✍Жаныңызда жүргөн кишилерди баалай билиңиз! Ал ата-энеңиз, тууганыңыз, досуңуз, сырдашыңыз, жакшы көргөн адамыңыз, курдашыңыз ж.б. Ал киши бүгүн бар болуусу мүмкүн, эртең бар болуусу мүмкүн, аркы күнү бар болобу жокпу белгисиз?! Кийин ал сизден алыстап кетсе жашоого баш чайкап калбаңыз.! Өмүрдө эч нерсени түбөлүк деп карабаңыз! Акча дагы, ал сизде азыр бар болушу мүмкүн, кийин жок болуп кетүүсүнө ким кепил?! Жада калса, мен да, муну окуп жаткан сиз да түбөлүк эмеспиз! Ата-энеңизди, бир тууганыңызды жакын жакшы көргөн адамдарыңызды сагындыңызбы, жай гана кабарын алыңыз, издеңиз, сагынып кеттим сени деңиз! Атаке, апаке сиздерди абдан жакшы көрөм деп күндө смс жазыңыз! Ичте болгон сезимиңизди убагында айтып үйрөнүңүз! Кийин кеч болуп калбоосу үчүн! Эч нерсе деле маанилүү эмес, акча, атак-даңк, мансап, байлык, сулуулук, менмендик, көкүрөк көтөрүү, машина, кымбат сотка, кымбат кийим, кымбат үй...
```Болгону сезим ата-энеге деген, бир тууганга, сүйгөн адамга, дос-курдашка, тууганга деген, өмүрүңүздөгү дагы башка адамдарга деген сезим маанилүү. Сезим – жакшы көрүү, сагынуу, издөө, ал адам үчүн айланчыктоо, боорукердик, мээрмандык, адалдык, достук ж.б. көп боло берет айта берсе...!
Сезими жок жашоо бош жашоо! Кийин бармагыбызда тиштеп калбайлы! Эч кимди ачуулантпай, эч кимди жамандабай, эч кимге ачууланбай, кек сактабай, көргөндө сагына көрүшүүгө, ойноп-күлүп тамашалашып жүрүүгө эмне жетсин чиркин! Өмүрүбүздө акчабыз көп болгончо кулаганда сөз айтпай турчу, ооруганда жүгүрө турчу, ыйлаганда соорото турчу, муңайганда күлдүргөн, кыйналганда жардамдашкан, боорукерибиз, жаныбыздагы жакшыларыбыз көп болсун!
Адамдарга сиз эмне берсеңиз алар сизге эки эсесин берет! Өзүңүз сыйлуу болгуңуз келсе, издөөсүн, сагынуусун кааласаңыз алгач өзүңүз орундаңыз ошол ишти. Көөдөнүңүздөгү өзүмчүлдүктү тыйыңыз.``` *«Жазса өзү жазсын, издесе өзү издесин, мени эч ким издебейт, мен эмнеге аны издешим керек»* ```деп айтасыз билем. Өзүн төмөн кармаган адамдын кадыры бийиктейт дешкен. Ооба, туура, адамдарды кубантууга, жакшылык кылууга, жылуу сөз айтууга аракет кылалы! Сиздин жылуу сөзүңүз анын бүткүл өмүрүн өзгөртөт чыгар балким?!
Барды баалайлы!!!! 😘😘😘#өмүркыска#бардыкнерсенибаалайлы#менсенисүйөмөмүр#
Присоединяйтесь к ОК, чтобы посмотреть больше фото, видео и найти новых друзей.
Комментарии 11