Эне азада бою же сүмбүл мүчөсү келишкен бир дарак болсо, перзент – ал дарактын сулуулугунан жаралган мөмөсү жана натыйжасы. Саади
Күндөн сурашыптыр: “Сенин табыңдан өткөн тап барбы?” – дешип. “Бар, – дептир ал, – бул – эненин мээрими”. Өлүмдөн сурашыптыр: “Сага тең келе турган күч барбы?” – дешип. “Бар, – дептир ал, – бул – эненин мээрими”. Эл нускасы
Казактар: “Энеси бар адамдар эч качан кор болбойт”, – дешсе, кыргыздар: “Эне сүтүн актоо – унутулгус карыз”, – дешет…
Комментарии 3