуп, куйоону кандай караш керек, кандай конулун алыш керек деп кулагыма куя бергендиктенби, мен деле Алмазга жакшы эле мамиле кылам. Мен Алмазга турмушка чыкканымдан кийин мага акыл насаат айтпаган адам деле калбады окшойт. Ошолордун таасириненби билбейм, мен азыр Алмазды куйоом катары жакшы эле сыйлап келатам.
Бир жолу Алмаз уч кунго жумуштары аркылуу алыска жоноп кеткен эле. Гулмира меникине келип экообуз жашап журдук. Алмаз уч кун отсо деле жок. Же мага ошентип койгонбу билбейм, ал бир жума дегенде келди. Мен ошондо чындап эле Алмазды сагынып калганымды сездим. Нике ысык болот десе тушунчу эмесмин, ал созго эми тушундум. Ал келгенде мойнуна асыла тосуп алдым да, копко чейин аны коё бербей, мойнунан эркелей жыттап турдум. Гулмиранын создоруно эми конул бура баштадым. Ал Алмаздын дене мучосу келишимдуу, чыныгы эркек деп калчу. Бир куну эрте менен турсам ал шымынан жогору жагына эч нерсе кийбей эле кузгунун алдында туруптур. Мен ошондо анын дене мучосуно суктана карап турдум да артынан барып далысынан сыйпалай ооп койдум.
Бугун туну уктап жатып аябай жаман туш кордум. Тушумдо Аман мага келип чийки эт берди. Мен ал этти колума алсам эле устулорум колдорум бут кан болуп кетти. Бизди коруп Алмаз чуркап келди да Аманды бычак менен ичине сайып салды. Амандын устулору кан болуп жерге жыгылды. Мен
- Аман! олбо! олбо деп кыйкырып аны колунан тартып тургузуп жаттым. Кыйкырып жатам ыйлап жатам бир убакта унум чыкпай буулугуп жаттып онумдо да Аман! деп каттуу кыйкырып жиберипмин. Алмаз ойгонуп кетип эле мени кучактап
- Алтынай, эмне болду деп мени турткулоп калды.
-Аман, олбо, олбо,
деп суйлонуп атып ойгондум. Алмаз менин козумдун жашын аарчып жатып.
-Эмне болду Алтынай жаман туш кордунбу деп калды.Мен ага унчукпай эле башымды ийкеп койдум.
Эрте менен туруп жумушка жоноордун алдында экообуз отуруп чай ичип калдык. Менин журогум тынч эмес. Бир убакта Алмазга карадым да
- Алмаз, дедим. Ойлоно ага карап
-Алмаз, Аман келет окшойт дедим жай гана. Ал бул созумду укканда чочуп кетип шарт башын которуп, мага коздорун чон ачып карап калды. Бир аздан сон
-Тушко ишене бербеш керек деп, койду.
- Билбейм Алмаз менин тушторум ..деп барып, кайра унчукпай калдым. Алмаз да мага билдирбегени менен катуу ойлонуп жатты. Алмазды коруп, ичимен эгер Аман чындап келе турган болсо, мумкун Алмаздын да тушуно киргендир деп, ойлоп койдум.
Кийин мен Алмазга ушул созду айтпай эле койбоптурмун деп, копко чейин окунуп журдум. Алмаз экообуз ордубуздан туруп жумушка жоноп калдык. Экообуз суйлошуп отуруп кеч калып кетиптирбиз. Сыртка чыксак кеч куз болгондуктан жамгыр майдалап жаап жатыптыр. Алмаз мени машина менен жумушка таштап койду. Дарбазадан киргенден кийин артыма бурулуп карасам Алмаздын машинасы дагы деле жылбай ордунда туруптур.
Мен коридордо баратып журогумдун дукулдоп каттуу сокконун сезип жаттым Эшиктин алдына келгенде бир жолу оор дем алдымда, эшикти ачып ичкериге кирдим. Карасам менин столумда Аман отуруптур.
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев