KG'ге 26 жаштагы уулу Урмат Бейшенбековдун абалы күндөн-күнгө оорлоп жатканын билдирди. "Урмат 4 баламдын эң улуусу, азыр 2 баланын атасы. Орусияда оор жумуштарда иштеп жүрүп 2 бөйрөгү иштебей калды. Москвада катуу ооруганынан ооруканага барса, дарыгерлер "тез аранын ичинде өз жериңе кет, илдетиң олуттуу" дешкен экен. Бул жакка келгенден кийин дарыгерлер текшерип көрүшүп, эки бөйрөгү тең соолуп баратканын, тез аранын ичинде операция жасатуу керек экенин айтышкан. Бул үчүн 30 миң доллар керектелет. Андан бери 6 ай өттү, өз алдыбызча бул каражатты топтой албай жатабыз, баламдын өмүрүн сактап калуу үчүн ар бир күн маанилүү", - дейт Абдыраимова. Урмат учурда гемодиализ менен күн өткөрүп келет. Ал илдетке кабылгандан кийин үй-бүлөсү менен борборго келишип, батирде жашашат. Гемодиализ үчүн жумасына 21 миң сом керектелет. Урматтын атасы борборго келип кароолчулук жумушка орношкон. Асылкүл Абдыраимова болсо айылдык мектептин китепканачысы болуп иштечү. Урматтын 2 иниси, 1 карындашы бар. Бир туугандарынын экөө студент, бирөө мектеп окуучусу. "Буга чейин туугандарыбыз дары каражаттарга жардам берип келди, бирок ар кимдин өзүнүн жашоо-тиричилиги бар. Кайра-кайра жардам сурай албай калдык. Баламдын дем алуусу оорлошуп, денесинин баары шишип кетти. Анын кыйналганын көргөн сайын баарыбыз кыйналабыз. Мага баламдын өмүрүнөн башка эч нерсе маанилүү болбой калды. Кудай буюруп, операцияга каражат табылып калса уулубузга мен да, атасы да бөйрөгүбүздү берүүгө даярбыз", - деп кошумчалады Абдыраимова. https://www.super.kg/sonku_kabar/news/192847/
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Нет комментариев